Лука 10
10
Ыйсанын жетимиш эки шакирти
1Ушундан кийин Эгебиз Ыйса Өзүнө дагы жетимиш эки шакирт тандады. Аларды Ыйса Өзү да барайын деген шаар-кыштактардын баарына Өзүнөн мурун эки-экиден жиберип, мындай деди:
– 2Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла. 3Кана эмесе, баргыла, Мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам. 4Капчык да, баштык да, ашыкча бут кийим да албагыла жана жолдо бирөөлөр менен саламдашып, убактыңарды коротпогула. 5Кандай үйгө кирсеңер да, адегенде: «Үйүңөрдө тынччылык болсун!» – деп, батаңарды бергиле. 6Эгерде ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат. 7Алдыңарга койгон ашка топук кылып, ал үйдө калгыла. Анткени кызматчы эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө өтпөгүлө. 8Шаарга киргениңерде, анын тургундары кабыл алышса, анда тамагын жегиле, 9ооруларын айыктыргыла да, «жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» деп жар салгыла. 10Эгерде кабыл албай коюшса, анда көчөлөргө чыгып: 11«Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды кайра өзүңөргө наалат катары кагып жатабыз. Бирок билип койгула, Кудай Падышачылыгы жакындап калды», – дегиле. 12Силерге айтып коёюн: кыямат күнү келгенде, ал шаарга караганда Содом шаарына#10:12 Илгери Содом шаарынын эли ушунча катуу бузулгандыктан, Кудай аларга асмандан от түшүрүп жазалаган. Башт. 19. жеңилирээк жаза колдонулат.
13Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгерде силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп, ниеттерин өзгөртүшмөк. 14Эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот. 15А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат.
16Кимде-ким силерди укса, Мени укканы, кимде-ким силерди четке какса, Мени четке какканы, ал эми кимде-ким Мени четке какса, Мени Жибергенди четке какканы.
17Жетимиш эки шакирт жүздөрүндө кубаныч менен кайтып келишип, Ыйсага:
– Эгебиз, сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да багынышты! – дешти.
18Ыйса аларга:
– Мен шайтандын чагылгандай болуп, жерге түшкөнүн көрдүм. 19Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт. 20Бирок жиндердин силерге багынганына эмес, атыңардын бейиштеги китепке жазылганына кубангыла.
21Ыйык Рухка толгон Ыйса кубанычтан катуу толкунданып кетти.
– Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! – деди Ал. – Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың. 22Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасынын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким билбейт.
23Анан шакирттерине бурулуп, мындай деди:
– А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат. 24Силерге айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен падышалар силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.
Боорукер самариялык
25Ошондо бир дин мугалими ордунан туруп, Ыйсаны сынай сурады:
– Устат, эмне кылсам түбөлүк жашайм?
26Ыйса ага:
– Тооратта эмне деп жазылган? Эмнени окуп жүрөсүң? – деди.
Тигил айтты:
– 27«Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бар күч-кубатың менен, бардык акыл-оюң менен сүй#10:27 Мыйз. 6:5. жана башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!»#10:27 Леб. 19:18. – деп жазылган.
– 28Сен туура жооп бердиң, – деди Ыйса ага. – Ушундай кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.
29Тиги болсо өзүн актагысы келип:
– А менин жакын адамым ким? – деп сурады.
30Ошондо Ыйса мындай ибарат менен жооп берди:
– Бир адам Иерусалимден Иерихон шаарына түшүп келе жатып, жолдо каракчыларга туш болот. Алар анын кийимин сыйрып алып, аябай сабап, чала өлүк кылып таштап кетишет. 31Ошол жол менен бир динкызматчы түшүп бара жаткан. Ал бул кишини көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 32Дагы бир лебит ушул жол менен бара жатып, бул адамды көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 33Аңгыча бир самариялык жолоочу келет. Ал бул кишини көрүп, боору ооруп, 34жанына басып келип, жарааттарын шарап менен жууп, май менен майлап, таңып, эшегине артып, мейманканага алып барып, ага кам көрөт. 35Кийинки күнү мейманкананын ээсине эки күмүш теңге берип: «Бу кишиге кам көрүп кой. Эгер артык чыгым болсоң, кайтканымда кайрып берем», – дейт. 36Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот?
37Мыйзамчыл Ыйсага карап:
– Албетте, кайрым кылганы, – деп жооп берди.
– Бар, сен да ушундай кыл! – деди Ыйса ага.
Адам баласы үчүн эң керектүү нерсе – Ыйсанын жанында болуу
38Ыйса шакирттери менен жолун улантып келе жатып, бир айылга келди. Бул айылдан Марта деген бир аял Аны үйүнөн тосуп алды. 39Бул аялдын Мариям аттуу сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын аяк жагына олтуруп алып, сөзүн угуп жатты. 40Марта болсо конокту жакшылап күтүүнүн камын ойлоп, убара тартып жүрдү. Ал Ыйсанын алдына келип:
– Таксыр, сиңдимдин кызматтын баарын жалгыз мага таштап койгону сизге баары бирби? Ага айтып коюңузчу, мага жардамдашсын, – деди.
– 41Ээ, Марта, Марта! – деди ага Ыйса, – сен убара болуп, көп түйшүк тартасың. 42Бирок керектүүсү – бир эле нерсе. Мариям жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.
موجودہ انتخاب:
Лука 10: КЫРИ
سرخی
شئیر
کاپی
کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018