YouVersion Logo
Search Icon

Рут 4

4
Обоздун Рутка үйлөнүшү
1Обоз шаар дарбазасынын алдына барып олтурду. Караса, өзү Рутка айткан каралашар тууганы жанынан өтүп баратыптыр. Обоз ага: «Кел, бул жерге олтур», – деди. Ал жанына келип, олтургандан кийин, 2Обоз шаар аксакалдарынан он кишини чакырып алып: «Жаныбызга олтурсаңыздар», – деди. Алар келип олтурушту.
3Ошондо Обоз тууганына мындай деди:
– Маап жеринен кайтып келген Нагима тууганыбыз Элимелекке таандык жер үлүшүн сатып жатат. 4Аны сага кулак кагыш кылайын дедим: Бул жерде олтургандардын жана эл аксакалдарынын алдында ошол жерди сатып ал. Кааласаң, сатып ал, сатып алгың келбесе, ачыгын айт, мен билгендей болоюн. Себеби каралаша турган эң жакын тууганы сенсиң, сенден кийинки кезек меники.
Анда тууганы:
– Жарайт, сатып алайын, – деди.
5Ошондо Обоз:
– Эгер Нагимадан жерди сатып алсаң, анда маркумдун мааптык жесири Рутту да аялдыкка алышың керек. Уулдуу болгонуңарда, жер үлүшү маркумдун наамында калат, – деди.
6Анда тууганы:
– Андай болсо, туугандык милдетимди аткара албайм, өз мүлкүмдү жоготуп алам. Андан көрө, бул милдетти сен аткар, мен аткара албайм, – деп жооп берди.
7Мурун Ысрайылда мындай салт боло турган: эгер бирөө мал-мүлкүн башка бирөөгө өткөрүп берсе же алмашса, муну ырастоо үчүн бут кийимин чечип алып, келишкен кишисине берчү.
8Тууганы Обозго «бул милдетти сен аткар, мен аткара албайм», деди да бут кийимин чечип, ага берди.
9Ошондо Обоз тегерегиндеги аксакалдар менен атпай журтка карап мындай деди:
– Бүгүн мен Нагимадан Элимелектин, Килиён менен Махлондун бүт менчигин өткөрүп алдым. 10Мен маркумдун тукумун улап, ага мүлкүн түгөл калтыруу үчүн Махлондун жесири мааптык Рутту аялдыкка аламын. Маркумдун аты өз туугандары менен шаар ичинде өчпөй аман сакталат. Силер бүгүн буга күбөсүңөр.
11Аксакалдар жана дарбаза алдында турган бардык адамдар:
– Ооба, күбөбүз. Жараткан Эге үйүңө кире турган бул аялды ысрайылдын тукумун улаган Рахел менен Леядай кылсын! Эфратада байлыгың ашып-ташысын, Бейт-Лехемде атагың арта берсин! 12Жараткан Эге ушул жаш аялдан улана турган урпагыңды Тамар Иуда бабабызга төрөп берген Перестин урпагындай кылсын! – деп батасын беришти.
Дөөт падышанын санжырасы
13Ошентип Обоз Рутка үйлөндү. Жараткан Эге жалгап, Руттун боюна бүтүп, уул төрөдү. 14Аялдар Нагиманы куттуктап: «Жаратканга алкыш! Ал сени мураскорсуз калтырган жок. Баланын атагы ысрайылга жайылсын! 15Ал жашооңо жаңы дем берет, карыганыңда каралашат. Себеби аны өзүңдү жакшы көрүп, жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди!» – дешти.
16Нагима наристени колунан түшүрбөй бооруна кысып бакты. 17Коңшу аялдар: «Нагима уулдуу болду», – дешип, ага Абыт деген ат коюшту. Абыт Жышайдын атасы, Дөөттүн чоң атасы болду.
18Перестин санжырасы мындай: Перестен Хесрон, 19Хесрондон Рам, Рамдан Аминадап, 20Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон, 21Салмондон Обоз, Обоздон Абыт, 22Абыттан Жышай, Жышайдан Дөөт туулду.

Currently Selected:

Рут 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in