YouVersion Logo
تلاش

Лука 8

8
Ыйсанын жолун жолдогон аялдар
1Мындан кийин Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Кудай Падышачылыгына үгүттөп, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү. 2Анын жанында он эки шакирти жана бир топ аялдар бар эле. Бул аялдардын бир нечесин Ыйса кара күчтөрдөн куткарып, ооруларынан айыктырган. Булар ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям, 3Ирод падышанын хан сарайынын башкы кызматчысы Кузанын аялы Жахана, Сусанна жана башка көптөгөн аялдар эле. Алар колунда бар болгон нерселерин Ыйсага арнап, Ага кызмат кылып жүрүштү.
Дыйкан тууралуу ибарат
4Туш тараптан элдер агылып келип, чогулганда, Ыйса ибарат менен сүйлөй баштады:
5Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. Сепкен уругунун кээси жол боюна түшөт да, тепсендиде калып, чымчыктарга жем болот. 6Кээ бири таштак жерге түшүп, өсө баштайт да, ным жетпей куурап калат. 7Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калат. 8Кээ бири жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, жүз эсе түшүм берет.
Анан Ыйса үнүн катуу чыгарып:
– Уга турган кулагы барлар уксун! – деди.
9Шакирттери Андан:
– Бул ибараттын мааниси кандай? – деп сурашты.
10Кудай Падышачылыгынын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген, – деди Ыйса. – Башкаларга болсо Мен ушинтип ибарат менен сүйлөп жатам, ошондуктан алар:
«Караса да, көрүшпөйт,
Тыңшаса да, түшүнбөйт».#8:10 Ышая 6:9 – 10.
11Ибараттын мааниси мындай: урук – бул Кудайдын сөзү. 12Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ибилис келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет. 13Таштак жерге түшкөн үрөн болсо, Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан, бир азга гана ишенишип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка кабылар замат ишенимден баш тартышат. 14Тикендердин арасына түшкөнү болсо, Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана жашоодогу кумарларга алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 15Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү, Кудай сөзүн угуп, туура кабыл алып, таза жүрөктөрүнө сактаган адамдарды билдирет. Алар дайыма жемиш берген үрөнгө окшош.
16Эч ким шамды жаккан соң, үстүнөн идиш менен жаппайт, керебеттин астына да катпайт. Үйгө киргендер анын жарыгын көрсүн деп, шамдалга коёт. 17Анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас, билинип калбас жашыруун иш болбойт. 18Ошондуктан кунт коюп уккула: кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.
Ыйсанын энеси жана бир туугандары
19Бул убакта Ыйсага энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Ага өтө алышпады.
20Ыйсага:
– Энең менен бир туугандарың сени көрөлү деп сыртта турушат, – деп билдиришти.
21Энем менен бир туугандарым, – деди Ыйса аларга жооп берип, – бул – Менин сөзүмдү угуп, аны аткаргандар.
Көлдөгү бороондун токтошу
22Күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп:
– Көлдүн аркы бетине өтөлү! – деди.
23Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Ошол кезде көлдө катуу бороон башталып, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле. 24Ошондо шакирттери Ыйсаны ойготушуп:
– Устат, устат, өлдүк! – дешти.
Ыйса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү. 25Анан шакирттерине бурулуп:
– Ишенимиңер кайда кетти? – деди.
Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири бирине:
Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? – дешти.
Жин даарыган адамдын айыгышы
26Алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гераса жергесине сүзүп барышты. 27Ыйса жээкке чыкканда, көптөн бери жин даарып ооруган, ошол жердеги шаардын бир тургуну алдынан чыкты. Ал үйгө турбай, кийим кийбей, мүрзөлөрдө жашачу экен. 28Ал Ыйсаны көрө коюп, кыйкырып жиберди да, алдына жыгылып:
– Эй, Кудай Тааланын Уулу Ыйса, мени менен кандай ишиң бар?! Сенден суранам, мени азапка салбачы! – деди.
29Себеби Ыйса кара күчкө: «Бул кишиден чык!» – деп буйруган болчу. Бул адамды кара күч көптөн бери кыйнап келиптир. Аны чынжыр менен байлап, кишендешсе да, үзүп таштап, жинге айдалып, чөлгө кетип калчу экен. 30Ыйса андан:
– Атың ким? – деп сурады.
– Түмөн! – деп жооп берди ал.
Анткени бул кишинин ичине түмөндөгөн жиндер кирип алышыптыр. 31Жиндер Ыйсага:
– Бизди туңгуюкка кетире көрбө! – деп жалынышты.
32Ошол жерде бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. Жиндер ошол бадага кирүүгө Ыйсадан уруксат сурашты. Ыйса уруксат берген соң, 33алар ошол адамдан чыгып, чочколорго киришти да, чочколор өздөрүн жардан көлгө таштап, чөгүп өлүштү. 34Муну көрүп турган бадачылар качып жөнөштү. Алар шаар-кыштактарга барып, көргөндөрүн айтышты. 35Эл болгон ишти көрүү үчүн Ыйсага келди. Алар жиндерден бошонгон адамдын кийимин кийип, акыл-эсине келип, Ыйсанын аяк жагында олтурганын көрүп, аябай коркушту. 36Ал адамдын жинден кутулганын көргөндөр бул жөнүндө аларга айтып беришти. 37Ошондо герасалыктардын баары бир ооздон Ыйсадан алардын жеринен кетишин өтүнүштү. Себеби баары тең катуу коркуп калышкан эле. Ыйса кайрадан кайыкка түшүп, артына кайтты. 38Жиндерден кутулган адам аны да кошуп алуусун суранды. Бирок Ыйса:
39Үйүңө бар да, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер, – деп, аны коё берди.
Ал шаарга кайтып, Ыйсанын ага кылган жакшылыгын элдин баарына жарыя кылды.
Тирилген кыз, сакайган аял
40Ыйса Гераса тараптан кайтып келгенде, эл Аны тосуп чыкты. Алар Ыйсаны күтүп турушкан эле. 41Аңгыча синагоганын башчысы болгон Жайыр аттуу бир киши келип, Ыйсанын алдына чөгөлөп, үйүнө келүүсүн суранды. 42Анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан экен. Ыйса Жайырдын үйүнө бара жатканда, эл Аны туш-туштан кысып жатты.
43Элдин арасында он эки жылдан бери ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. Ал колундагысынын баарын дарыгерлерге сарптап, бирок биринен да айыга алган эмес. 44Ошол аял Ыйсанын артынан келип, кийиминин этегине колунун учун тийгизди. Тиер замат кан кеткени токтоду. 45Ошондо Ыйса:
– Ким Мага колун тийгизди? – деди.
Баары:
– Биз эмес! – дешти.
Ошондо Петир менен анын жанында тургандар:
– Устат, эл сени тегеректеп кысып турушса, «ким мага колун тийгизди» дегениң кандай? – деди. 46Бирок Ыйса:
– Кимдир бирөө Мага колун тийгизди, себеби Менден кудурет чыкканын сездим, – деди.
47Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди. 48Ыйса аялга:
– Кызым, ишенимиң сени айыктырды, жакшы барагой, – деди.
49Ыйса сөзүн аяктай электе, синагога башчысына анын үйүнөн бирөө келип:
– Кызыңыз каза болду. Эми устатты бекер убара кылбай эле коюңуз, – деди.
50Муну уккан Ыйса:
– Коркпо, тек гана ишенгин, кызың айыгат, – деди.
51Ошентип, Ыйса синагога башчысынын үйүнө келди. Ал Петир, Жакан, Жакып жана кыздын ата-энесинен башка эч кимге үйгө кирүүгө уруксат берген жок. 52Баары боздоп, ыйлап жатышты. Ошондо Ыйса:
– Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат, – деди.
53Кыздын өлгөнүн билгендер Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. 54Ыйса болсо кыздын колунан кармап, үнүн катуу чыгарып:
– Кызым, тургун! – деди.
55Ошондо кыздын жаны кайтып, ал ошол замат ордунан турду.
– Кызга тамак бергиле! – деди Ыйса. Анан аң-таң болуп турган ата-энесине:
56Бул окуяны эч кимге айтпагыла! – деди.

موجودہ انتخاب:

Лука 8: КЫРИ

سرخی

شئیر

کاپی

None

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in