Лука 5:12-13
Лука 5:12-13 КЫРИ
Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды: – Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз. Ыйса колун созуп ага тийгизди да: – Каалаймын, айыккын! – деди. Оорулуу ошол замат айыгып кетти.