YouVersion Logo
تلاش

Лука 18

18
Кудайдан сураган алат
1Ыйса шакирттерине дайыма сыйынып, кайгыга чөкпөө керектигин насааттап, мындай ибаратты айтты:
2Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдардан да уялбаган казы болуптур. 3Ошол эле шаарда дагы бир жесир аял турчу экен. Ошол аял казыга улам-улам келип: «Доочумдан мени коргой көрүңүз!» – деп суранат. 4Бирок көпкө чейин казы аны коргогусу келбеди. Акырында ал ичинен: «Мен Кудайдан да коркпойм, адамдардан да уялбайм. 5Бирок мына бул жесир мага тынчтык бербей жатканы үчүн коргоп коёюн, антпесем кайта-кайта келе берип, тажатат», – дейт. 6Ыймансыз казынын айтканын көрдүңөрбү, – деди Эгебиз сөзүн аяктап жатып. – 7Ал эми Кудай Өзүнө күнү-түнү жалбарып турган, Ал Өзү тандап алган пенделерин коргобой, анан зарыктырмак беле? 8Силерге айтып коёюн: Кудай аларга коргоону маалкатпай жиберет. Бирок Адам Уулу келгенде жер бетинен ишенимди табар бекен?
Өзүн көтөргөн басынтылат, төмөн кармаган көтөрүлөт
9Өздөрүн такыбаа санашып, өзгөлөрдү өйдөдөн карашкан кээ бирөөлөргө Ыйса мындай ибаратты айтты:
10Эки адам сыйынуу үчүн ийбадатканага барышыптыр: бири фарисей, экинчиси салыкчы экен. 11Фарисей туруп алып, мындай деп сыйынат: «Оо, Кудай! Мен башкалардай талап-тоногуч, адамдарды какшатып жабыр тарттыргыч, нике бузгуч же мынабу турган салыкчы сыяктуу болбогонума шүкүр! 12Бир жумада эки жолу орозо кармайм, бардык кирешемдин ондон бирин сага берем». 13Арт жагында турган салыкчы болсо башын көтөргөнгө да батына албай, капаланып, көкүрөгүн койгулап:#18:13 Көкүрөгүн койгулоо: өкүнүү, күнөөнү моюнга алуу. «Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!» – деп сыйынат. 14Силерге айтып коёюн: фарисейден көрө, бул киши үйүнө акталып кайтат. Анткени өзүн көтөргөн ким болбосун басынтылат, ал эми өзүн төмөн кармаган ар ким көтөрүлөт.
Кудай Падышачылыгын наристедей кабыл алуу керек
15Колун коюп, батасын берсин деп, Ыйсанын алдына балдарды да алып келишти. Шакирттери муну көрүп, алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 16Бирок Ыйса балдарды жанына чакыртып, шакирттерге айтты:
– Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку. 17Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт, – деди.
Бай адам
18Башчылардын бири Ыйсадан:
– Оо, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? – деп сурады.
19Ыйса ага минтип жооп берди:
– Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 20«Ойноштук кылба, киши өлтүрбө, уурулук кылба, жалган күбө болбо, ата-энеңди сыйла!»#18:20 Чыгуу 20:12 – 16; Мыйз. 5:16 – 20. деген осуяттарды билесиң да.
21Булардын баарын жаштайымдан сактап келатам, – деди башчы.
22Ыйса муну укканда:
– Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, – деди.
23Ал муну укканда, катуу кайгырды. Анткени ал абдан бай эле. 24Ыйса анын терең кайгырганын көрүп:
– Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! 25Байдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнөн көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой, – деди.
26Муну уккандар:
– Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? – дешти.
27Ыйса:
– Адамдын колунан келбеген менен, Кудайдын колунан келет, – деди.
28Петир болсо:
– Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, – деди.
29Ыйса шакирттерине:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгы деп, үйүн, аялын, туугандарын, ата-энесин, балдарын таштап чыккан адам 30бул дүйнөдө андан да көп эсе жакшылык таап, акыретте болсо түбөлүк өмүргө ээ болот, – деди.
Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы
31Ыйса он эки шакиртин жанына чакырып алып, аларга:
– Биз азыр Иерусалимди көздөй баратабыз. Ошол жерде Адам Уулу тууралуу жазылган бардык пайгамбарчылык сөздөр ишке ашат. 32Аны башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Алар Аны кордоп, шылдыңдашат, бетине түкүрүп, 33сабашат, аягында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет, – деди.
34Бирок шакирттери Ыйсанын айтканынан эч нерсе түшүнүшпөдү. Бул сөздөр алар үчүн купуя сыр эле, ошондуктан айтылган сөзгө маани беришкен жок.
Сокурдун айыгышы
35Ыйса Иерихон шаарына жакындап калганда, жолдун четинде бир сокур кайыр тилеп олтурган эле. 36Алдынан топураган эл өтүп бара жатканын угуп:
– Эмне болуп кетти? – деп сурады.
37Назареттик Ыйса өтүп баратат! – дешти Ага.
38Ошондо сокур:
– Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылагөр! – деп кыйкырып жиберди.
39Алдыда келе жаткандар болсо:
– Унчукпа! – деп тыюу салышты.
Бирок ал:
– Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылагөр! – деп, мурдагыдан да катуу кыйкырды.
40Ошондо Ыйса токтоп, сокурду жанына алып келүүнү буюрду. Сокур маңдайына келгенде, Ыйса андан:
41Сага эмне кылышымды каалайсың? – деп сурады.
Ал:
– Таксыр, көзүм көрүп калса экен! – деди.
42Ыйса ага:
– Көзүң көрсүн, ишенимиң сени айыктырды, – деди.
43Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Ал Кудайга алкышын жаадырып, Ыйсанын артынан ээрчиди. Муну көргөн элдин баары Кудайды даңкташты.

موجودہ انتخاب:

Лука 18: КЫРИ

سرخی

شئیر

کاپی

None

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in