YouVersion Logo
Search Icon

Лука 4

4
Шайтандын сыноосу
1Ыйык Рухка толгон Ыйса Иордандан кайтып келе жатып, Анын таасири астында чөлгө барды. 2Чөлдө кырк күн бою ибилистин сыноосунан өттү. Кырк күн эч нерсе жебегендиктен, бул күндөр өткөндө абдан ачка болду. 3Ошондо ибилис Ага:
– Кудайдын Уулу болсоң, мына бул ташка буюрчу, нан болуп калсын! – деди.
4Ыйса ага мындай жооп берди:
– Ыйык Жазууда: «Адам жалаң эле нан менен жашабайт!»#4:4 Мыйз. 8:3. – деп жазылган.
5Мындан соң, ибилис Ыйсага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп:
6Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам. 7Сен мага табынсаң, баары сеники болот, – деди.
8Ыйса ага:
– Ыйык Жазууда: «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»#4:8 Мыйз. 6:13. деп жазылган, – деп жооп берди.
9Ошондо ибилис Аны Иерусалимдеги ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп:
– Эгер Кудайдын Уулу болсоң, ушул жерден боюңду таштап жиберчи! 10«Кудай Өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрат, 11ташка бутун уруп албасын деп, алар сени колдоруна көтөрүшөт»#4:10-11 Заб. 90:11-12. – деп жазылган эмеспи, – деди.
12Ыйса ага мындай жооп берди:
– «Кудай Эгеңди сынаба!»#4:12 Мыйз. 6:16. – деп жазылган.
13Ибилис Ыйсаны бардык жагынан сынап бүткөн соң, Андан убактылуу кетип калды.
Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы
14Ыйык Рухтун күчүнө толгон Ыйса Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө кабар жер-жерлерге тарады. 15Ыйса синагогаларга кирип, элге таалим берип, алардын мактоосуна арзыды.
16Бир күнү Ал Өзү өскөн Назарет шаарына келди. Адатынча дем алыш күнү синагогага барды. Ал Ыйык Жазуудан окуп берүү үчүн ордунан турганда, 17Ага Ышая пайгамбардын китебин сунушту. Ыйса китепти ачып, мындай деп жазылган жерин тапты:
18«Эгемдин Руху үстүмдө,
Анткени Ал Мени тандады,
Жакшы Кабар айтууга
Жакырларга дайындап.
Бошонорун туткундар,
Сокурлардын көздөрү
Көрөрүн кабар кылууга
Жана эзилгендерди
Эркиндикке чыгарууга,
19Эгебиздин кечирим
Бере турган мезгилин –
Ырайым кылар жылын да
Жар салууга жөнөттү».#4:19 Ыш. 61:1-2.
20Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарды да, таалим берүү үчүн жайгашып отурду. Синагогадагы элдин баары тең Аны тигиле карашты. 21Ошондо Ыйса:
– Силер уккан Ыйык Жазуудагы сөздөр бүгүн аткарылды, – деди.
22Баары Ага ыраазы болушту да, оозунан чыккан кереметтүү сөздөргө таң калышып:
– Ой, бул Жусуптун эле баласы эмеспи? – дешти.
23«Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, – деди Ыйса аларга, – «Капарноомдо кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер. 24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: өз элинде пайгамбардын кадыры жок болот. 25Чын айтып жатам: Илияс пайгамбардын тушунда үч жыл алты ай бою асмандан тып эткен тамчы тамбай, бардык жерде ачарчылык болгондо, Ысрайылда жесирлер көп эле. 26Бирок Кудай Илияс пайгамбарды ошолордун эч кимисине жибербестен, Сидон аймагындагы Сарепта шаарында жашаган бир жесирге алып барды. 27Элиша пайгамбардын тушунда да Ысрайылда пес дартына чалдыккандар көп болгон, бирок алардын бири да айыкпастан, сириялык Нааман аттуу киши гана айыккан.
28Муну укканда, синагогада отургандардын баары катуу ачууланышты. 29Тура калышып, Ыйсаны шаардын сыртына кууп чыгышты да, ылдый кулатмакчы болуп, шаар жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты. 30Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.
Жинге чалдыккан киши
31Ыйса Галилеядагы Капарноом шаарына түшүп келди да, дем алыш сайын элге таалим берип жатты. 32Адамдар Анын таалимине таң калып жатышты, себеп дегенде Анын сөзүндө кудурет бар эле. 33Бир күнү синагогада жинге чалдыккан бир киши жүргөн. Ошол киши кыйкырып жиберди:
34Эй, назареттик Ыйса! Биз менен кандай ишиң бар? Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя? Мен билем сенин ким экениңди: сен – Кудайдын ыйыгысың!
35Ыйса жинди тыйып:
– Үнүңдү бас! Бул кишиден чыгып кет! – деди.
Жин ошол кишини турган жеринде жыгып, эч кандай зыян келтирбестен, чыгып кетти. 36Элдин баарынын үрөйү учуп, өз ара:
– Кара күчтөрдү бийлик менен чыгара кууган, бул кандай кудурет болду экен? – дешти.
37Ошентип, туш-туш жакка Ыйса жөнүндө сөз тарап кетти.
Ыйсанын көп адамды айыктырышы
38Ыйса синагогадан чыгып, Ысмандын үйүнө келди. Үйдө анын кайненеси ысытма болуп, катуу ооруп жатыптыр. Ыйсадан аны көрүп берүүсүн суранышты. 39Ыйса аялдын маңдайына басып келип, ысытманы басар замат, ал куландан соо тура калып, дароо конокторун тейлей баштады.
40Күн батканда элдин баары ар кандай оорулууларды Ыйсага алып келе башташты. Ыйса ар биринин үстүнө колун коюп, аларды айыктырып жатты. 41Көп адамдардын ичинен жиндер: «Сен Кудай Уулусуң!» – деп бакырып, чыгып кетип жатты. Ыйса аларга Өзүнүн Машаяк экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машаяк экенин билишчү.
Ыйсанын синагогаларда Жакшы Кабар айтышы
42Таң атканда, Ыйса ээн жерге барды. Калың эл Аны издеп келип, кетирбестен өздөрү менен алып калгылары келди. 43Бирок Ыйса аларга:
– Мен башка шаарларга да Кудай Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жеткиришим керек, анткени Кудай Мени ошол максат менен жиберген, – деди.
44Ошентип, Ыйса Иудея жериндеги синагогаларда элге Жакшы Кабарды жар салып жүрдү.

Currently Selected:

Лука 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in