YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 8

8
Шабылдын куугунтугу
1Шабыл болсо Степанды өлтүрүп жаткандарды жактап турду.
Ошол күндөрү Иерусалимдеги жыйын абдан чоң куугунтукка кабылды. Элчилерден башка ишенүүчүлөр чачырап, Иудея менен Самариянын ар кайсы жерине тарап кетишти. 2Степандын сөөгүн Кудайдан ыйбаа кылган адамдар жерге коюшуп, аны жоктоп ыйлап, катуу кайгыга батышты. 3Ал эми Шабыл болсо үймө-үй кыдырып, эркек-аял дебей зынданга салдырып, ишенүүчүлөр жыйынын кыйнады.
4Ошол арада ар жакка тараган Ыйсанын жолун жолдоочулар Кудайдын сөзүн жер-жерлерге таратып, Жакшы Кабарды жайып жүрүштү.
Филиптин Самариядагы кызматы
5Филип Самариядагы бир шаарга келип, ошол жерде Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды айта баштады. 6Филиптин жасаган кереметтерин уккан-көргөн элдин баары анын сөздөрүнө кунт коюп кулак салышты. 7Себеп дегенде, көптөгөн адамдардан аларды байлап турган кара күчтөр ач кыйкырык менен чыгып жатышты. Шал оорулуулар менен чолоктор болсо айыгып жатты. 8Ошондуктан Филип жүргөн шаардагы эл жыргап, кубанычка бөлөндү.
Сыйкырчы Ысман
9Ошол шаарда Ысман деген бир киши жүргөн. Ал Филип келерде өзүн бир улуу киши деп жарыялап, сыйкырчылык кылып, самариялыктардын оозун ачырып жаткан. 10-11Элдин баары: «Бул кишиде Кудайдын зор кудурети бар экен», – дешип чоң-кичине дебей аны угуп жүрүшкөн. 12Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратып жүргөн Филипке ишенишкен соң, эркектери да, аялдары да сууга чөмүлүштү. 13Ысман сыйкырчынын өзү да ишенимге келди. Ал да сууга чөмүлүп, Филиптин артынан калбай ээрчип жүрдү. Болуп жаткан улуу укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көргөн ал абдан таң калды.
14Иерусалимде калышкан элчилер самариялыктар Кудай сөзүн кабыл алганын угушуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүштү. 15Алар келишип, самариялыктар Ыйык Рухту кабыл алышы үчүн сыйынышты. 16Анткени Ыйык Рух али алардын бирине да түшө элек эле. Алар Эгебиз Ыйсанын гана урматына сууга чөмүлүшкөн болчу. 17Ошондуктан элчилер колдорун алардын үстүнө коюп, батасын беришти жана алар Ыйык Рухту кабыл алышты. 18Ысман сыйкырчы болсо элчилер кол коюп сыйынганда Ыйык Рух берилип жатканын көрүп, аларга акча алып келип мындай деди:
19Кол коюп сыйынган адамым Ыйык Рухту кабыл ала тургандай кылып, мага да силердикиндей кудурет бергилечи.
20Бирок Петир ага айтты:
– Эй, сен акчаң менен жерге кир! Кудайдын бекер берген белегин акчага алмаштыргың келдиби! 21Бул кызматка сенин эч кандай тиешең да, акың да жок, анткени Кудай алдында ниетиң бузук! 22Андыктан бул жаман ниетиңди өзгөрт да, Эгебизден кечирим сурап сыйын! 23Ач көздүк менен арамдыктын чеңгелинде калганыңды көрүп турам!
24Ысман болсо мындай деп жооп кайтарды:
– Айткан сөзүңөр мага тийбесин деп, мен үчүн Эгебизге сыйынып койгула!
25Элчилер болсо өздөрү күбө болгон Кудайдын кереметтерин айтышып, Эгебиздин сөзүн жар салышып, кайрадан Иерусалимге бет алышты. Жолду карата Самариянын көп айылдарында Жакшы Кабарды жарыялашты.
Эфиопиялык вазирдин ишенимге келиши
26Ал эми Филипке болсо Эгебиздин периштеси мындай деди:
– Ордуңан тур да, түштүк тарапта жаткан ээн талаадагы, Иерусалимден Газа шаарына карай кеткен жолго чык!
27Филип ордунан турду да, периште айткан жакка жөнөдү. Ошол кезде Иерусалимге зыярат кылганы келген эфиопиялык бир киши кайра өз жерине кайтып бараткан. Ал Эфиопия ханышасы Кандакиянын вазири, анын бардык казыналарына башчылык кылып турган киши эле. 28Вазир өз арабасында Ышая пайгамбардын китебин окуп бараткан.
29Ыйык Рух Филипке:
– Бар да, ушул арабага катарлаш бас, – деди.
30Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Ышая пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан:
– Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? – деп сурады.
31Ал:
– Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? – деп жооп берди.
Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү. 32Анын Ыйык Жазуудан окуп олтурган жери бул эле:
«Аны койго окшотуп,
Жетелешти союуга.
Жүнүн кыркып жаткандын
Бут алдында унчукпай
Жатып берген козудай,
Ал дагы үн катпады.
33Аны кордоп, кемсинтип,
Адилетсиз соттошту.
Анын укум-тукумун
Баян кылат ким эми?
Анткени жер үстүнөн
Анын жаны алынды?».#8:32-33 Ыш. 53:7-8.
34Вазир Филипке кайрылып:
– Сенден өтүнүч, айтып берчи: пайгамбар ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү? – деди.
35Филип Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, ага Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди. 36Жолду карата маектешип баратышкан булар сууга туш болушту. Аны көргөн вазир:
– Мына, сууга да келип калдык, менин сууга чөмүлүү расмисинен өтүүмө эмне жетишпейт? – деди.#8:36 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
38Анан экөө тең сууга киришти. Филип вазирди чөмүлдүрүү расмисинен өткөрдү. 39Алар суудан чыгышканда, вазирге Ыйык Рух түштү, ал эми Филипти болсо Эгебиздин периштеси алып кетти. Ошондуктан ал вазирге көрүнбөй калды. Вазир кубаныч менен жолун андан ары улантты. 40Ал эми Филип Азот шаарында пайда болуп, Кесарияга келгенче, жолду карата бардык шаарларга Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

Currently Selected:

Элчилер 8: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in