YouVersion Logo
Search Icon

Матай 10

10
Он эки шакиртке берилген тапшырма
1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай кара күчтөрдү кууп чыга турган бийлик, ар кандай оорулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди. 2Булар Ыйсанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай: биринчиси Петир деп да аталган Ысман жана анын иниси Идрис, Зебедейдин уулу Жакып жана анын иниси Жакан, 3Филип жана Барталамей, Том жана Матай салыкчы, Алпейдин уулу Жакып жана Тадай, 4Ысман Динчил жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.
5Ушул он эки кишини Ыйса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди:
– Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле. 6Анын ордуна адашкан койлордой болгон Ысрайыл элине гана баргыла. 7Барганыңарда аларга: «Жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» – деп жар салгыла. 8Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле. 9Алтын, күмүш, жез акча да белбооңорго түйбөгүлө. 10Жолго баштык да, ашык кийим да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар.
11Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, алгач силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ошол жерден кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө. 12Босогону аттаарыңарда: «Тынччылык болсун!» деп, батаңарды бергиле. 13Эгер ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат. 14Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ошол шаардан же үйдөн чыгып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла. 15Чынын айтайын, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда, Содом менен Гомор шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.
Боло турган куугунтуктар жөнүндө
16Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жөнөтүп жатам. Ошондуктан жыландай кыраакы, көгүчкөндөй ак көңүл болгула. 17Адамдардан абайлагыла, алар силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. 18Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын жана элдин алдында күбөгө өтүп, Мен жөнүндө айтып бересиңер. 19Ошондо «кантип айтабыз, эмнени айтабыз» деп түйшүк тартпагыла. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет. 20Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт. 21Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет. 22Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат. 23Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Ысрайылдын шаарларын кыдырып чыккыча, Адам Уулу келип калат.
24Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес. 25Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Үй ээсин Бээлзебул#10:25 Бээлзебул – шайтандын дагы бир аты. деп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн андан бетер тилдебей коймок беле. 26Ошондуктан алардан коркпогула, анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 27Силерге караңгыда айтып жатканымды жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтылып жатканды үйдүн төбөсүнө чыгып алып жар салгыла. 28Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө, жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула. 29Эки чымчык бир аз эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо, алардын бири да топ этип жерге кулабайт. 30А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. 31Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.
Ыйсаны кабыл алуу жана Андан баш тартуу
32Ким Мени эл алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. 33Мени эл алдында четке какканды, Мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.
Ыйса бул дүйнөгө ажырым алып келди
34Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула! 35Мен тынчтык эмес, уулун атасынан, кызын энесинен, келинин кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим. 36Адам баласынын душмандары – өз үйүндөгүлөрү.#10:36 Михей 7:6. 37Атасын же энесин Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. Баласын же кызын Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. 38Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн, Мени ээрчиген адам да Мага жарабайт. 39Өмүрүн аяган адам аны сактамак турсун жоготуп алат, ал эми ким Мен үчүн өмүрүн жоготсо, ал аны кайрадан табат.
Чыныгы сыйлык
40Ким силерди кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. 41Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосу менен жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат. 42Шакирттеримдин эң кичинесин Менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

Currently Selected:

Матай 10: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in