YouVersion Logo
Search Icon

Матай 8

8
Пес оорулуу адамдын айыгышы
1Ыйса тоодон түшүп келгенде, чогулган элдин көбү Анын артынан ээрчиди. 2Аңгыча пес оорулуу бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди:
– Таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.
3Ыйса ага колун тийгизди да:
– Каалаймын, айыккын! – деди.
Ошол замат ал оорусунан айыгып кетти. 4Ошондо Ыйса ага айтты:
– Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.
5Ыйса Капарноомго киргенде, Ага римдик жүз башы басып келди да:
6Таксыр, кызматчым үйдө ооруп, ордунан тура албай, катуу кыйналып жатат, – деген өтүнүч менен кайрылды.
7Ошондо Ыйса ага:
– Мен барып, айыктырайын, – деди.
8Бирок жүз башы:
– Таксыр, босогомду атташыңызга мен татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле, кызматчым айыгып кетет. 9Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» – десем, барат, башкасына: «Кел!» – десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» – десем, жасайт, – деп жооп берди.
10Муну укканда, Ыйса таң калып, аркасынан ээрчип келаткан элге айтты:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин. 11Силерге айтам: чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келген көп адамдар Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат. 12Падышачылыкты мурастап ала турган эл тыштагы капкараңгы жайга кубаланат. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, боздошот.
13Анан Ыйса жүз башыга:
– Бара бер, ишенимиңе жараша болсун, – деди.
Ушул саатта кызматчы айыгып кетти.
Ыйсанын көп адамды айыктырышы
14Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү. 15Ыйса аялдын колун кармаганда, ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Анан ордунан туруп, Ыйсаны коноктой баштады.
16Кеч киргенде, жин даарыган көп адамды Ыйсага алып келишти. Ыйса алардагы жиндерди сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты да илдеттеринен айыктырды. 17Илгери Ышая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал биздин алсыздыктарыбызды Өзүнө алды жана ооруларыбызды көтөрүп кетти».#8:17 Ышая 53:4. Ыйса аларды айыктыруу менен жогорудагы пайгамбардык сөздү ишке ашырды.
Ыйсаны ээрчип, шакирт болгусу келгендер
18Айланасындагы жыйналган элди көрүп, Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду. 19Ошондо бир дин мугалими басып келип:
– Устат, сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, – деди.
20Ыйса ага:
– Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, – деп жооп берди.
21Дагы бир шакирти Ыйсага:
– Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксат этиңиз, – деди.
22Ыйса ага:
– Сен артыман түш. Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! – деди.
Көлдөгү бороондун токтошу
23Ыйсаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү. 24Аңгыча деңиз катуу толкуп, кайыктын кырынан суу ашып кире баштады. Ыйса болсо уктап жатты. 25Шакирттери жанына келип:
– Устат! Куткар! Өлө турган болдук! – деп Аны ойготушту.
26Ошондо Ыйса аларга:
– Эмне мынча коркосуңар, ишеними аздар! – деди да, ордунан туруп, шамал менен деңиздин токтошу үчүн буйрук берди. Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү. 27Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп:
– Шамал менен деңизди да багындырган бул кандай адам? – дешти.
Жин даарыган адамдардын айыгышы
28Көлдүн аркы өйүзүндө жайгашкан Гадара деген жерге сүзүп барышканда, жин даарып ооруган эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Ыйсанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес.
29Аңгыча алар кыйкырып жиберишти:
– Эй, Кудай Уулу, биз менен кандай ишиң бар?! Бизди күн мурунтан эле азапка салганы келдиңби?
30Алардан алысыраакта болсо бир топ чочко жайылып жүргөн. 31Жиндер Ыйсадан:
– Эгер бизди кубаласаң, тээтигил чочколордун арасына жибер, – деп өтүнүштү.
32Баргыла! – деди Ыйса.
Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор тобу менен жардан деңизге кулап, сууга чөгүп өлүштү. 33Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты. 34Ошондо бүткүл шаар эли Ыйсаны утурлай чыгып, Ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», – деп жалбарышты.

Currently Selected:

Матай 8: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in