Лука 23

23
Ыйса Пилаттын алдында
1Чогулгандардын баары ордуларынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да, 2айыптай башташты:
– Биз мына бул кишинин элибизди бузуп жүргөнүн жана Рим падышасына салык төлөөгө каршы чыкканын аныктадык. Ал өзүн Машаякмын, мындайча айтканда, Падышамын деп жүрөт, – дешти.
3Ошондо Пилат Ыйсадан:
– Иудейлердин падышасы сенсиңби? – деп сурады.
Ыйса:
– Өзүңүз айтып турасыз, – деп жооп берди.
4Пилат жогорку динкызматчылар менен жыйылган элге кайрылып:
– Мен бул адамдан эч бир күнөө таппай турам, – деди.
5Бирок алар ого бетер күчөшүп:
– Бул киши Галилеядан баштап, ушул жерге чейин бүткүл Иудеяга өз таалимин таратып, элди ээликтирип жүрөт, – дешти.
6Пилат Галилея тууралуу укканда:
– Бул киши галилеялыкпы? – деп сурады.
7Ыйсанын Ирод бийлеген аймактан экенин билген соң, Пилат Ыйсаны ошол майрам күндөрү Иерусалимде жүргөн Иродго жөнөттү.
Ыйса Ироддун алдында
8Ирод Ыйсаны көргөнүнө аябагандай кубанды, себеби Ал жөнүндө кабардар болуп, Андан бир керемет көрсөм деп, көптөн бери көксөп жүргөн эле. 9Ирод Ыйсага көп суроо берди, бирок Ыйса алардын бирине да жооп берген жок. 10Ошол жерде турушкан жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери болсо Ыйсаны күчүнүн барынча каралап жатышты. 11Ошондо Ирод да жоокерлери менен бирге Ыйсаны кордоп, мазактады да, үстүнө падыша чапанын жаап, кайра Пилатка жиберди. 12Ушул кезге чейин касташып келген Пилат менен Ирод ошол күнү дос боло калышты.
Ыйсаны өлүмгө кыюу
13Пилат жогорку динкызматчыларды, уруу башчыларын жана элди чакыртып алып, 14мындай деди:
– Мына бул адамды элди бузуп жүрөт деп, мага алып келдиңиздер. Мына, мен аны өзүңүздөрдүн көз алдыңыздарда суракка алып, бул адамдан силер айыптагандай эч бир күнөө таппадым. 15Ирод да ошентти, анткени мен бул адамды ага жөнөткөн элем. Демек, ал өлүм жазасына тартыла тургандай эч кандай кылмыш кылган жок. 16Ошондуктан аны сабатып туруп, бошотуп жиберем, – деди.#23:16 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
18Бирок чогулган элдин баары:
– Өлтүр аны! Бизге Бараббаны бошотуп бер! – деп чуулдашты.
19Барабба болсо шаарда көтөрүлүш чыгарып, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө камалган эле. 20Пилат Ыйсаны коё бермекчи болуп, кайрадан элге кайрылды. 21Бирок алар:
– Аны айкаш жыгачка кер! Аны айкаш жыгачка керип сал! – деп чуу салышты.
22Пилат алардан:
– Бул киши кандай жамандык кылды? – деп үчүнчү жолу сурап, – мен андан өлүм жазасына тарта тургандай эч айып таппай турам. Ошондуктан сабатып туруп, бошотуп жиберейин, – деди.
23Бирок алар бир ооздон:
– Аны айкаш жыгачка керип сал! – деп кыйкыра беришти.
Акыры эл менен башкы диний кызматчылардын кыйкырыктары үстөмдүк кылып, 24Пилат алардын талабына көнүүгө аргасыз болду. 25Көтөрүлүш чыгарганы жана киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө камалган адамды алардын суранычы боюнча бошотуп жиберди, ал эми Ыйсаны алардын ыктыярына тапшырды.
Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы
26Жоокерлер Ыйсаны жазалай турган жерге алып бара жатышканда, айылдан шаарга келе жаткан Ысман аттуу киринеялыкты кармап алышып, ага айкаш жыгачты артып, Ыйсанын аркасынан көтөртүп коюшту.
27Ыйсаны өтө көп эл ээрчип келе жатты. Көптөгөн аялдар боздоп, ыйлап баратышты. 28Ыйса аларга кайрылып, мындай деди:
– Оо, Иерусалим аялдары! Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн жана балдарыңар үчүн ыйлагыла! 29Себеби «Согончогу канабаган, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу!» дей турган, азаптуу күндөр келет. 30Ошол убакта адамдар тоолорго: «Үстүбүзгө кулагыла!» дөбөлөргө: «Бизди көөмп калгыла!»#23:30 Ошуя 10:8. деп айта турган болушат. 31Эгер жашыл даракты ушундай кылып жатышса, анда куураган жыгачка эмне болот?
32Жоокерлер Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүрүүгө алып баратышты. 33Алар «Баш сөөк жайы» деген жерге келишкенде, Ыйса менен кошо кылмышкерлерди да, бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты. 34Ыйса:
– Оо, Ата, буларды кечирегөр! Алар эмне кылып жатышканын өздөрү билишпейт, – деди.
Жоокерлер чүчү кулак кармашып, Ыйсанын кийимдерин өз ара бөлүп алышты. 35Эл муну карап турду. Башчылар да Ыйсаны мазакташып:
– Ал башкаларды куткарчу эле. Эгер чын эле ал Кудай тандаган Машаяк болсо, эми өзүн куткарып көрсүнчү! – дешти.
36Жоокерлер да алдына келип, Ага кычкыл ичимдик сунушуп:
37Эй, иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы, – деп Аны кордошту.
38Жыгачтын өйдө жагында «Бул – иудейлердин падышасы» деп грек, латын жана эврей тилдеринде жазылган такта кагылуу эле.
39Ыйсанын жанына жыгачтарга кагылган эки кылмышкердин бири Аны мазактай:
– Сен Машаяк эмессиңби? Кана, өзүңдү да, бизди да куткарбайсыңбы! – деди.
40Экинчиси, тескерисинче, аны тыйып:
– Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң да бул жазага тартылдың го. 41Биз го кылган иштерибизге жараша тийиштүү жазабызды алдык. Бул болсо эч жамандык кылган жок, – деди.
42Ошондон кийин Эгебизге:
– Ыйса, падышачылыгыңа келгенде, мени эстей көр, – деди.
43Ыйса:
– Сага бир чындыкты айтып коёюн: бүгүн сен Мени менен бирге бейиште болосуң! – деди.
Ыйсанын өлүмү
44-45Түшкү саат он экилерде күн тутулуп, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. Ийбадатканадагы көшөгө тең ортосунан айрылып, экиге бөлүндү. 46Ыйса бар үнү менен:
– Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырып жатам!#23:46 Забур 30:6. – деп кыйкырды. – Ушундай деп, Ал акыркы демин чыгарды.
47Ушул окуяларды көрүп турган римдик жүз башы:
– Бул адам, чынында эле, ак экен! – деп, Кудайды даңктады.
48Кызык көргөнү чогулуп, бул окуяга күбө болгон эл көкүрөгүн койгулап, катуу кайгырып, шаарга кайтышты. 49Ал эми Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Галилеядан бери ээрчип келген аялдар ушунун баарын алыстан карап турушту.
Ыйсанын көргө коюлушу
50Жогорку кеңештин Жусуп аттуу мүчөсү бар эле. Ал Иудеядагы Ариматия шаарынан чыккан, ак пейил, адил адам болчу. 51Ал иудей жетекчилеринин чечими менен ишине макул болбогон, Кудай Падышачылыгын күтүп жүргөн киши боло турган. 52Эми ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурап алды. 53Аны жыгачтан түшүрүп алып, ак кепинге ороду. Аска ташты оюп жасалган, али эч ким коюлбаган бир көргө алып барды. 54Бул иш даярдануу күнү кечинде, дем алыш күнү жаңы башталган маалда болду. 55Ыйса менен бирге Галилеядан келген аялдар Жусупту ээрчип келишип, көрдү да, анын ичине сөөктүн кандай коюлганын да көрүштү. 56Алар шаарга кайтышып, атыр менен жыттуу май камдашты.
Дем алыш күнү болсо Тоорат мыйзамына ылайык эч иш кылбай, эс алышты.

હાલમાં પસંદ કરેલ:

Лука 23: КЫРИ

Highlight

શેર કરો

નકલ કરો

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in