Жакан 5
5
Ыйсанын Бейтсайдадагы оорулууну айыктыруусу
1Бир аз убакыттан кийин иудейлердин дагы бир майрамы болуп, ошого катышуу үчүн Ыйса Иерусалимге жөнөдү. 2Шаардын «Кой дарбаза» деп аталган дарбазасынын тушунда бир көлмө бар эле. (Анын эврейче аталышы – Бейтсаада.) Тегерегинде түркүктүү беш бастырма салынган. 3Аларда сокурлар, аксактар, шал оорусуна чалдыккандар, дагы башка көптөгөн оорулуулар жатышчу.#5:3 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 5Бул жерде отуз сегиз жылдан бери ноокастап жаткан киши бар эле. 6Ыйса анын жатканын көрүп, көптөн бери оорулуу экенин билген соң:
– Сакайгың келеби? – деп сурады.
– 7Ооба, мырза, бирок көлмө толкуганда сууга түшүрөр адамым жок. Мен жеткиче башка бирөө түшүп алат, – деди оорулуу.
– 8Ыйса ага:
– Тур, төшөнчүңдү ал да, баскын! – деди.
9Жанагы киши ошол замат эле оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул окуя дем алыш күнү болгон эле. 10Ошондуктан иудей башчылары айыккан адамга:
– Бүгүн дем алыш күн эмеспи? Төшөнчүңдү эмне үчүн көтөрүп жүрөсүң? Мыйзам боюнча бүгүн иш кылууга болбойт! – дешти.
11Анда айыккан адам аларга:
– Мени айыктырган киши: «Төшөнчүңдү ал да, бас!» деген эле, – деди.
12Тигилер болсо:
– «Төшөнчүңдү ал да, бас!» дегендей ал ким өзү?! – дешти.
13Элдин көптүгүнөн айыккан киши Анын ким экенин билбей калган, анткени Ыйса калың элдин арасына кирип сиңип кеткен. 14Кийинчерээк Ыйса жанагы кишиге ийбадаткананын короосунан жолугуп, мындай деди:
– Мына, сен айыктың, мурункудан да жаман акыбалга туш болгуң келбесе, мындан ары күнөө кылба!
15Жанагы киши иудей башчыларына барып, аны Ыйса айыктырганын айтты. 16Ыйса ушуну дем алыш күнү жасагандыктан, Аны куугунтукташты. 17Ыйса аларга мындай деди:
– Атам эмгектен кол үзбөйт. Ошондуктан Мен да үзгүлтүксүз эмгектенип жатам.
18Мындан кийин иудей башчылары Ыйсага мурункудан бетер каршылашып, өлтүрмөкчү болушту. Себеби Ал алардын диний дем алыш күнүнүн эрежелерин гана бузбастан, Кудайды «Менин Атам» деп, Өзүн Кудайга теңеди.
Кудай Уулунун бийлиги
19Ыйса аларга мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атасынын кылып жаткан иштерин көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Атасы кылып жаткан иштерди Уулу да кылат. 20Атасы Уулун жакшы көрөт, ошондуктан Өзү кылганынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай силер таң кала турган, мындан да зор кереметтерди көрсөтөт. 21Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей, Уулу да каалагандарын тирилтет. 22Атасы Өзү эч кимди соттобойт. Ал бардык сотту Уулуна тапшырган, 23ошондуктан Атасын урматтаган ар ким Уулун да ошондой урматтасын. Ал эми кимде-ким Уулун урматтабаса, Аны жиберген Атасын да урматтабайт. 24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сөзүмө кулак салып, Мени Жибергенге ишенген ар ким түбөлүк өмүргө ээ, ал кыямат сотуна тартылбайт, тескерисинче, рухий өлүмдөн чыныгы өмүргө өттү.
25Силерге бир чындыкты айтып коёюн: руху өлүктөр Кудай Уулунун үнүн уга турган убакыт келет, ал тургай келип да калды. Ошол үндү уккандардын руху тирилет. 26Себеби Атасынын Өзү өмүрдүн булагы болгон сыяктуу, Уулун да өмүрдүн булагы кылган. 27Ал Адам Уулу болгондуктан, Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да тапшырган. 28Буга таң калбагыла, анткени көрдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. 29Ошондо өлгөндөр көрдөн туруп келишет: жакшылык кылгандары – өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандары – соттолуу үчүн тирилишет. 30Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Кудайдан укканыма жараша гана соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени Жибергендин эркин аткарууну көздөйм.
Ыйсанын чыныгы табияты тууралуу далилдер
31Эгерде Мен Өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда күбөлүгүм чындыкка жатмак эмес. 32Мага кепил боло турган башка Бирөө бар, Анын сөзүнүн акыйкат экенин билемин. 33Ырас, силер Жакыяга өкүлүңөрдү жибердиңер. Жакыя болсо чындыгын айтты. 34Өзүм тууралуу адамдын күбөлүгүнө муктаж болбосом да, муну силер куткарылсын деп айтып жатам. 35Жакыя жарык чачыратып, жанып турган чырак эле, а силер болсо бир аз убакыт гана анын жарыгында шаттангыңар келди.
36А бирок Менин күбөлүгүм Жакыяныкынан да күчтүүрөөк. Себеп дегенде асмандагы Атабыздын Мага аткар деп тапшырган иштери – азыркы аткарып жүргөн жакшы иштерим – Мени Ал жибергенине күбөлүк берүүдө. 37Мени жиберген Атабыз Өзү да Мен жөнүндө күбөлүк берди. Бирок силер эч качан Анын үнүн угуп, жүзүн көргөн эмессиңер. 38Анын сөзү да жан дүйнөңөрдөн орун алган эмес, ошол себептүү жиберген Уулуна ишенбейсиңер. 39Силер Ыйык Жазууларды изилдөө аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, ал эми Ыйык Жазуулар Мен жөнүндө күбөлүк беришет. 40А бирок силер чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн Мага келүүдөн баш тартасыңар.
41Мен адамдардан урмат күтпөймүн. 42Силердин жүрөгүңөрдө Кудайга деген мээримдин жок экенин билем. 43Атамдын атынан келсем да, Мени кабыл албай жатасыңар, бирок башка бирөө өз атынан келгенде кабыл аласыңар. 44Бири бириңерден урмат күтүп, ал эми жалгыз Кудайдан боло турган чыныгы урматты издебей жүргөн силер эмнеге ишениш керек экенин кантип биле алмак элеңер?
45Мен силерди Атабыздын алдында айыптайт экен деп ойлобогула. Айыптоочу бар: ал – өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса пайгамбар. 46Эгер чындап эле Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен тууралуу жазып кеткен. 47Бирок Мусанын жазгандарына чындап ишенбесеңер, Менин сөздөрүмө кантип ишене аласыңар?
دیاریکراوەکانی ئێستا:
Жакан 5: КЫРИ
بەرچاوکردن
هاوبەشی بکە
لەبەرگرتنەوە
دەتەوێت هایلایتەکانت بپارێزرێت لەناو ئامێرەکانتدا> ? داخڵ ببە
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018