Мындан соң, ибилис Ыйсага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп:
– Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам. Сен мага табынсаң, баары сеники болот, – деди.
Ыйса ага:
– Ыйык Жазууда: «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!» деп жазылган, – деп жооп берди.