Лука 7
7
Римдик жүз башынын ишеними
1Ыйса элге сөзүн айтып бүтүп, Капарноомго жөнөдү. 2Римдик бир жүз башынын аябай жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан экен. 3Жүзбашы Ыйсанын келгенин угуп, ага эл башчыларын жиберип, кулун айыктырып берүүсүн суранды.
– 4Ал жардамыңа татыктуу киши, 5анткени биздин элибизди жакшы көрөт, синагогабызды куруп берген да ошол, – деп, эл башчылары Ыйсага чоң өтүнүч менен кайрылышты.
6Ыйса макул болуп, алар менен бирге жөнөдү. Үйгө жакындап калышканда, жүз башы досторун жиберип, мындай деп айттырды:
– Келип, убара болбой эле коюңуз, таксыр. Менин босогомду аттаганыңызга татыксызмын. 7Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет. 8Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» – десем, барат, башкасына: «Кел!» – десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» – десем, жасайт.
9Ыйса муну укканда, таң калып, элге кайрылды:
– Силерге айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин!
10Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, кулдун айыгып кеткенин көрүштү.
Ыйсанын жесирдин баласын тирилтиши
11Арадан көп өтпөй, Ыйса Найын шаарына жөнөдү. Шакирттери менен кошо жоон топ эл чыкты. 12Шаар дарбазасына жакындаганда, өлүк көтөрүп келе жаткандарга кезигишти. Өлгөн адам бир жесирдин жалгыз баласы экен. Жесирдин жанында бир топ адам бар эле. 13Аны көргөндө, Эгебиздин боору ооруп кетти.
– Ыйлабаңыз, – деди Ал аялга.
14Анан басып келип, табытка колун тийгизди.
Көтөрүп бараткандар тык токтой калышты. Ошондо Ыйса:
– Жигит, сага айтам, тургунуң! – деди.
15Өлүк башын көтөрүп, отура калды да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды. 16Баарынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыгыптыр, Кудай Өз элин куткарууга келиптир!» – деп Кудайды даңкташты. 17Ыйса тууралуу мындай сөз бүткүл Иудеяга жана анын тегерек-чекесине жайылды.
Ыйса жана Жакыя пайгамбар
18Бул окуялар тууралуу Жакыя өз шакирттеринен кабардар болду. 19Ошондо ал шакирттеринин экөөсүн чакырып алып: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» – деген суроо менен Ыйсага жөнөттү. 20Алар Ыйсага келишип:
– Бизди Жакыя жиберди. Ал сенден: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтөлүбү?» деп сурап жатат, – дешти.
21Ыйса ошол маалда көп адамдарды илдет-дарттарынан айыктырып, кара күчтөрдөн арылтып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле. 22Ыйса аларга:
– Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат. 23Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, – деди.
24Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди:
– Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 25Айткылачы, деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Тигине, кооз кийинип, шаан-шөкөттө жашагандар хан сарайларда жүрүшөт. 26Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу. 27Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин. Ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,#7:27 Чыгуу 23:20. – деп ушул адам жөнүндө айткан. 28Силерге айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыядан улуу эмес! Бирок Кудай Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу.
29Ыйсанын сөзүн угуп турган элдин баары, ал тургай салыкчылар да, Кудайдын айтканын ак деп санашты. Анткени алар Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшкөн болчу. 30Ал эми бул расмиден мурда өтүшпөгөн фарисейлер менен дин мугалимдери Кудайдын аларга деген тилегин кабыл алышпады.
31Ошондо Ыйса мындай деди:
– Азыркы замандын адамдарын кимге салыштырсам? Деги алар кимге окшош? 32Базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» – деген жаш балдарга окшош. 33Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти. 34Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен!» – дешти. 35Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.
Фарисей жана күнөөлүү аял
36Фарисейлердин бири Ыйсаны конокко чакырып калды. Ыйса анын үйүнө келип, дасторкондун жанына жамбаштап жатты. 37Аңгыча ошол шаарда жашаган бир күнөөкөр аял Ыйсанын фарисейдикинде экенин билип, атыр май куюлган идишин көтөрүп, сырттан кирип келди. 38Аял Ыйсанын аягына олтура калып, Анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Ыйсанын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, атырын сыйпады. 39Ыйсаны конокко чакырган фарисей муну көрүп, ичинен: «Эгер бул чын эле пайгамбар болсо, ага колун тийгизип жаткан аялдын ким жана кандай экенин билмек. Анткени бул күнөөгө баткан аял да», – деп ойлоду. 40Ошондо Ыйса ага кайрылып:
– Ысман, сага айта турган сөзүм бар, – деди.
– Айтыңыз, устат, – деди Ысман.
41Ошондо Ыйса мындай деди:
– Бир киши эки адамга карызга акча берет. Биринчисине беш жүз, экинчисине элүү күмүш теңге#7:41 Ошол убакта бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон. бериптир. 42Бирок алардын төлөгөнгө эч нерсеси жок болгондуктан, ал экөөнүн тең карыздарын кечип коёт. Эми айтчы: ушул экөөнүн кимисинин ага деген сүйүүсү көбүрөөк болот?
43Ысман:
– Көбүрөөк карызы кечирилген адамдыкы болуш керек деп ойлойм, – деди.
– Туура айттың.
44Ыйса ушундай деди да, аялды карап туруп, Ысманга мындай деп айтты:
– Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, сен Менин бутума суу куйган жоксуң. Бул аял болсо көз жашы менен бутумду жууду, чачы менен аарчыды. 45Сен Мени бетимден өөп, тосуп алганың жок. Бул аял болсо келгенимден бери бутумду тынымсыз өпкүлөп жатат. 46Сен башыма май куйбадың,#7:46 Ысрайылдагы конокко сый көрсөтүүнүн белгиси. бул аял болсо буттарымды атыр менен майлады. 47Ошол себептен сага айтып коёюн: бул аялдын көп күнөөлөрү кечирилди, андагы мээримдин көптүгүнүн себеби мына ушунда. Ал эми кимге аз кечирилсе, анын мээрими да аз болот.
48Анан аялга:
– Күнөөлөрүң кечирилди! – деди.
49Ошондо анын жанында олтургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган, деги бул ким өзү?» – дешти бири бирине. 50Ыйса аялга айтты:
– Сени ишенимиң куткарды, жакшы баргының!
Currently Selected:
Лука 7: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018