Элчилер 3
3
Тубаса аксак кишинин айыгышы
1Ошол күндөрдүн биринде, сыйынуу убагы келгенде, тактап айтканда, күндүзгү саат үчтөрдө Петир менен Жакан ийбадатканага барышты. 2Ал жерде тубаса аксак киши бар эле. Бул кишини ийбадатканага кирип жаткандардан кайыр суратып, ар күнү ийбадаткананын «Кооз Дарбаза» деген дарбазасынын жанына көтөрүп келип, олтургузуп коюшчу. 3Ал ийбадатканага кирип бараткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан да кайыр сурады. 4Петир менен Жакан анын көзүнө кадала тиктеп:
– Бери кара! – дешти.
5Ал киши бир нерсе үмүт этип, жалдырап тиктеп турду.
6Петир ага:
– Менде алтын менен күмүш жок. Бирок колумдан келгенин берейин: назареттик Ыйса Машаяктын атынан сага айтам, тур да басып кет! – деди. – 7Анан оң колунан кармап, ордунан тургузду.
Ошол замат анын бутуна кубат кирип, 8ордунан ыргып турду да басып кетти. Кубанганынан Кудайды мактап так секирип, алар менен бирге ийбадатканага кирди. 9Ошондо элдин баары анын Кудайды мактап, басып жүргөнүн көрүп, 10Кооз Дарбазанын алдында кайыр сурап олтурган адам экенин таанып, ал башынан өткөргөн окуяга аң-таң болушту.
Петирдин кайрылуу сөзү
11Сакайган киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегенинен улам, элдин баары таңданышып, алардын жанына – Сулаймандын бастырмасы аталган жайга чогулуп калышты. 12Муну көргөн Петир элге кайрылып мындай деди:
– Урматтуу, агайындар! Биз бул ишти өз күчүбүз же ыйык кудуретибиз менен жасап салгансып, эмне үчүн буга мынча таң калып карап турасыңар? 13Биздин аталарыбыз Ыбрайым, Ыскак, Жакыптардын Кудайы Өз кулу Ыйсаны улуулукка бөлөдү. Аны силер бийлик башындагыларга кармап бердиңер. Бошотмокчу болгон Пилатка каршылык кылып, Андан баш тарттыңар. 14Силер ыйык жана адилет Инсанды четке кагып, Анын ордуна канкорду бошотуп бер деп сурандыңар. 15Ал эми өмүрдүн Ээси болгон Ыйсаны өлтүрүп салдыңар! Бирок Кудай Аны кайра тирилтти, буга жалпыбыз күбөбүз. 16Ыйсага болгон ишенимдин урматына силер көрүп, билип жүргөн мына бул кишиге Кудай кубат берди да, ал берген ишеним баарыңардын көз алдыңарда муну айыктырды. 17Туугандар, силер да башчыларыңар сыяктуу эле муну түшүнбөстүктөн улам жасаганыңарды билем. 18Ал эми Кудай Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машаяк азап тартат деп алдын ала айтканын ушундайча аткарды. 19Андыктан адашкан жолуңардан кайтып, күнөөңөрдүн кечирилиши үчүн ниетиңерди өзгөрткүлө. 20Ошондо Эгебиз жан дүйнөңөргө жаңылануу берип, силерге алдын ала дайындаган Машаягы – Ыйсаны жиберет. 21Кудайдын абалтадан эле Өз пайгамбарлары аркылуу айткан бардык убадалары толук орундала турган кезге чейин Ал асманда болууга тийиш. 22Муса пайгамбар биздин аталарыбызга мындай деген: «Кудай Эгебиз өз боордошторуңардын арасынан мага окшогон бир пайгамбарды чыгарат. Ал силерге эмне айтса, баарын уккула.#3:22 Мыйз. 18:15, 18. 23Эгерде кимде-ким ошол пайгамбарга дилин бурбаса, ал Кудайдын элинен чыгарылып, жок кылынат».#3:23 Мыйз. 18:19. 24Шамил пайгамбардан баштап, андан кийин бардык пайгамбарлар да ушул күндөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө алдын ала айтып кетишкен. 25Силер ошол пайгамбарлардын урпактарысыңар жана Кудайдын ата-бабаңар менен түзгөн келишиминин мураскорусуңар. Кудай Ыбрайымга: «Сенин урпагың аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдерге батам тиет!»#3:25 Башт. 22:18; 26:4. – деп, аны менен келишим түзгөн. 26Ошондуктан ар бириңерди ыймансыз жолуңардан кайтарып, батасын берүү үчүн Кудай Өз кулу Ыйсаны дайындап, Аны эң алгач силерге жиберди.
Currently Selected:
Элчилер 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018