YouVersion Logo
Search Icon

Матай 9

9
Шал болгон адамдын айыгышы
1Ыйса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү Өзү жашаган шаарына келди. 2Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бирөөнү төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Ыйса алардын Өзүнө ушундай ишеним артып турганын көрүп:
– Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! – деди.
3Ошондо кээ бир дин мугалимдери:
– Бул Кудайга акарат келтирип атат! – деп өз ара күңкүлдөштү.
4Ыйса алардын оюн билип, мындай деди:
– Эмне үчүн силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман? 5Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби? 6Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар!
Анан шал оорулууга карап:
– Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! – деди.
7Киши ордунан туруп, үйүнө жөнөдү. 8Чогулгандарды коркунуч басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.
Матайдын шакирттикке тандалышы
9Ыйса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага:
– Менин жолума түш! – деди.
Матай ордунан турду да, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.
10Ошол күнү кечинде, Ыйса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр ошол үйгө келип, Ыйсанын жана анын шакирттеринин катарынан орун алышты. 11Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине:
– Эй, эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? – дешти.
12Ыйса муну угуп, аларга айтты:
– Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 13Баргыла да «Мен курмандыктан көрө, боорукердикти каалайм»#9:13 Ошуя 6:6. деген сөздүн маанисин билип алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим.
Орозо тутуу маселеси
14Ушул окуядан соң, Ыйсага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн шакирттери келип, суроо беришти:
– Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң андай кылышпайт, ыя?
15Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар эмнеге кайгырмак эле? Бирок үйлөнгөн жигит алардан алына турган күндөр да келет, алар орозону ошондо тутушат. 16Эч ким жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе, жаңы жамаачы эски кийимди жыртып, жыртыгы мурдагыдан да аңырайып калат. 17Жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек, ошондо чанач да, шарап да аман калат.
Тирилген кыз, сакайган аял
18Ыйса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып:
– Кызым каза болуп калды. Бирок сен барып, колдоруңду үстүнө койсоң эле кайра тирилет, – деди.
19Ыйса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду. 20Аңгыча он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял Ыйсанын арка жагынан басып келип, Анын кийиминин этегине колун тийгизди. 21«Кийимине эле колум тийсе, айыгам!» деди аял өзүнчө. 22Ыйса болсо артына кайрылып, аны көрдү да:
– Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени айыктырды, – деди.
Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду. 23Ушундан соң, Ыйса башкаруучунун үйүнө келип, муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү. 24Анан аларга:
– Ары тургула! Кыз өлгөн жок, ал жөн эле уктап жатат! – деди.
Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. 25Чогулгандар кетишкенде, Ыйса үйгө кирди да, кызды колунан алып ордунан тургузду. 26Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр туш-тарапка тарады.
Сокурлардын айыгышы
27Ыйса андан ары баратканда, эки сокур киши артынан түшүп:
– Дөөт Уулу, бизге боорукердик кылагөр! – деп кыйкырышты.
28Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса аларга:
– Силерге жардам бере аларыма ишенесиңерби? – деди.
Алар:
– Ооба, таксыр, – деп жооп кайтарышты.
29Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп:
– Ишенгениңердей болсун, – деди.
Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты. 30Анан Ыйса катуу эскертип:
– Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! – деди.
31Алар болсо үйдөн чыгары менен баарына Ыйса тууралуу айтып киришти.
Дудуктун айыгышы
32Айыккан сокурлар сыртка чыкканда, кимдир бирөөлөр Ыйсага жин оорудан улам дудук болгон кишини алып келишти. 33Ыйса жиндерди кууп чыкканда, дудук сүйлөп кирди. Эл:
– Эч качан мындай укмуш Ысрайылда болгон эмес! – деп таңданышты.
34Ал эми фарисейлер:
– Бул жиндерди алардын башчысынын күчү менен кубалап жатат, – дешти.
Кароосуз калган койлор
35Ыйса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, алардагы синагогаларда таалим берип, Падышачылыктын Жакшы Кабарын жарыялап, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 36Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар туш-тушка чачырап койчусуз калган койлордой болчу. 37Ошондо шакирттерине:
– Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. 38Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла, – деди.

Currently Selected:

Матай 9: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in