YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 4

4
Эки элчинин түрмөгө камалышы
1Петир менен Жакан элге сүйлөп жаткан маалда, динкызматчылар, ийбадаткананын кароол башчысы жана садукейлер басып келишти. 2Алар бул экөөнүн элди окутканына жана Ыйсаны мисал кылып, кайра тирилүү жөнүндө айтып жатканына абдан нааразы болушту. 3Ошондуктан аларды кармап, кеч кирип калгандыктан, таң атканга чейин кайтарып турсун деп, сакчылардын колуна өткөрүп беришти. 4Уккандардын көбү, беш миңге жакын адам Петир менен Жакандын сөзүнө ишеништи.
Элчилердин күбөлүк сөзү
5Эртеси иудей башчылары, эл башчылары жана дин мугалимдери Иерусалимге чогулушту. 6Башкы динкызматчы Анас менен Каяп, Жакан, Искендер жана башка жогорку динкызматчылардын уруусунан чыккан көптөгөн адамдар топтолушту. 7Алар эки элчини тегеректешип:
– Силер бул кишини кандай күч менен, кимдин кудурети менен айыктырдыңар? – деп сурашты.
8Ыйык Рухка толуп турган Петир аларга мындайча жооп берди:
– Урматтуу эл башчылары! Кадырман аксакалдар! 9Эгер бүгүн бир алсыз пендеге кылынган жакшылык жайында жана анын кандайча айыкканы туурасында бизден жооп талап кылып жаткан болсоңуздар, 10анда баарыңыздарга – бүткүл Ысрайыл элине маалым болсун: сиздер жыгачка кадап өлтүргөн жана Кудай кайрадан тирилтип алган назареттик Ыйса Машаяктын кудурети менен бул адам айыгып, алдыңыздарда турат. 11Ыйык Жазууларда мындай деген сөз бар: «Сиздер, куруучулар кереги жок деп четке чыгарып таштаган таш үйдүн негизги ташы болуп калды!»#4:11 Заб. 117:22. Ыйса ошол таштын өзү! 12Ыйсадан башка эч ким бизди куткара албайт, анткени асман алдында бизди куткаруу үчүн жиберилген Андан башка эч ким жок.
Элчилердин бошотулушу
13Петир менен Жакандын атайын билими жок, карапайым адамдар экенин билген эл алардын кайраттуулугун көрүп, таң калышты. Ошондой эле алардын Ыйса менен бирге жүргөнүн эстешти. 14Ал эми алардын жанындагы айыккан кишини көрүп, каршы эч нерсе дей алышпады. 15Аларга жогорку кеңештен чыгууну буйрушуп, өз ара мындай деп кеңешишти:
16Буларды эмне кылалы? Анткени Иерусалимде жашагандардын баарына булардын анык таң калыштуу бир иш жасаганы маалым! Биз муну тана албайбыз. 17Бирок бул иш эл арасына дагы кеңири жайылып кетпес үчүн аларга: «Ыйса дегениңерди эч кимге айтпагыла!» деп коркутуп, тыюу салалы, – дешти.
18Анан элчилерди чакырышып:
– Мындан ары Ыйсанын атын атап, ал жөнүндө эч нерсе айтпагыла да, окутпагыла! – деп буйрук беришти.
19Бирок Петир менен Жакан аларга мындай дешти:
– Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү: Кудай алдында Аны укпай, силерди угуу туура болобу? 20Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз.
21Жогорку кеңештегилер шал болгон адамдын айыкканынан улам Кудайды даңктап жаткан элден айбыгып, анын үстүнө жазалаганга себеп таба алышпагандыктан ызырынышып, колдорун кезеп коркутуп, аларды коё беришти. 22Бул кереметтүү жышаанды башынан өткөрүп, айыгып кеткен кишинин курагы кырктан ашып калган эле.
Жыйындын сыйынуусу
23Бошонгон соң, Петир менен Жакан өз адамдарына келишти. Аларга жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын айткандарын айтышты. 24Муну уккандар бир добуштан Кудайга кайрылып, сыйынышты:
– Ааламдын Эгеси, асман-жердин, деңиздин жана алардагы бардык нерселердин жаратуучусу болгон Кудай! 25Сен биздин атабыз болгон Өз кулуң Дөөт аркылуу Ыйык Рух менен мындай дедиң эле:
«Болбогон ойду ойлошуп
Неге каршы чыгышат?
26Падышалар жердеги
Көөдөндөрүн көтөрүп,
Чогулуп алып төрөлөр,
Эгебизге ат коюп,
Анын Машаягына
Неге каршы чыгышат».#4:25-26 Заб. 2:1 – 2.
27Чындап эле бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат, иудей эместер жана ысрайылдар Өзүң падыша шайлаган касиеттүү кулуң, Ыйсага каршы чыгышты. 28Ооба, мындай болору Сенин абалтан эле алдын ала белгилеп койгон эркиңдин жана максатыңдын аткарылышы. 29Оо, Эгебиз, эми болсо алардын коркутууларына назар салып, кулдарыңдын эр жүрөктүк менен Сенин сөзүңдү сүйлөөсүнө жардам бер. 30Касиеттүү кулуң Ыйсанын аты менен оорулууларды сакайтып, кереметтүү иштерди жасап, кудуретиңди көрсөтө көр.
31Ошондо алардын сыйынуусунан кийин алар чогулган жай солкулдап, баары Ыйык Рухка толушуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.
Алгачкы жыйындагы турмуш
32Ишенгендер жыйыны бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу жашашты. Эч кимиси колундагысын меники дебей, баарын ортого салышты. 33Элчилер болсо Эгебиз Ыйсанын кайра тирилишине күбө болушканын чоң жигер менен айтып жүрүштү. Ошентип, алардын арасына Кудайдын кут-берекеси төгүлүп турду. 34Муктаж болгон адам болбоду. Анткени кимдин жери, үй-жайы болсо, сатып, түшкөн каражатты ортого алып келип, 35элчилердин колуна тапшырып жатышты. Элчилер болсо ар кимдин муктаждыгына жараша бөлүштүрүп турушту. 36Мисалы, Леби уруусунан чыккан Жусуп аттуу бир кипрлик киши бар болчу. Аны элчилер Барнап (мааниси Колдоочунун уулу) дешчү. 37Анын да менчик жери бар болчу. Ал жерин сатып, түшкөн акчасын алып келип, элчилерге берди.

Currently Selected:

Элчилер 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in