Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды:
– Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.
Ыйса колун созуп ага тийгизди да:
– Каалаймын, айыккын! – деди.
Оорулуу ошол замат айыгып кетти.