YouVersion Logo
تلاش

Лука 17

17
Азгырыктар
1Ыйса шакирттерине дагы мындай деди:
– Күнөөгө батырган азгырыктар сөзсүз келет, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору куруйт. 2Мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батыргандан көрө, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок. 3Ошондуктан өзүңөргө этият болгула. Эгер боордошуң сага жамандык кылса, зекип кой. Эгер күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир. 4Эгер ал бир күндө жети ирет#17:4 Сансыз көп жолу. сага жамандык кылып, кайра жети ирет күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.
Ишеним жөнүндө
5Элчилери Ыйсага:
– Ишенимибизди арттырчы! – дешти.
6Эгебиз аларга мындай жооп берди:
– Эгер сары кычынын данындай ишенимиңер бар болсо, мына бул турган тыт дарагына: «Тамырың менен жулун да, деңизге олтургузул!» десеңер, тилиңерди алат эле.
Кудайга кызмат кылуу жөнүндө
7Ыйса дагы мындай деди:
– Араңардан бирөөнүн жер айдаган же кой кайтарган кулу болсун дейли. Кул талаадан келгенде, ага: «Тез келип, дасторконго өт!» дейби? 8Тескерисинче: «Мага тамак бер! Тамактанып бүткөнүмчө, мени тейлегин, андан кийин өзүң тамактанарсың!» дебейби? 9Ал буйругун аткарганы үчүн кулуна алкыш айтмак беле? 10Ошол сыяктуу, силерге берилген буйруктардын баарын аткарган соң: «Биз эч нерсеге арзыбаган кулдарбыз. Милдетибизди гана аткардык», – дегиле.
Пес оорусунан айыккан он киши
11Ыйса Самария менен Галилея аймактарын аралап өтүп, Иерусалимге жол тартты. 12Ал бир айылга жакындаганда, пес менен ооруган он адамга туш болду. Алар оолак туруп алышып:
13Эй, устат! Ыйса, бизге ырайым эт! – деп кыйкырышты.
14Ыйса аларды көрүп:
– Баргыла, денеңерди динкызматчыларга көрсөткүлө! – деди.
Алар жолдо баратышканда, денелери пестен айыгып калды. 15Бирөөсү айыкканын көрүп, Кудайды кыйкыра даңктап, кайтып келди да, 16Ыйсанын бутуна жыгылып, алкышын жаадырды. Бул киши самариялык болчу. 17Ошондо Ыйса:
– Айыккандар он киши эмес беле? Калган тогузу кайда? 18Мынабу башка уруулуктан башкалары Кудайга мактоо айтыш үчүн келишкен жокпу? – деди.
19Анан айыккан адамга кайрылып:
– Тур, бара бер, сени ишенимиң айыктырды, – деди.
Ыйсанын экинчи жолку келиши жөнүндө
20Фарисейлер Кудай Падышачылыгынын качан келишин сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: 21Кудай Падышачылыгы көзгө көрүнүп келбейт. «Бул жерде» же «тигил жерде» деп да айтууга болбойт. Мынакей, Кудай Падышачылыгы силердин эле араңарда.
22Ыйса шакирттерине карап, мындай деди:
– Адам Уулу менен өткөргөн күндөрдүн бирин көрсөк деп эңсеген кез келет, бирок көрө албайсыңар. 23Ошондо силерге: «Машаяк тигил жакта» же «бул жакта» дешет. Бирок аларга барбагыла да, ээрчибегиле. 24Анткени Адам Уулу Өзүнүн келер күнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин жарык кылган чагылгандай баарына айкын көрүнөт. 25Бирок адегенде Ал көп азап чегип, бул уруу тарабынан четке кагылышы керек. 26Нухтун убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. 27Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. Бирок топон суу келип, баарын басып калды. 28Лот жашаган убакта да ушундай болгон: баары жешкен, ичишкен, соода-сатык жүргүзүшкөн, эгин эгишкен, үй салышкан. 29Бирок Лот Содом шаарынан чыккан күнү асмандан от аралаш күкүрт жаап, баарын кыйратты. 30Адам Уулу келген күнү да так ошондой болот. 31Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө жүрсө, үй ичинде калган буюмдарымды алып чыгам дебесин, ким талаада жүрсө, артына кайтпасын. 32Лоттун аялын эстегиле! 33Жанын сактоого аракеттенген адам, жанынан айрылат, ким жанын Кудай үчүн аябаса, аны сактап калат. 34Силерге айтып коёюн: ошол түнү бир үйдө жаткан эки адамдын бири алынат, экинчиси калтырылат. 35Жаргылчак тартып олтурушкан эки аялдын бири алынат, экинчиси калтырылат.#17:35 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
37Ошондо шакирттери Ыйсадан:
– Эгебиз, бул кай жерде болот? – деп сурашты.
– Тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи, – деп жооп берди Ыйса.

موجودہ انتخاب:

Лука 17: КЫРИ

سرخی

شئیر

کاپی

None

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in