Эстер Кириш сөз
Кириш сөз
I. Тарыхый абал
Эстер китеби көп тараптан уникалдуу китеп. Бул китепте белгилүү бир тарыхый учурдагы Персия империясынын жашоосу тууралуу кызыктуу маалыматтык материал жазылган. Китепте жазылган окуялар Ысрайыл элинин көп бөлүгүнүн бөтөн жерде туткундан Палестинага кайтып кеткенден кийинки убак жазылган (Ыйса Машаяк төрөлгөнгө чейин 539–331 жж.). Ошол заманда жашаган Ышая, Жеремия пайгамбарлар элди мекениңерге кайтып баргыла деп айтканына карабастан (Ыш. 48:20; Жер. 51:6), ысрайылдардын кээ бирлери өз жерине кайтып барууну каалашкан жок. Эстер менен Мордохай да ата журтуна кайтып кетпей, калып калган эврейлерден болгон. Эстер китебинде сөз болгон Персия падышасы байыркы тарыхый булактарда ар түрдүүчө аталат, ошондуктан Библиянын котормолорунда да ар кандайча аталып калган. Орус тилиндеги Библияда ал Ахашверош деп аталган. Адатта ал Ахашверош деген ысым менен белгилүү. Ошондой эле бул адамды Ахашверош, Агасвер деп да атап келишет. Бул падыша Персия империясында Ыйса Машаяк төрөлгөнгө чейин 485–465 жылдары бийлик кылган.
II. Китептин өзгөчөлүгү
Эстер китеби Библиядагы Кудайдын ысымы аталбаган жападан жалгыз китеп. Инжилден да Эстер китебинен цитаталарды жолуктура албайбыз. Бул китепте Мусанын мыйзамдары тууралуу да, курмандык чалуулар жөнүндө да сөз болбойт. Анткени Персия империясында олтурукташып калган иудалар мыйзамды аткарууну унутуп, Кудайдан да алыстап кеткен эле. Алар өз милдетин аткаруудан – убадаланган жерге кайтып барып, ийбадатканада Яхвеге табынуудан баш тартышкан болчу.
III. Кимге, каерде, качан, кандай максатта жазылган?
Эстер китеби кимге жазылган? Китептин алгачкы окурмандары ким болгондугу белгилүү болсо, аны чечмелөө да оңоюраак болмок. Бул китепте качан жазылгандыгы тууралуу да эч кандай маалымат жок, ошондой эле, биринчи кезекте кимдерге жазылгандыгы жөнүндө да биле албайбыз. Кээ бир диний аалымдар Эстер китеби Персияда жазылып, анан Палестинага алып келинип, Байыркы Келишим китептеринин катарына киргизилген деп божомолдоп айтышат. Бирок, китептин автору Палестинада жашап, убадаланган жерге кайтып келген мекендештерин шыктандыруу үчүн, Персияда болуп өткөн окуяларды жазган деген экинчи пикир чындыкка жакыныраак болуп эсептелет. Кандай максатта жазылган? Албетте, бул чыгарма, өз жерине кайрылып баруудан баш тарткан адамдарды да Кудай Өз ырайымынан айырбайт деген ойду ысрайылдарга айтуу максатында жазылган. Ошондуктан, Эстер китеби улутту кайра түптөө жана туткунга чейин болгон Кудайга ийбадат кылуу системасын кайра калыбына келтирүү үчүн күрөшкөн эврейлердин шыктануусунун абдан зор булагы болуп калды. Анткени, иудалар корккон айланасындагы кас элдер Кудай тандаган элди эч ким жок кыла албастыгы тууралуу ой көңүл чордонунда турат. Ысрайылдын бир аз бөлүгү убадаланган жерден алыс жашаса да, бул элди Кудай Өзү колдоп турган. Эстер китебинде Ысрайылдын Кудайы жөнүндө ачык айтылбаса да, адамдар сөзсүз Ага табынуусу керектиги идеясы окурмандарга сиңирилет.
Currently Selected:
Эстер Кириш сөз: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018