YouVersion Logo
تلاش

Лука 9

9
Он эки шакиртке берилген тапшырма
1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга бардык жиндердин үстүнөн бийлик, ооруларды айыктырууга кудурет берип, 2элге Кудай Падышачылыгын жар салууга жөнөттү.
3Жолго эч нерсе албагыла, – деди Ыйса аларга, – Таяк да, баштык да, нан да, акча да, ашык кийим да албагыла. 4Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калып, ошол үйдөн жолго чыккыла. 5Эгерде бир жерден силерди кабыл албай коюшса, анда ал шаардан кетип баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.
6Шакирттер жолго чыгышып, айылдарды аралап, жер-жерлерге Жакшы Кабарды таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.
Ироддун Ыйсаны көргүсү келгени
7Болуп жаткан окуялардын баары аким Иродго жетти. Эл арасында ар кандай сөз жүрүп, бирөөлөрү: «Жакыя пайгамбар тирилиптир!» – десе, 8башкалары: «Илияс пайгамбар келиптир!» – деп, дагы башкалары: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир!» – деп жатышты. Ошондуктан Ироддун башы катты. 9«Мен Жакыянын башын алдырдым эле. Бул ким болуп кетти?» – деп, ал Ыйсаны көргүсү келди.
Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу
10Элчилер кайтып келип, кылган иштерин Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бейтсайда деген шаарды көздөй жөнөдү. 11Муну билип калган эл аркасынан барды. Ыйса аларды тосуп алып, Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, айыгууга зар болгондорду айыктырып жатты. 12Күн кечтеп баратканда, он эки шакирти Ага келип:
– Эми элди коё бер, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, түнөп, жегенге бир нерсе таап алышсын, анткени биз чөлдө турабыз, – дешти.
13Жегенге бир нерсени силер бергиле! – деди Ыйса аларга.
– Колубузда беш нан менен эки балыктан башка эч нерсебиз жок. Мына бул элдин баарына тамак сатып алганы баралыбы? – дешти он эки шакирти.
14Анткени ошол жерде беш миңге жакын адам турган. Ыйса аларга:
– Элди элүү-элүүдөн бөлүп олтургузгула, – деди.
15Шакирттери Анын айтканындай кылышты. 16Ошондо Ыйса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. 17Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.
Ыйсанын Машаяк экендиги
18Ыйса эл жок жерде сыйынып отурган. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан минтип сурады:
– Эл Мени ким деп эсептешет?
19Шакирттери:
– Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир деп жатышат, – дешти.
20Ыйса алардан:
– Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер? – деп сурады.
Ошондо Петир:
– Сен Кудайдын Машаягысың! – деп жооп берди.
21Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! – деди катуу эскертип Ыйса. – 22Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылып, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш!
Ким Ыйсанын чыныгы шакирти боло алат?
23Ыйса элге кайрылып мындай деди:
– Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын, күн сайын өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанынан кечүүгө даяр болуп, артыман түшсүн. 24Анткени ким өз жанын сактап калам десе, аны жоготот, ал эми ким Мен үчүн жанынан кечсе, ал ага кайрадан ээ болот. 25Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өзүн өзү куруткандан же өз жанынан айрылгандан адамга не пайда? 26Кимде-ким Менден же Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин кудурети менен көктөн келгенде, андан баш тартат. 27Силерге айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт.
Тоодогу кубулуш
28Ушундан бир жумача өткөндө, Ыйса Петирди, Жаканды жана Жакыпты кошуп алып, сыйынуу үчүн тоого чыкты. 29Ал сыйынып жатканда, бети башкача болуп өзгөрө түштү. Кийими да аппак болуп, жылтылдап калды. 30Аңгыча эки киши пайда болуп, Ыйса менен маектеше баштады. 31Асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Муса менен Илияс пайгамбарлар Ыйсанын Иерусалимде өлүп, Кудайдын эркин ишке ашыра тургандыгы жөнүндө кеп кылышты. 32Петир менен анын жанындагы жолдошторун болсо уйку басып турган. Алар ойгонушуп, асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Ыйсаны жана Анын жанындагы эки кишини көрүштү. 33Тигил кишилер кетип бара жатканда, Петир Ыйсага айтты:
– Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.
Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес. 34Петир сүйлөп жатканда, бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрдү. Булут аларды каптаганда, шакирттеринин үрөйү учту. 35Ошол убакта булуттан үн чыкты:
– Бул Менин тандап алган Уулум Ыйса, Аны уккула!
36Бул үн чыккандан кийин, алар Ыйсанын жалгыз калганын көрүштү. Шакирттери үн катпай, көргөндөрүн ошол күндөрү эч кимге айтышкан жок.
Жин даарыган баланын айыгышы
37Кийинки күнү тоодон түшүп келишкенде, аларды көп эл тосуп чыкты. 38Аңгыча эл арасынан бир киши Ыйсага минтип кыйкырды:
– Устат, суранам, баламды көрүп берчи, жалгызым эле. 39Туруп-туруп эле жини кармайт да, чаңыртып, калчылдатып, оозунан көбүк чыкканча кыйнагандан кийин араң кетет. 40Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду.
Ошондо Ыйса:
41Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери, – деди.
42Бала басып келатканда, жин аны көтөрө чаап, калтырата баштады. Ыйса кара күчтү тыйып, баланы айыктырды да, атасына тапшырды. 43Карап турган элдин баары Кудайдын улуулугуна таңданышты.
Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат
Анын кылганына элдин баары таң калып карап турганда, Ыйса шакирттерине айтты:
44Бул сөздөрдү эсиңерге түйүп алгыла: Адам Уулунун кишилердин колуна түшөрүнө аз калды.
45Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок. Бул сөз алар үчүн жашыруун сыр болгондуктан, маанисин түшүнүшпөдү. Кайра сурагандан болсо коркушту.
Кимдин жолу улуу?
46Шакирттердин арасында «кимибиздин жолубуз улуу болду экен» деген ой туулду. 47Ыйса алардын мындай оюн туюп, бир кичине баланы колуна алды да, мындай деди:
48Ким ушундай баланы Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу.
Силерге каршы болбогон силер тарапта
49Ошондо Жакан:
– Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, – деди.
50Тыюу салбагыла, – деди Ыйса, – ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта.
Самариялыктардын Ыйсага сыртын салышы
51Көккө кетер убактысы жакындап калганда, Ыйса Иерусалимге барууга камданып, 52алдын ала элчилерин жөнөттү. Алар Ыйсага жай камдоо үчүн Самариядагы бир айылга келишти. 53Бирок Ыйсанын Иерусалимге баратканы сыртынан билинип тургандыктан, самариялыктар Ал келгенде кабыл алышпады. 54Алардын мунусун көргөн шакирттер Жакан менен Жакып:
– Эгебиз, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин дейлиби? – дешти.
55Ыйса аларды тыйып койду.#9:55 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 56Ошондон кийин алар башка кыштакка өтүп кетишти.
Ыйсаны ээрчип, шакирти болгусу келгендер
57Жолдон бир киши Ыйсага:
– Сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, – деди.
58Ыйса ага:
– Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, – деди.
59Анан башка бирөөгө:
– Менин жолума түш, – деп айтты.
Тигил:
– Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин. Ушуга уруксат этиңиз! – деди.
60Бирок Ыйса ага:
– Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! Сен болсо бар да, Кудайдын Падышачылыгын жарыя кыл, – деди.
61Анда дагы бирөөсү айтты:
– Таксыр, мен сизди ээрчийм, бирок адегенде үй-бүлөм менен коштошуп келүүгө уруксат бериңиз.
62Ыйса ага жооп кайтарып:
– Минткениң сени Кудай Падышачылыгына ылайыксыз кылат. Себеби буурусунду кармап, артына кылчактаган адамдай болуп жатасың, – деди.

موجودہ انتخاب:

Лука 9: КЫРИ

سرخی

شئیر

کاپی

None

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in