Элчилер 7
7
Степандын жогорку кеңеш алдындагы сөзү
1Башкы динкызматчы Степандан:
– Айтылган сөздөр ыраспы? – деп сурады.
2Степан мындай деди:
– Кымбаттуу боордоштор жана кадырман аталар! Атабыз Ыбрайым Харан шаарына көчөрдөн мурда улуу Кудай Месопотамия жеринен ага көрүнгөн болчу. 3Ал ага: «Өз жериңден, туугандарыңдан, атаңдын үйүнөн чык да, Мен көрсөтө турган жерге жөнө!»#7:3 Башт. 12:1. – деген. 4Ошондо ал каздийлердин жеринен чыгып, Харанда жашаган эле. Атасы өлгөн соң, Кудай Ыбрайымды ал жерден азыр сиздер жашап жаткан жерге көчүргөн. 5Кудай ага бул жерден бир карыш да мураска бербеди. Бирок анын баласы жок болсо деле убада кылып, бул жерди ага, анын укум-тукумуна берем деди.#7:5 Башт. 17:8; 48:4. 6Анын тукумдары бөтөн эл, бөтөн жерде көчүп-конуп, төрт жүз жылдай кул болуп, кысымга алынарын айтты. 7«Бирок Мен, – деди Кудай, – аларды кул кылган элди жазалайм. Андан кийин алар ушул жерге келип, Мага табынышат».#7:6-7 Башт. 15:13-14. 8Кудай атабыз Ыбрайымга Өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузуу расмисин берди. Кийин ал Ыскак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Ыскак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Ысрайыл элинин он эки уруусу келип чыккан.
9Жакыптын балдары бир тууганы Жусупту көрө алышпай, Мисирге сатып жиберишти. Бирок Кудай Жусупту колдоду. 10Ал Жусупту бардык күйүтүнөн арылтып, өзгөчө акылмандык берип, Мисир падышасы – фараондун жүрөгүн жибитип, ага ырайым кылдырды. Фараон аны мүлдө Мисир элине жана хан сарайына башчы кылып дайындады. 11Ошол кезде катуу ачарчылык болуп, Мисир жерин да, Канаан жерин да жабыркатты. Биздин аталарыбыз жегенге азык таба албай калышты. 12Жакып болсо Мисирде эгин бар экенин угуп, балдарын ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку сапары болчу. 13Ал эми экинчи жолу келишкенде, Жусуптун ким экенин билинип, алар жөнүндө фараонго белгилүү болду. 14Анан аларды Канаанга жиберип, атасын, бүт туугандарын Мисирге алдыртты. Атасы менен жетимиш беш#7:14 Ысрайылдын тарыхында Жусуптун тукуму чоң роль ойногон үчүн, анын тукуму да кошулуп, Жакыптын тукуму жетимиш беш киши болуп айтылат. Каттоо 32:39; Бийлер 5:14. киши келди. 15Жакып Мисирге келип, ошол жерден о дүйнө кетти. Биздин түп аталарыбыз болгон анын он эки баласы да ошол жакта көз жумушту. 16Алардын сөөктөрү Шехемге алынып келинип, атабыз Ыбрайым шехемдик Омордун балдарынан сатып алган жердеги көрүстөнгө коюлду.
17Кудай Ыбрайымга ант берип, убада кылган убакыт келгенче, Ысрайыл калкы Мисирде өсүп-өнө берди. 18Кийин Жусупту тааныбаган башка бир киши падыша болду. 19Бул падыша биздин элибизге каршы чыгып, аталарыбызды кысмакка алып, жаңы төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү буйруду. 20Ошол убакта Муса төрөлүп, үч ай бою өз үйүндө багылды. Ал өзгөчө сүйкүмдүү бала эле. 21Аны ата-энеси аргасыздан таштап кетишкенде, фараондун кызы таап алып, өз баласындай кам көрүп, үйүндө чоңойтту. 22Ошентип Мусага Мисир жеринин бардык илим-билимин үйрөтүштү. Муса сөзү менен да, иши менен да күчтүү чыкты.
23Ал кыркка чыкканда, бир туугандарын көрүп келейин деп чечти. 24Келип, боордошторунун бирине мисирлик бирөө зордук көрсөтүп жатканын көрдү да, кордук тартканга болуша кетип, мисирликти өлтүрүп алды. 25Муса Кудай мен аркылуу боордошторумду куткарып жатканын алар түшүнөт го деп ойлогон. Бирок алар түшүнүшпөдү. 26Эртеси эки ысрайылдыктын мушташып жатканын көрүп, алардын жанына басып келди да, жараштырайын деген тилекте мындай деди: «Эй, силер боордош болуп туруп, эмне үчүн бири бириңер менен мушташып жатасыңар?» 27Бирок алдуураагы Мусаны түртүп жиберип: «Ким сени бизге башчы же бий кылып шайлады эле? 28Кечээ мисирликти өлтүргөнүңдөй, мени да өлтүргүң келип турабы?»#7:27-28 Чыг. 2:13-14. – деди. 29Бул сөздү укканда, Муса качууга аргасыз болду да, мадиандыктардын жеринде чет элдик катары жашап калды. Анын эки уулу ошол жерде төрөлдү.
30Ал жакта кырк жыл жашагандан кийин, Синай тоосунун этегиндеги чөлдө, күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жалынынан ага бир периште көрүндү.#7:30 Чыг. 3:2. 31Бул көрүнүшкө Муса абдан таң калып, жакшылап карайын деген ой менен жакындап басып келгенде, ага Эгебиздин үнү угулду. Ал мындай деди: 32«Мен сенин ата-бабаларың: Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптын Кудайымын». Муса болсо коркунучтан денеси калтырап, тик кароого даай албады.#7:32 Чыг. 3:6. 33Эгебиз ага дагы мындай деди: «Бутуңду чеч! Анткени сен турган жер – ыйык жер.#7:33 Чыг. 3:5. 34Мен Өз элимдин Мисирде кор болгонун көрүп, онтогонун угуп жатам. Ошондуктан аны куткарып алуу үчүн көктөн түштүм. Эми бар, Мен сени Мисирге кайра жиберем».#7:34 Чыг. 3:7, 8, 10.
35«Ким сени бизге башчы же бий шайлады эле?»#7:35 Чыг. 2:14. деп боордоштору четке каккан Муса ушул эле. Бирок Кудай аны тикенектүү бадалдан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана куткаруучу кылып жөнөттү. 36Мисирде, Камыш деңизинде жана чөлдө кырк жыл бою кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ысрайылдарды Мисирден алып чыккан киши ушул болчу. 37Ысрайылдарга: «Кудай Эгеңер бир туугандарыңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбар чыгарат»,#7:37 Мыйз. 18:15. – деген Муса ушул эле. 38Чөлдө биздин аталарыбыз менен бирге жүрүп, Синай тоосунда периштенин айткан кудуреттүү сөздөрүн кабыл алып, бизге жеткирген Муса ушул эле. 39Бирок ага биздин аталарыбыз моюн сунгусу келбей, аны таназарына албай, эси-дартын Мисирге бурушту. 40Ошондуктан Арунга:#7:40 Арун Мусанын бир тууган агасы жана башкы динкызматчы болгон. «Бизди жетектей турган кудайларды жасап бер! Себеби бизди Мисирден алып чыккан жанагы Муса деген кишиге эмне болгонун билбейбиз!»#7:40 Чыг. 32:1. дешти. 41Ошентип, алар букачардын сөлөкөтүн жасап алып, ошого курмандык чалып, колдорунан жаратылган нерсенин алдында ырдап-чордошту. 42Кудай болсо терс бурулуп, ай-жылдыздарга табынышкан аларды ошол бойдон калтырып кетти. Бул тууралуу пайгамбарлар китебинде мындай деп жазылган:
«Эй, Ысрайыл эли!
Кырк жыл бою чөл кезип,
Курмандыгың чалганда,
Малыңарды сойгондо,
Мага беле ошолор?
43Чоң чатырын Молохтун,
Кудайыңар аталган
Райпандын жылдызын
Жүргөнсүңөр көтөрүп,
Өз колуңар жараткан
Сөлөкөткө табынып.
Ошондуктан Мен дагы
Бабылдын ары жагына
Сүрүп салам силерди».#7:42-43 Амос 5:25-27.
44Кудай Мусага көрсөтүп, Анын айтканындай жасалган касиеттүү чатыр биздин аталарыбыздын колунда, чөлдө болчу. 45Кийин Кудай Канаанда жашаган элдерди кууп жиберип, аталарыбыз Нун уулу Жашыянын жетекчилиги менен алардын жерин ээлеп алган кезде, касиеттүү чатырды бул жерге апкелишти. Дөөттүн убагына чейин чатыр алар менен болду. 46Дөөт болсо Кудайга жаккан адам болчу. Ал «Кудай жашай турган, Анын эли сыйына турган жай таап берейин» деп, Эгебиздин Өзүнөн уруксат сурады. 47Бирок Кудайга ийбадаткананы Сулайман курду. 48Анткен менен Кудай Таала адам колунан жасалган ийбадатканаларда жашабайт. Бир пайгамбар айткандай, Эгебиз:
49«Отурар тагым Менин – көк асманың,
Жериң да – бутум коёр таканчыгым.
Кандай үй курасыңар силер Мага?
Эс алчу кандай жайды тургузасың?
50Жараткан мунун баарын Мен эмеспи?»#7:49-50 Ыш. 66:1-2. –
дейт.
51Эй, тоңмоюндар! Кудайга чын жүрөктөн табынбагандар жана Ага кулак салбагандар! Силер Ыйык Рухка дайыма каршысыңар! Ата-бабаларыңар ушундай болушкан, силер да алардан калышпайсыңар! 52Ата-бабаларыңар куугунтуктабаган пайгамбар барбы деги? Алар Кудайдын адилеттүү Кызматчысынын келишин алдын ала айткандарды өлтүрүшкөн. Эми силер ошол Кызматчыны сатып, өлтүрдүңөр. 53Силер, ыйык мыйзамды периштелер кызмат кылып турганда кабыл алгандар, аны сактаган жоксуңар!
Степандын таш бараңга алынышы
54Муну угушканда, тигилердин кыжыры кайнап, тиштерин кычыратышты. 55Ыйык Рухка толуп турган Степан болсо асманга карап, Кудайдын улуулугун жана Анын оң жагында олтурган Ыйсаны көрдү. 56Ошондо ал:
– Мына, мен асмандын ачылганын жана Кудайдын оң кол жагында олтурган Адам Уулун көрүп турам! – деди.
57Бирок алар кулактарын жаап алышып, жаны чыкканча кыйкырышып, Степанга жулунушту. 58Анан шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо кийимдерин чечип, Шабыл деген бир жигиттин алдына коюшту. 59Алар таш бараңга алып жатышканда, Степан:
– Эгем Ыйса, жанымды кабыл эт, – деп сыйынды.
60Анан чөк түшө калып, катуу үн менен:
– Оо, Эгем! Аларды бул күнөөсү үчүн жазалай көрбө, – деди.
Ушуну айтып, Степан жан берди.
Currently Selected:
Элчилер 7: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018