YouVersion Logo
Search Icon

Матай 11

11
1Ыйса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да, Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү.
Ыйса жана Жакыя
2Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Ыйсага жиберип: 3«Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?»#11:3 Матай 3:11 – 12. – деп суратты.
4Ыйса аларга:
– Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: 5сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат. 6Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, – деп жооп берди.
7Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди:
– Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 8Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Кооз кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда. 9Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу. 10Ыйык Жазууларда Кудай:
«Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин,
ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,#11:10 Чыгуу 23:20; Мал. 3:1. – деп ушул адам жөнүндө айткан. 11Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыя чөмүлдүрүүчүдөн улуу эмес! Бирок Асман Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу. 12Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман Падышачылыгына күч колдонуп келишкен жана күчтүүлөр аны тартып алышууда. 13Анткени Жакыянын кызматы Муса калтырган Тоорат мыйзамы менен башка пайгамбарлардын китептериндеги алдын ала айтылгандарды жыйынтыктайт. 14Эгерде сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Жакыя – бул кайтып келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү. 15Уга турган кулагы барлар уксун!
16-17Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Алар базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» – деген жаш балдарга окшош. 18Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти. 19Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» – дешти. Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.
Ыйсанын сөзүн кабыл албаган шаарлар
20Ошондо Ыйса Өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар ниеттерин өзгөртүшпөдү:
21Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп,#11:21 Катуу кийим кийип, күлгө олтуруу – бул күнөөдөн баш тартып, ниетти өзгөрткөндүктү билдирет. ниеттерин өзгөртүшмөк. 22Бирок силерге айтып коёюн: эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот. 23А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат. Анткени сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок. 24Бирок Мен силерге айтып коёюн: кыямат кайымда силерге караганда, Содом шаарына жеңилирээк болот.
Чарчап-чаалыккандарга сүйүнчү
25Ошол убакта Ыйса мындай деди:
– Оо, Ата, асман менен жердин Ээси! Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, жаш бала сыяктангандарга ачып көрсөттүң. 26Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың. 27Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким жакшы билбейт. 28Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам. 29Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат. 30Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.

Currently Selected:

Матай 11: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in