Элчилер 6
6
Атайын кызматка дайындалган жети киши
1Шакирттердин катары көбөйгөн ушул күндөрдө грек тилдүүлөр алардын арасындагы жесирлер күндөлүк тамак-ашты бөлүштүрүүдө эврей тилдүүлөрдүн арасындагы жесирлерден кем алып жүрүшүптүр деп нааразы болушту. 2Ошондо элчилер шакирттердин баарын чакырып алып, мындай дешти:
– Кудайдын кабарын таратууну таштап, тамак-аш менен алек болгонубуз жакшы болбос. 3Ошондуктан, боордоштор, араңардан ишеничтүү, Ыйык Рухка толгон жети акылман кишини тандагыла, бул кызматка ошолорду дайындайлы. 4Биз болсок убактыбызды сыйынууга, Жакшы Кабар таратканга жумшайлы.
5Бул сунуш жыйынга жакты. Алар ишеними күчтүү жана Ыйык Рухка толгон адамдар – Степанды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана эврей улутунан эмес антахиялык Николаны тандашты. 6Ушул жети кишини элчилердин алдына алып келишти. Элчилер Кудайга сыйынышып, колдорун жайып, аларга бата тилешти.
7Кудайдын сөзү улам кеңири тарап, шакирттердин саны Иерусалимде абдан көбөйдү. Дин кызматчылардын арасынан да көп адамдар Ыйсага ишенгендерге кошулушту.
Степандын кармалышы
8Ишеними күчтүү жана Кудайдын кудуретине толгон Степан эл арасында улуу укмуштар менен кереметтерди жаратып жатты. 9Бирок бир күнү «эркин адамдардын синагогасы» аталган синагогадан кайсы бир адамдар Степан менен талаша кетишти. Алар Киренея менен Александрия шаарларынан жана Киликия менен Асия дубандарынан келишкен иудейлер эле. 10Бирок Ыйык Рухтун жетегинде акылмандуулук менен сүйлөгөн Степандын сөздөрүнө каршы тура алышпады. 11Ошондуктан кайсы бир адамдарды тымызын табышып: «Биз мунун Муса пайгамбарга каршы сүйлөп, Кудайга акарат келтиргенин уктук» деп аларды тукуруп коюшту. 12Ошентип, элди, эл башчыларын жана дин мугалимдерин Степанга каршы чыгарып, аны кармашты да, жогорку кеңешке алып келишти. 13Жалган күбөлөрдү жалдап, аларга мындай деп айттыртышты: «Бул киши касиеттүү жайыбыз ийбадаткананы жана Муса пайгамбардын мыйзамын дайыма жамандап жүрөт. 14Биз анын „назареттик Ыйса бул ийбадаткананы талкалап, Муса пайгамбардын бизге калтырган үрп-адаттарын өзгөртөт“ деп айтканын уктук».
15Ушул жерден жогорку кеңеште олтургандардын баары Степанга кадала карап калышты, анткени анын жүзү периштеникиндей жаркырап, нурданып турган эле.
Currently Selected:
Элчилер 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018