Лука 15
15
Күнөөкөр ниетин өзгөртсө, көктөгүлөр кубанат
1Бир күнү көптөгөн салыкчылар менен ар кандай күнөөкөр адамдар Ыйсанын жанына Анын сөзүн укканы келишти. 2Ошон үчүн фарисейлер менен дин мугалимдери: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бир дасторкондон тамак жейт экен!» – дешип, нааразы болушту. 3Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди:
– 4Эгер араңардагы жүз кою бар бирөөнүн бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун ээн талаага таштап, жоголуп кеткенин тапкыча кыдырып издебейби? 5Таап алган соң, кубанычы койнуна батпай, койду ийнине артып, 6үйүнө келет да, жоро-жолдошторун, коңшу-колоңун чакырып: «Жоголгон коюмду таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» – дейт. 7Силерге айтып коёюн: ниетти өзгөртүүнүн кажети жок деп, өздөрүн такыбаа санаган токсон тогуз адамдан көрө, ниетин өзгөрткөн бир күнөөкөр үчүн көктөгүлөр көбүрөөк кубанышат.
8Же болбосо, он күмүш теңгеси бар аял теңгелеринин бирин жоготуп алса, шамдарын күйгүзүп, үйүн шыпырып-сыйрып, тапмайынча кылдаттык менен издебейби? 9Тапкан соң, курбу-курдаштары, коңшу-колоңдорун чакырып алып: «Жоготкон теңгемди таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» – дейт. 10Ошондуктан силерге айтам: бир күнөөкөр ниетин өзгөртсө, Кудайдын периштелери зор кубанычка бөлөнүшөт.
Адашкан уул
11Ыйса дагы мындай деди:
– Бир адамдын эки уулу болуптур. 12Бир күнү кенже уулу: «Ата, менин энчимди бериңиз!» – дейт. Ошондо атасы бар дүнүйөсүн балдарына бөлүп берет. 13Көп өтпөй кенжеси өзүнө бөлүнгөн энчинин баарын алып, алыс жерге кетип калат. Ал жерден өз билгениндей жашап, колундагы дүнүйөсүн чачып жок кылат. 14Ошол кезде ал жерде катуу ачарчылык болуп, бул бала да ач-жылаңач калат. 15Анан ошол өлкөнүн бир тургунуна барып, жалчы болуп орношот. Жалдап алган киши аны талаага жиберип, чочколорун кайтартып коёт. 16Ал бала чочколор жеген кабык менен курсагын тойгузууга зар болчу экен, бирок аны да ага эч ким ыраа көрбөптүр. 17Бир күнү ал эсине келип, минтип ойлонот: «Атамдын канчалаган малайлары нанды кенен жеп жүрүшөт, а мен болсом бул жерде ачкадан куурап, өлө турган болдум. 18Кой, атама барайын да: „Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. 19Эми мен сиздин уулуңуз деп аталууга да татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын катарына кошуп алыңызчы“, – дейин». 20Ошентип ал атасына жөнөйт. Ал үйүнө жете электе, тээ алыста келе жатканда эле атасы аны көрөт. Көргөндө ичи элжиреп, алдынан чуркап чыгып, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт. 21Уулу болсо ага айтат: «Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. Эми мен сиздин уулуңуз аталууга да татыксызмын!» 22Бирок атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: «Балама тезирээк эң мыкты кийим алып келип, үстүнө жапкыла, колуна мөөрлүү шакек салгыла, бутуна өтүк кийгизгиле! 23Бордолгон ноопазды жетелеп келип, сойгула! Жеп-ичип, тойлойлу! 24Себеби менин бул балам өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды!» Анан баары тойлой башташат.
25Бул убакта улуу баласы талаада жүргөн. Ал талаадан кайтып келатып, үйүнө жакындаганда ыр-күү менен бийлеп-чордогондордун добушун эшитет. 26Малайлардын бирин чакырып алып: «Эмне болуп жатат?» – деп сурайт. 27«Иниңиз келди. Атаңыз аны аман-эсен көргөнү үчүн бордолгон ноопазын сойду», – деп жооп берет малай. 28Ошондо ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, өтүнсө да көнбөй, ага: 29«Канча жылдан бери кызматыңызды кылып келатам. Бир да жолу сөзүңүздү эки кылбадым. Бирок сиз досторум менен отуруп, көңүл ачуум үчүн жок дегенде бир улак да берген эмес элеңиз. 30Ал эми бузулган аялдар менен бирге сиздин мүлкүңүздү жалмап салып келген мына бул балаңызга бордолгон ноопазды союп бердиңиз», – дейт. Анда атасы мындай дейт: 31«Ээ, балам, сен ар дайым жанымдасың да. Менин мал-мүлкүмдүн баары сеники. 32Бирок бүгүн кубанып, тойлош керек. Себеби сенин бул иниң өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды».
موجودہ انتخاب:
Лука 15: КЫРИ
سرخی
شئیر
کاپی
کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018