1
Лука 6:38
Инжил ЛС (2005)
Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет.
موازنہ
تلاش Лука 6:38
2
Лука 6:45
Анын сыңары, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.
تلاش Лука 6:45
3
Лука 6:35
А силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана Кудай Тааланын балдары болосуңар, анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү.
تلاش Лука 6:35
4
Лука 6:36
Силер асмандагы Атаңардай боорукер болгула.
تلاش Лука 6:36
5
Лука 6:37
Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер.
تلاش Лука 6:37
6
Лука 6:27-28
Бирок Мени угуп турган, калайык, сага айтам: Душманыңды сүйгүнүң, Сени жаман көргөнгө, Жакшылык кылгының. Каргаганды алкагын, Кордогон адам үчүн сыйын
تلاش Лука 6:27-28
7
Лука 6:31
Өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл.
تلاش Лука 6:31
8
Лука 6:29-30
Бир жаагыңа чапканга Экинчисин тосуп бер, Тонуңду сыйрып жатканга Көйнөгүңдү кошуп бер. Ким сураса, бергиниң, Кайра андан доолаба.
تلاش Лука 6:29-30
9
Лука 6:43
Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт.
تلاش Лука 6:43
10
Лука 6:44
Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм теришпейт да, туурабы?
تلاش Лука 6:44
صفحہ اول
بائبل
مطالعاتی منصوبہ
Videos