Лука 16
16
Акылдуу кул
1Ыйса шакирттерине кайрылып мындай деген ибарат айтып берди:
– Бир бай болуптур. Анын үй чарбасын башкарган кызматчысы бар экен. Ага ошол кызматчысы тууралуу: «Мүлкүңдү ысырап кылып жатат!» – деген сөз жетет. 2Муну укканда, ал кызматчысын чакырып: «Эмне үчүн сен жөнүндө ушундай сөз жүрүп жатат? Кылган ишиңдин эсебин бер. Эми мындан ары бул кызматта иштей албайсың!» – дейт. Ошондо үй чарбаны башкарган кызматчы ичинен минтип ойлонот: 3«Эмне кылсам? Ээм кызматтан алып жатат. Кара жумушка жокмун, кайыр сураштан уялам. 4Аа, кызматтан кеткен соң, адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн эмне кылуунун амалын таптым». 5Анан ээсине карыз болгондорду бир-бирден чакыра баштайт. Биринчисинен сурайт: «Ээме канча карызсың?» – 6«Жүз бочке май карызмын». «Тил катыңды ал да, тез отура калып, элүү деп жаз». 7Андан кийин экинчисинен сурайт: «А сен канча карызсың?» – «Жүз кап буудай». «Тил катыңды ал да, сексен деп жаз». 8Ээси кара ниет кызматчысын акыл таап кеткени үчүн мактады. Чынында эле бул дүйнөнүн адамдары өзүнө окшогондордун арасында жарыктын адамдарынан#16:8 Жарыктын адамдары: Ыйсанын жолундагылар. көрө тапкычыраак. 9Мен да силерге айтам: бул бейоопа дүйнөнүн байлыгын пайдаланып, дос күткүлө. Ошентип, бул байлыгың өтүп кеткенде, алар силерди бейиштен кучак жайып тосуп алышсын.
10Кичине иште ишенимдүү болгон киши, чоң иште да ишенимдүү болот. Кичине иште ишенимдүү болбогон киши, чоң иште да ишенимдүү боло албайт. 11Андыктан бул бейоопа дүйнөнүн байлыгында ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты силерге ким ишенип тапшырат? 12Эгерде силер башка бирөөгө караштуу байлыкта ишенимдүү болбосоңор, өзүңөрдүкүн силерге ким берет? 13Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу, Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!
Тоорат мыйзамы жана Кудай Падышачылыгы
14Мунун баарын угуп турушкан дүнүйөкор фарисейлер Аны шылдыңдап күлүштү. 15Ыйса аларга айтты:
– Силер өзүңөрдү адамдардын алдында такыбаа көрсөткүңөр келет, бирок Кудай силердин ниетиңерди билет. Себеп дегенде адамдар жогору баалаган нерсе, Кудай алдында жийиркеничтүү. 16Тоорат мыйзамы менен пайгамбарлардын доору Жакыяга чейин созулду, андан бери Кудай Падышачылыгы жар салынып жатат жана баары ага өз күчү менен кирүүгө аракеттенип жатышат. 17Бирок Тоораттын бир чекити жоголгуча, асман менен жердин жок болуп кетиши оңой.
18Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.
Тиги дүйнөдөгү бай менен кедей
19Бир бай киши болуптур. Ал кымбат чапан менен шайы көйнөк кийип, күндө шапар тээп жыргачу экен. 20-21Ошондой эле Лазар аттуу бир кедей болуптур. Бүткөн боюн жара баскан ал бай жеген тамактын калдыктарына зар болуп, анын дарбазасынын жанында жатканда, иттер келип жараларын жалашчу экен. 22Бир күнү бул кедей каза болуп, периштелер аны Ыбрайым жаткан жайга алып барып коюшат. Бай да өлүп, көргө коюлат. 23Тозокто кыйналып жатып, бай көзүн ачып карап, Ыбрайымдын жанындагы Лазарды көрөт. 24Ошондо мындай деп жалынып жиберет: «Ыбрайым ата, мени аяп, Лазарды жиберип коюңузчу, колунун учун сууга малып, тилиме тамызып койсун, мына бул от-жалындан катуу кыйналып жатам». 25Бирок Ыбрайым мындай дейт: «Эй, балам, тирүүңдө кандай жашаганыңды эстечи: сен жыргадың, ал эми Лазар болсо куурады. Бирок азыр ал бул жерден сооронуч тапты, а сен болсо кыйналып жатасың. 26Анын үстүнө бул жактан силер жакка, силер жактан биз жакка өткүсү келгендер өтө албас үчүн ортобузга түпсүз туңгуюк орнотулган». 27«Ата, андай болсо аны менин атамдын үйүнө жиберип коюңузчу, 28беш бир тууганым бар эле, ошолор да бул азаптуу жайга келбес үчүн жакшылап эскертип, күбө болуп берсин», – деп суранат бай. 29Ыбрайым болсо мындай дейт: «Аларда Муса менен башка пайгамбарлар бар эмеспи, ошолорду билишсин». 30«Жок, Ыбрайым ата, – дейт бай, – эгер өлгөндөрдөн бирөө аларга барса, алар ниеттерин өзгөртүшөт». 31Ошондо Ыбрайым айтат: «Муса менен пайгамбарларга кулак салбаган алар тирилип барган адамга да ишенишпейт».
موجودہ انتخاب:
Лука 16: КЫРИ
سرخی
شئیر
کاپی
کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018