Рут 3
3
Руттун кайнагасына каалоосун билдириши
1Бир күнү Нагима Рутка:
– Кызым, сага жакшы болушу үчүн жайлуу баш паана таап берсем кандай болор эле? – деп кулак кагыш кылды. 2– Сен малай кыздары менен бирге жүргөн Обоз – биздин тууганыбыз. Ал бүгүн кечинде кырманда арпа сапырат экен. 3Кана, жуунуп-таранып, жыттуу май сүйкөнүп, жакшы кийинип алып, кырманга бар. Бирок Обоз кечки ашын ичип-жегенче көзүнө көрүнбө. 4Ал уктайын деп жатканда, жаткан жерин билип ал. Кийин ошол жерге барып, жамынчысынын этегин көтөрүп, аяк жагына жатып ал. Андан ары эмне кылышты ал өзү сага айтар.
5– Айтканыңыздын баарын жасайм, – деп жооп берди келини. 6Анан кырман башына барып, (кайненесинин) энесинин тапшыргандарын орундатты.
7Ичип-жеп, көңүлү көтөрүлгөн Обоз үйүлгөн эгиндин этегине жатып, уктап калгандан кийин, Рут билдирбей жамынчысын акырын көтөрүп, аяк жагына жатып алды. 8Түн ортосунда Обоз чочуп ойгонду. Оодарылып караса, аяк жагында бир аял жатыптыр! Ал:
9– Сен кимсиң? – деп сурады.
– Мен малайыңыз Рутмун. Мени канатыңыздын алдына ката көрүңүз, каралашар тууганым эмессизби? – деп жооп берди ал. 10Ошондо Обоз мындай деди:
– Жараткан Эге сени жалгасын, кызым! Мынабу ийги ишиң мурунку жакшылыгыңдан ашып түштү! Сен бай болобу, кедей болобу, жаш жигиттердин арасынан өзүңө күйөө издеген жоксуң. 11Эми убайым жебе, кызым. Мен болгон суранычыңды аткарам. Шаар элинин баары сенин ыймандуу аялзаты экениңди билет. 12Менин сага караан болор кайнагаң экеним ырас. Бирок менден да жакының бар. 13Бүгүн ушул жерге түнө. Эртең ошол киши сага каралашууга макул болсо, анда жакшы, ошондой болсун. Эгер антүүдөн баш тартса, Кудай турат, анда сага каралашар киши мен боломун. Эми, таңга чейин жата тур.
14Ушинтип Рут ошол жерде таң атканча жатып, адамдар бири биринин өңүн тааный электе, үрөң-бараңда турду. Анткени Обоз «аялзатынын кырманга келгенин эч ким билбесин», деген эле. 15Анан Обоз: «Жамынчыңды жайып кармап тур», – деп ага алты табак арпа төгүп, түйүп-бууп туруп, Руттун аркасына көтөртүп ийди. Өзү болсо шаарды карай жөнөдү.
16Рут кайненесине келгенде, Нагима:
– Кандай болду, кызым? – деп сурады.
Келини ага тигил кишинин эмне кылып, эмне койгонун төкпөй-чачпай айтып берип:
17– Ал мага «кайненеңе куру кол кайтпа» деп, мынабу алты табак арпаны берип жиберди! – деп кошумчалады.
Ошондо кайненеси:
18– Иш эмне менен бүтөрүн билгенче коё тур, кызым. Бул киши бүгүн ушул ишти бүтүрмөйүнчө жаны жай албайт, – деди.
Currently Selected:
Рут 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018