Лука 2
2
Куткаруучу Машаяктын дүйнөгө келиши
1Ошол күндөрү Рим падышасы Август мамлекетте жашаган элдин баары каттоодон өтсүн деген буйрук чыгарды. 2Бул губернатор Кирини Сирия жерин бийлеп турган кездеги биринчи эл каттоо болчу. 3Элдин баары катталуу үчүн өз-өз шаарларына жөнөштү. 4Жусуп да Галилеянын Назарет шаарынан Иудеядагы Дөөт шаары – Бейт-Лехемге жөнөдү. Себеби ал Дөөт тукумунан эле. 5Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, кош бойлуу Мариям да бирге барды. 6-7Алар шаарга келгенде, жата турган жайда орун жок болгондуктан, ай-күнү жетип турган Мариям тун уулун малканада төрөп, баланы ороду да, акырга жаткырып койду.
Койчулар жана периштелер
8Ошол жерде түнкүсүн талаада койлорун кайтарып койчулар жүрүшкөн. 9Күтүлбөгөн жерден алардын алдында Эгебиздин периштеси пайда болуп, Эгебиздин улуу нуру айлананы жарык кылып жиберди. Койчулар аябагандай коркуп кетишти. 10Бирок периште аларга:
– Коркпогула! Мен бүтүндөй элди сүйүнтө турган улуу кубанычты кабарлап жатам: 11Бүгүн Дөөт шаарында силердин Куткаруучуңар дүйнөгө келди. Ал – Эгебиз Машаяк. 12Мына бул нерсе силер үчүн жышаан болсун: силер акырда оролуу жаткан наристени көрөсүңөр, – деди.
13Аңгыча периштенин жанында дагы башка көптөгөн периштелер пайда болушту да:
– 14Көктө Кудайга урмат болсун! Жер бетинде Анын сүйгөн жандарына тынчтык болсун! – деп Кудайды даңкташты.
15Периштелер асманга кетишкенде, койчулар бири бирине:
– Жүргүлө, Бейт-Лехем шаарына барып, Эгебиз бизге билдирген бул жаңылыкты көрүп келели, – дешти. 16Алар тез эле шаарга келишти да, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан наристени көрүштү. 17Көрүшкөн соң, наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти. 18Муну уккандардын баары койчулардын сөзүнө таңданышты. 19Мариям болсо баарын көңүлүнө түйө берди. 20Койчулар Кудайды даңктап, Ага мактоо айтып, кайра кайтышты, анткени көргөндөрүнүн баары периштенин айтканындай болуп чыккан эле.
Наристеге Ыйса деген ысымдын коюлушу
21Бир жума өткөн соң, баланы сүннөткө олтургуза турган маал келди. Ошондо бала бойго бүтөрдөн мурда периште атап кеткендей эле атын Ыйса коюшту.
Ата-энесинин Ыйсаны Кудайга табыштоосу
22Муса пайгамбардын китебинде жазылган мыйзам боюнча алардын адалдануу мөөнөтү#2:22 Мусанын мыйзамы боюнча эркек бала төрөлгөндөн кырк күн өткөндө, анын энеси диний тазалануу расмисинен өтүү керек болчу. аяктаганда, баланы Эгебиздин алдына алып баруу үчүн Иерусалимге алып келишти. 23Анткени Эгебиздин мыйзам китебинде: «Ар бир биринчи төрөлгөн эркек бала Эгебиздики!»#2:23 Чыгуу 13:2, 12, 15. – деп жазылган. 24Алар Эгебиздин мыйзамы боюнча эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын курмандык үчүн алып келүүгө милдеттүү эле.#2:24 Леб. 12:8.
25Ошол убакта Иерусалимде Шемон аттуу адам жашаган. Ал Ысрайыл элинин азаттыкка чыгар мезгилин күтүп жүргөн адил, такыбаа, Кудайдын Ыйык Руху даарыган киши болчу. 26Ыйык Рух ага: «Жараткан Эгенин Машаягын көргүчө өлбөйсүң», – деп алдын ала айткан эле. 27Ошол күнү ал Ыйык Рухтун жетегинде ийбадатканага келген. Тоораттагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, баланы Кудайга табыштоо расмисин аткаруу үчүн ата-энеси Ыйсаны алып келгенде, 28Шемон наристени колуна алды да, Кудайга алкыш айтып, мындай деди:
– 29Оо, Эгем, Өзүң мурда айткандай,
Кулуң эми тынчтык менен көз жумсун.
30-32Бүт элдерге даярдаган куткарууңду,
Башка элдердин көзүн ачар нуруңду,
Өз элиңдин, Ысрайылдын сыймыгын
Эми мына көрдү менин көздөрүм.
33Наристе тууралуу айтылган бул сөздөргө ата-энеси таң калды. 34Шемон аларга батасын берди да, Мариямга:
– Бул бала Ысрайылдагы көптөгөн адамдардын кулап калышына жана өйдө көтөрүлүүсүнө себепкер болот. Жашыруун сырларды ачыкка чыгаруучу талаш-тартыштардын белгиси болот. 35Өзүңдүн да жүрөгүңө канжар сайылат, – деп айтты.
36Ашыр уруусунан чыккан Пануилдин кызы Анна аттуу пайгамбар аял да ошол жерде жүргөн. Ал күйөөсү менен болгону жети жыл бирге жашап, анан жесир калган эле. 37Сексен төрт жаштагы бул аял киши орозо кармап, сыйынып, күнү-түнү Кудайга табынып, ийбадатканадан чыкчу эмес. 38Ал Ыйсага басып келип, Кудайыбызды алкыштады да, Иерусалимдин боштондукка чыгар күнүн күтүп жүргөндөрдүн баарына наристе бала жөнүндө айта баштады.
39Жусуп менен Мариям Эгебиздин мыйзамындагы парыздардын баарын аткарып бүтүшүп, Галилеядагы өз шаарына кайтышты. 40Бала болсо Кудайдын берекелүү батасына маарып, акылга толуп, чоңоё берди.
Ыйса Атасынын үйүндө
41Ыйсанын ата-энеси жыл сайын Куткарылуу майрамына Иерусалимге келип турушчу. 42Ыйса он эки жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамдаганы келишти. 43Майрам бүтүп, үйүнө кайтып баратышканда, Ыйса Иерусалимде калып калды. Ата-энеси муну билбей, 44башка жолоочулар менен жүрсө керек деп ойлошту. Бир күндүк жолду басып өтүшкөндөн кийин, Аны туугандары менен тааныштарынын арасынан карашып, 45таппаган соң, кайра Иерусалимге издеп келишти. 46Үч күн өткөндө, устаттардын кебин тыңшап, суроо берип, ийбадаткананын короосунда олтурган жеринен табышты. 47Ыйсаны уккандар Анын зээндүүлүгүнө жана айткан жоопторуна таң калып олтурушкан экен. 48Ата-энеси да Ыйсаны көргөндө таң калышты, бирок энеси Ага:
– Балам, бул эмне кылганың?! Мына, атаң экөөбүздүн шорубуз катып, Сени издеп, барбаган жерибиз калбады! – деди.
49Ыйса аларга:
– Мени издөөнүн эмне кереги бар эле? Атамдын үйүндө болушум керек экенин билген эмес белеңер? – деп жооп берди.
50Бирок Жусуп менен Мариям Анын сөзүнүн маанисин түшүнүшкөн жок.
51Ыйса ата-энеси менен Иерусалимден Назаретке келди. Ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо мунун баарын көңүлүнө бекем түйдү. 52Ыйсанын ою да, бою да өсүп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүүлүгү артты.
Currently Selected:
Лука 2: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
![None](/_next/image?url=https%3A%2F%2Fimageproxy.youversionapi.com%2F58%2Fhttps%3A%2F%2Fweb-assets.youversion.com%2Fapp-icons%2Fen.png&w=128&q=75)
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018