Лука 3
3
Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы
1Рим мамлекетине Тиберий башчылык кылганы он беш жылга караган кез эле. Иудея аймагына Понтий Пилат губернатор болуп, Галилея аймагына Ирод, Итурея менен Трахонит аймактарына Ироддун иниси Филип, Абилен аймагына Лусаний акимчилик кылып турушкан. 2Ал эми Анас менен Каяп жогорку динкызматчылар болгон. Ошолордун тушунда чөлдө күн өткөргөн Закирдин баласы Жакыяга Кудайдан сөз түштү. 3Ошондон баштап, Жакыя Иордан дарыясынын айланасындагы бардык аймактарды кыдырып, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниетти өзгөртүүнү жана сууга чөмүлүү расмисинен өтүүнү жар салып жүрдү. 4Ышая пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар:
«Жар салгандын чөлдө үнү угулат:
“Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун,
Талаадагы басар жерин түздөгүн!#3:4 Ышая 40:3 – 5.
5Кокту-колот толтурулсун бардыгы,
Түздөтүлсүн тоо-дөбөнүн бардыгы.
Ийри-буйру жолдор дагы оңдолсун,
Тегизделсин өңгүл-дөңгүл жерлер да.
6Мына ошондо тирүү жандын бардыгы
Кудайымдын куткаруусун көрүшөт”».
7Көп адамдар сууга чөмүлүү расмисинен өтүү үчүн Жакыя пайгамбардын алдына келишти. Жакыя аларга карап, мындай деди:
– Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле? 8Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 9Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.
10Эл андан:
– Эми биз эмне кылышыбыз керек? – деп сурады.
– 11Эки кийими барыңар бирин кийими жокко бергиле, тамак-ашы барыңар да ошенткиле, – деди ал.
12Сууга чөмүлүү расмисинен өткөнү келгендердин арасында салыкчылар да бар эле. Алар Жакыяга келишип:
– Устат, биз эмне кылышыбыз керек? – дешти.
– 13Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла! – деп жооп берди Жакыя аларга.
14Аскер адамдары сурашты:
– Бизчи? Кандай кылышыбыз керек?
Жакыя аларга:
– Эч кимди зордобогула, кордобогула жана алган айлыгыңарга ыраазы болгула, – деп жооп берди.
15«Машаяк ушул болду бекен?» – деп үмүттөнүп, күтүп турган жамы журтка Жакыя мындай деди:
– 16Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. 17Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампасына жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.
18Жакыя элге дагы башка көп насааттарды айтып, Жакшы Кабарды жарыялады. 19Ал аймак башчысы Ироддун да кылгандарын айтып, ашкере кылды. Ирод бир тууган инисинин аялы Иродияны алып, жана башка дагы көп жамандыктарды жасаган эле. 20Анысы аз келгенсип, үстүнө дагы кошуп, Жакыяны түрмөгө камады.
Ыйсанын чөмүлүү расмисинен өтүшү
21Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Ыйса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып, 22көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» – деген үн чыкты.
Ыйсанын ата теги
23Ыйса Өз кызматын баштаганда отуз жаштын тегерегинде болчу. Ал адамдардын ою боюнча Жусуптун уулу деп эсептелчү. Демек, Анын санжырасы мындай: Ал Жусуптун, Элийдин, 24Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун, 25Мататайдын, Амостун, Ноомдун, Эслинин, Нагайдын, 26Мааттын, Мататайдын, Шимейдин, Жасектин, Жоданын, 27Жаханандын, Ырыстын, Зоробабылдын, Шелтиелдин, Неринин, 28Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин, 29Жашыянын, Элийезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин, 30Шемондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элиякимдин, 31Мелейдин, Меннанын, Мататтын, Натандын, Дөөттүн, 32Жесейдин, Абыттын, Обоздун, Шалмондун, Наасондун, 33Аминадаптын, Рамдын, Эсрондун, Перестин, Жүйүттүн, 34Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун, 35Серухтун, Регунун, Пелектин, Эбердин, Шеланын, 36Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин, 37Матушалдын, Анактын, Эреттин, Махалалилдин, Кайнандын, 38Эноштун, Шеттин, Адам атанын, Кудайдын Уулу.
Currently Selected:
Лука 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
![None](/_next/image?url=https%3A%2F%2Fimageproxy.youversionapi.com%2F58%2Fhttps%3A%2F%2Fweb-assets.youversion.com%2Fapp-icons%2Fen.png&w=128&q=75)
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018