YouVersion Logo
Search Icon

Матай 6

6
Кайрымдуулук тууралуу таалим
1Эл алдында адилсингенден сак болгула. Болбосо силерге асмандагы Атаңардан сыйлык болбойт. 2Ошондуктан кайыр-садага бергениңерди айтып, жар салбагыла. Адамдардын алдында даңкын чыгарыш үчүн эки жүздүүлөр синагогаларда жана көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар мындай кылуусу менен эмитен эле сыйлыктарын толук алып бүтүштү. 3-4А сен кайыр берсең, даңазалабай, жашыруун бер. Оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүп туруучу Кудай Атаң сага сыйлыгыңды берет.
Сыйынуу тууралуу таалим
5Сыйынганыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула: анткени алар элге көрүнүш үчүн синагогаларда, жолдордун кесилиштеринде туруп алып сыйынганды өтө жакшы көрүшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар сыйлыктарын алып бүтүштү. 6Сен болсо сыйынганыңда төркү үйүңө кир да, эшигиңди жаап алып, жашыруун жерлердеги Кудай Атаңа сыйын, ошондо жашыруун жерден сени көрүп турган Атаң сага сыйлыгыңды берет. 7Сыйынганыңарда, башка элдерге окшоп, маанисиз сөздөрдү кайталап, маңыздана бербегиле. Алар ушундай сыйынсак, Кудай бизди угат деп ойлошот. 8Ал эми силер алар сыяктуу болбогула, анткени Кудай Атаңар эмнеге муктаж экениңерди Андан сурай элегиңерде эле билет. 9Силер мындайча сыйынгыла:
«Асмандагы Атабыз.
Сенин атың урматталсын!
10Сенин падышачылыгың келсин!
Асмандагыдай эле жерде да
Баары Сенин эркиңдегидей болсун!
11Күнүмдүк наныбызды күн сайын берегөр,
12Бизге жамандык кылгандардын
Күнөөлөрүн кечиргенибиздей,
Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир.
13Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта да
Азгыруучудан куткар».#6:13 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
14Эгер силер башкалардын туура эмес иштерин кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет! 15Ал эми силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин туура эмес иштериңерди кечирбейт!
Орозо тутуу тууралуу таалим
16Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүш үчүн кабактарын бүркөшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты. 17-18Силер болсо адамдардын алдында эмес, жашыруун жерде да бар Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.
Чыныгы байлык асманда
19Байлыгыңарды жерге жыйбагыла. Жерде же күбө жеп кетет, же дат басып калат, же уурулар дубалыңды тешип, уурдап кетишет. 20Андан көрө, байлыгыңарды асманга жыйгыла. Ал жактан күбө да жей албайт, дат да баспайт, уурулар да дубалды тешип, уурдап кете алышпайт. 21Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.
22Адамдын көзү – анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. 23Эгер көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. Демек, сендеги жарык караңгыга айланып калган болсо, ал караңгылык абдан жаман!
Кудай жана байлык тууралуу
24Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!
25Ошондуктан силерге айтам: «Эмне жеп, эмне ичебиз» деп, жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла. Тамактан жан, кийимден дене артык да. 26Чымчыктарды карагылачы, алар эгин экпейт да орбойт, кампаларга да чогултпайт. Аларды асмандагы Атаңар багып жатат. А силердин алардан айырмаңар алда канча чоң эмеспи? 27Кимиңер түйшүк тартып, өмүрүңөрдү бир аз болсо да узарта аласыңар?
28Ошондой эле эмнеге кийим-кечектин камын жеп, түйшүктөнөсүңөр? Кызгалдактардын өсүп турганын карагылачы, алар эч кандай эмгек кылышпайт. 29А бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. 30Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар!
31«Эмнени жейт болдук экен? Эмнени ичер экенбиз? Эмнени кийер экенбиз?» деп түйшүктөнбөгүлө! 32Башка элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин асмандагы Атаңар булардын баарына муктаж экениңерди билет. 33Силер баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ойлоп, Анын каалаганын аткаргыла! Ошондо Ал силерди жанагылардын баарына жеткизет. 34Андыктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла, себеби эртең тарта турган түйшүктөрүңөр башка, ар күндүн кыйынчылыгы өзүнө жетет.

Currently Selected:

Матай 6: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy