Лука 5
5
Ыйсанын алгачкы шакирттерин тандашы
1Бир күнү Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудай сөзүн угууга келген эл көп болгондуктан кысылып турду. 2Ошондо Ыйса жээктен эки кайыкты көрдү. Кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан. 3Кайыктардын бири Ысмандыкы эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, жээктен ары бир аз түртүп коюусун өтүндү. Анан олтуруп алып, элге таалим бере баштады. 4Сөзүн бүткөндө, Ысманга:
– Көлдүн терең жерине сүзүп барып, балык кармаганга торлоруңарды салгыла, – деди.
5Ысман:
– Оо, устат, түнү менен мээнеттенип, эч нерсе кармай албадык. Бирок сен айтып жаткан соң, торлорду салып көрөйүн, – деди.
6Торлорун салышканда, балык мол түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады. 7Ошондо экинчи кайыктагы жолдошторуна кол булгап, жардамга чакырышты. Алар келишип, эки кайыкты тең балыкка толтурушту. Жүгүнүн оордугунан кайыктар сууга чөгө түштү. 8Муну көргөн Ысман-Петир Ыйсанын бутуна жыгылып:
– Оо, таксыр, менден кетчи, мен күнөөкөр адаммын! – деди.
9Анткени ушунчалык көп балык түшкөнүнөн өзү да, жанындагылар да үрөйү учуп, коркуп турушкан. 10Ысмандын шериктери болгон Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан да ушундай абалда эле. Ошондо Ыйса Ысманга карап:
– Коркпо, мындан ары балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип алып келүүнү үйрөтөм, – деди.
11Алар кайыктарды жээкке чыгарып салышты да, баарын таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
Пес оорулуу адамдын айыгышы
12Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды:
– Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.
13Ыйса колун созуп ага тийгизди да:
– Каалаймын, айыккын! – деди.
Оорулуу ошол замат айыгып кетти.
– 14Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа! – деп буюрду Ыйса бул адамга. – Бар да, өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.
15Ыйса жөнүндө кеп-сөз дагы жайылып, көптөгөн адамдар Анын сөзүн угуп, дарттарынан айыгыш үчүн туш-тараптан Ага келип жатышты. 16Ыйса болсо ээн талаага барып, сыйынып турду.
Шал болгон адамдын айыгышы
17Ыйса таалим берип отурган күндөрдүн биринде Эгебиздин кудурети оорулуулардын айыгуусунан көрүнүп жатты. Галилея менен Иудея аймактарынын туш-тарабынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, дин мугалимдери да Ыйсанын таалимин угуп олтурушкан. 18Аңгыча бирөөлөр шал болгон адамды төшөнчүсү менен көтөрүп келишти. Аны үйгө киргизип, Ыйсанын алдына коюуга аракет кылышты, 19бирок элдин көптүгүнөн өтө алышпады. Ошондо алар тамдын үстүнө чыгышты да, төбөсүн тешип, оорулууну төшөнчүсү менен Ыйсанын алдына түшүрүштү. 20Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал адамга:
– Пендем, күнөөлөрүң кечирилди! – деди.
21Дин мугалимдери менен фарисейлер болсо өз ара:
– Бул адам Кудайга акарат келтирип атат. Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат? – дей башташты.
– 22Эмне деп жатасыңар ичиңерден? – деди Ыйса, алардын оюн билип, – 23«Күнөөлөрүң кечирилди!» деп айтуу оңойбу, же «Ордуңан тур да, бас!» деген оңойбу? 24Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар!
Ыйса ушундай деди да, шал болгон кишини карап:
– Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар! – деди.
25Шал киши ошол замат баарынын көз алдында ордунан туруп, төшөгүн алды да, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү. 26Баарын тең коркунуч басып, аң-таң болушуп:
– Биз бүгүн акылга сыйбаган укмуштуу окуяны көрдүк! – деп, Кудайды даңкташты.
Лебинин шакирттикке тандалышы
27Ушундан соң, Ыйса сыртка чыгып, салык жыйноочу жерде олтурган Леби аттуу кишини көрдү.
– Менин жолума түш! – деди Ыйса ага.
28Ал ордунан тура калды да, баарын таштап, Ыйсанын артынан басты.
Ыйса күнөөкөрлөрдү ниетин өзгөртүүгө чакыруу үчүн келди
29Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Анын үйүндө салыкчылардын жоон тобу жана дагы башка адамдар Ыйса менен бирге дасторкондо отурушту. 30Дин мугалимдери менен фарисейлер буга нааразы болушуп, Ыйсанын шакирттерине мындай дешти:
– Эй, силер эмне үчүн салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондон ичип-жеп отурасыңар, ыя?!
31Ыйса аларга:
– Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 32Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, – деди.
Орозо тутуу маселеси
33Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсага:
– Жакыянын шакирттери бат-бат орозо тутуп, сыйынышат экен. Фарисейлердики да ошондой кылышат. Сенин шакирттериң болсо, орозо тутпастан, ичип-жей беришет экен! – дешти.
Ыйса аларга мындай деди:
– 34Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, аларды орозо кармагыла деп мажбурлоого болобу? 35Күйөө жигит алардан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошондо тутушат.
36Ыйса аларга мындай бир ибарат айтты:
– Эч ким жаңы кийимден айрып, эски кийимге жамабайт. Эгер жамаса, анда жаңы кийим да жыртылат, жаңы жамаачы да эски кийимге жарашпай калат. 37Эч ким жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. 38Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек. 39Эч ким эски шарапты ичкен соң, жаңысын сурабайт. Ал: «эскиси жакшы экен», – дейт.
Currently Selected:
Лука 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018