Ыйык Рух Филипке:
– Бар да, ушул арабага катарлаш бас, – деди.
Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Ышая пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан:
– Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? – деп сурады.
Ал:
– Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? – деп жооп берди.
Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү.