Лука 6
6
Дем алыш күн тууралуу
1Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйсага шакирттери менен эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Шакирттери буудайдын башын жулуп, ушалап, жеп баратышты. 2Муну көргөн кайсы бир фарисейлер Ыйсага:
– Силер эмне үчүн дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатасыңар? – дешти.
– 3Дөөт жанындагылары менен ачка калганда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4Ал Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон, – деди Ыйса аларга. – 5Адам Уулу – дем алыш күндүн да ээси, – деп кошумчалады Ыйса.
Колу сенек адам
6Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Ыйса синагогага кирип, таалим берип, сөз сүйлөп калды. Синагогада оң колу сенек бир адам бар эле. 7Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсадан кынтык издешип, оорулууну айыктырар бекен деп аңдып турушту. 8Алардын мындай оюн билген Ыйса колу сенек адамга:
– Ордуңан тур да, алдыга чык! – деди.
Ал ордунан туруп, алдыга чыкты. 9Ошондо Ыйса дин мугалимдери менен фарисейлерге кайрылып, мындай деди:
– Силерге бир суроо берейин: дем алыш күнү жакшылык менен жамандыктын кайсынысын кылуу керек? Жанды куткаруу керекпи, же куратуу керекпи?
10Ыйса баарын бир сыйра кыдырата карап алды да, алиги кишиге:
– Колуңду сун! – деди.
Ал сунары менен, колу айыгып кетти.
11Тигилер болсо кутургандай жинденишип, Ыйсаны эмне кылсак экен деп, өз ара акылдаша башташты.
Он эки шакирттин элчиликке тандалышы
12Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого барып, түнү бою Кудайга сыйынды. 13Күн чыкканда, шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчи деп жарыялады. 14Алар төмөнкүлөр эле: Ыйса Петир деп атаган Ысман, анын иниси Идрис, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, 15Матай, Том, Алпейдин баласы Жакып, Динчил атка конгон Ысман, 16Жакыптын баласы Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.
Ыйсанын адамдарга таалим берип, айыктырышы
17Ыйса шакирттери менен тоодон түз жерге түшүп келди. Анын жанына көптөгөн шакирттери жана бүткүл Иудеядан, Иерусалимден, деңиз жээгинде жайгашкан Тир менен Сидон аймактарынан келген көп эл чогулду. 18Алар Ыйсанын сөзүн угуп, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Кара күчтөргө байланып, кыйналгандар да сакайып кетип жатышты. 19Элдин баары Ыйсага колун тийгизүүгө аракеттенип жатышты, анткени Андан чыккан кудуреттүү күчтөн баары айыгып жатты.
20Ошондо Ыйса шакирттерин карап мындай деди:
– Жардылар, силер бактылуусуңар,
Кудай Падышачылыгы силердики.
21Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар,
Акыры тоюнасыңар.
Азыр ыйлап жүргөндөр, силер бактылуусуңар,
Кубанып күлөсүңөр.
22Адам Уулуна ишенгениңер үчүн
Жек көрүндү кылышып,
Элден бөлүп салышып,
Шылдыңдашып, кордошуп,
Жаманатты кылышса,
Бактылуусуңар силер.
23Ошол күндөр келгенде,
Шаттангыла кубанып.
Эң чоң сыйлык асманда,
Күтүп турат силерди.
Алардын аталары пайгамбарларды да ошондой куугунтукка алышкан!
24А бирок азыр байлар,
Шордуусуңар силер!
Алчуңарды азыртан
Толугу менен алдыңар!
25Азыр курсагы токтор,
Шордуусуңар силер!
Ачкадан кезересиңер!
Азыр жыргап күлгөндөр,
Шордуусуңар силер!
Кайгырасыңар боздоп!
26Элдин баары макташса,
Шордуусуңар силер!
Алардын аталары жалган пайгамбарларга да ошентишкен.
27Бирок Мени угуп турган, калайык, сага айтам:
Душманыңды сүйгүнүң,
Сени жаман көргөнгө,
Жакшылык кылгының.
28Каргаганды алкагын,
Кордогон адам үчүн сыйын,
29Бир жаагыңа чапканга
Экинчисин тосуп бер,
Тонуңду сыйрып жатканга
Көйнөгүңдү кошуп бер.
30Ким сураса, бергиниң,
Кайра андан доолаба.
31Өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. 32Өзүңөрдү сүйгөндөрдү сүйгөнүңөр үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Өздөрүн сүйгөндөрдү күнөөкөрлөр деле сүйүшөт. 33Өзүңөргө жакшылык кылгандарга жакшылык кылганыңар үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Мындайды күнөөкөрлөр деле кылышат. 34Кайтарып берер деген адамдарга гана карыз бергениңер үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Чыпчыргасын коротпой кайра алуу үчүн күнөөкөрлөр деле бири бирине карыз беришет. 35А силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана Кудай Тааланын балдары болосуңар, анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү. 36Силер асмандагы Атаңардай боорукер болгула.
37Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер. 38Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет.
39Ыйса сөзүн ибарат түрүндө улады:
– Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби. 40Шакирт устатынан өйдө болбос. Бирок жетилсе, устатындай боло алат.
41Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? 42Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», – деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң.
43Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт. 44Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм теришпейт да, туурабы? 45Анын сыңары, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.
46Эмнеге силер мени «Эге, Эге» дейсиңер да, айтканымды кылбайсыңар? 47Мага келип, сөздөрүмдү угуп, аны аткарган киши кимге окшош экенин айтып коёюн. 48Ал жерди терең казып, пайдубалын ташка орнотуп туруп, үй курган киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, ал былк этпейт. Себеп дегенде, ал мыкты салынган. 49Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн пайдубалсыз, жерге эле салып койгон адамга окшош. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, үйү ошол замат кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.
موجودہ انتخاب:
Лука 6: КЫРИ
سرخی
شئیر
کاپی
کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018