YouVersion Logo
Search Icon

Матай 7

7
Өзгөлөрдү соттобогула!
1Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. 2Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат. 3Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? 4Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», – деп кантип айтасың? 5Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң.
6Ыйык нерселериңерди иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.
Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла!
7Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат! 8Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат. 9Араңарда баласы нан сураса, таш бергендер барбы? 10Балык сураса, жылан кармата салганчы? 11Ошентип, силер жаман болсоңор да балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер асмандагы Атаңар да сурагандарга жакшы нерселерди берет.
12Ошентип, качан болсо да, өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. Бул Тоорат менен пайгамбарлардын жазмаларында айтылгандарга дал келет.
Түбөлүк өмүрдүн дарбазасы тар
13Тар дарбазадан киргиле, анткени апат болор жерге алып баруучу жол да, дарбаза да кенен жана ошол дарбазадан кирип жаткандар көп. 14Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал дарбазаны тапкандар аз.
Өсүмдүк жана анын жемиши
15Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар. 16Аларды кылган иштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм же анжир теришпейт. 17Ошондой эле жакшы дарактын жемиши да жакшы, жаман дарактын жемиши да начар болот. 18Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ал эми начар дарак жакшы жемиш бербейт. 19Жакшы жемиш бербеген дарак чаап салынат да отко ыргытылат. 20Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.
Мен силерди тааныбайм!
21Мени «Эге! Эге!» дегендердин баары эле Асман Падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет. 22Сот күнү көп адамдар Мага: «Эге! Эге! Сенин атың менен пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жиндерди кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» – дешет. 23Ошондо Мен аларга: «Силер кимсиңер, Мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула, күнөөкөрлөр!» – дейм.
Эки куруучу
24Ошондуктан Менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткарган үйүн таш үстүнө курган акылдуу адамга окшош болот. 25Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрабайт, анткени таштын үстүнө курулган.
26Ал эми ушул сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош. 27Жаан нөшөрлөп, суу ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.
Ыйсанын бийлиги
28Ыйса сөзүн аяктаганда, чогулган эл Анын таалимине таңданды. 29Анткени Ыйса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди.

Currently Selected:

Матай 7: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in