1
Башталыш 3:6
Инжил ЛС (2005)
Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы, көз жоосун алган сонун экенин көрүп, акылдуу кыларын билип, жегиси келди. Жемишти үзүп алып жеди да, жанындагы күйөөсүнө берип, ал да жеди.
Compare
Explore Башталыш 3:6
2
Башталыш 3:1
Кудай Эге жараткан айбандардын ичинен эң куусу жылан эле. Ал аялдан: – Кудайдын силерге бактагы бир дагы дарактын жемишинен жебегиле дегени чынбы? – деп сурады.
Explore Башталыш 3:1
3
Башталыш 3:15
Аял экөөңөрдү, сенин тукумуң менен анын тукумун кас кылам. Аялдын тукуму башыңды жанчыйт, сен анын согончогун чагасың, – деди.
Explore Башталыш 3:15
4
Башталыш 3:16
Ал эми аялга мындай деди: – Кош бойлуу кезиңде азабыңды көбөйткөндөн көбөйтөм, балдарыңды кыйналып төрөйсүң. Сен күйөөңө куштар болосуң, ал болсо сени башкарат.
Explore Башталыш 3:16
5
Башталыш 3:19
Өзүң жаралган жердин койнуна кайтып барганча, жээр наныңды маңдай териң менен табасың. Сен топурактан жаралдың, кайра топуракка кайтасың!
Explore Башталыш 3:19
6
Башталыш 3:17
Ал эми адамга мындай деди: – Аялыңдын тилин алып, Мен тыюу салган дарактын жемишинен жеген сенин кесириңден жердин кыртышы каргышка калды! Мындан кийин өмүр бою азап тартып наныңды жерден таап жейсиң.
Explore Башталыш 3:17
7
Башталыш 3:11
Кудай Эге адамдан: – Жылаңачсың деп сага ким айтты? Мен жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби? – деп сурады.
Explore Башталыш 3:11
8
Башталыш 3:24
Адамды кууп чыккандан кийин, өмүр бере турган даракка алып барчу жолду күзөтүү үчүн Эден багынын чыгыш жагына керуптарды жана туш тарапка айланып турган оттуу кылычты коюп койду.
Explore Башталыш 3:24
9
Башталыш 3:20
Адам аялына Обо деген ат койду. Себеби ал жердеги жашоочулардын түпкү энеси болду.
Explore Башталыш 3:20
હોમ
બાઇબલ
યોજનાઓ
વિડિઓઝ