Нухтун убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. Бирок топон суу келип, баарын басып калды.