Жакан 16
16
1Силерге мунун баарын Мага деген ишенимиңерден тайбооңор үчүн айттым. 2Синагогалардан чыгарыласыңар, ал тургай силерди өлтүрүп жаткан адам: «Кудайга кызмат кылып жатам!» деп ойлогон күндөр да келет. 3Алар муну Атабызды да, Мени да тааныбагандыктан жасашат. 4Мен буларды башыңарга ушундай күн түшкөндө, ушундай болот деп алдын ала айтып кеткенимди эстегиле деген максатта айттым. Араңарда жүргөндүктөн кызматымдын башында силерге буларды айткан эмесмин.
Ыйык Рух – биздин колдоочубуз
5Эми Мен Мени Жибергенге кайтып бара жатам. Бирок бириң да кайда бара жатканымды ушуга чейин сураган жоксуңар. 6Эми, айткан сөздөрүмдөн кийин кайгыга батып турасыңар. 7Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер үчүн Менин кеткеним дурус! Себеби эгер кетпесем, силерге колдоочу келбейт. Эгер кетсем, барып, Аны силерге жиберем. 8Ал келген соң, бул дүйнөнүн күнөө, адилеттик жана сот жөнүндөгү ойлорунун ката экендигин ашкере кылат. 9Алар күнөө эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мага ишенбей жатышат. 10Алар адилеттик эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мен Атабызга баратам жана силер мындан ары Мени көрбөйсүңөр. 11Алар сот эмне экенин да түшүнүшпөйт, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу сотко тартылды.
12Силерге айтар сөзүм али көп, бирок азыр айтсам, көтөрө албайсыңар. 13Акыйкаттын Руху келген соң, Ал силерди акыйкатка жетелейт, себеби Ал Өз оюнан чыккан сөздү эмес, Атабыздан укканын жана келечекте боло турганын айтат. 14Ал силерге Менин айткандарымды жеткирип, улуулугумду көрсөтөт. 15Атабыздагынын баары Мага таандык. «Менин айткандарымды силерге Ыйык Рух жеткирет» деп ошондуктан айттым.
Ажырашуу кайгысы жана кайра көрүшүү кубанычы
16Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайрадан көрөсүңөр.
17Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери:
– «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» дегени эмнеси? «Асмандагы Атабызга баратам» дегенин кандайча түшүнсө болот? 18«Бир аз убакыт» дегеничи? Эмне жөнүндө айтып жатат? – дешти.
19Ыйса алардын сурагысы келгенин туюп, мындай деди:
– «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» деп айтканымды түшүнбөй, бири бириңерден сурап жатасыңарбы? 20Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер боздоп, зарлайсыңар, ал эми бул дүйнө кубанып шаттанат. Ооба, кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат. 21Аялдын ай-күнү жеткенде, толгоо тартып кыйналат. Төрөгөн соң, наристе дүйнөгө келди деп кубанганынан кыйналганын унутуп коёт. 22Силер да ошондой болуп азыр кайгырып жатасыңар. Кайгырбагыла, Мен силерди кайрадан көрөм. Ошондо силердин жүрөгүңөр кубанычка толот. Ал кубанычты силерден эч ким тартып ала албайт. 23Ошол күнү Менден бир нерсе жөнүндө сурашыңардын зарылчылыгы болбой калат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атабыздан Менин атымдан эмне сурасаңар да, Ал берет. 24Буга чейин Менин атымдан эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болсун үчүн сурагыла, аласыңар! 25Мен буларды силерге кыйыр түрдө айттым. Мындан ары кыйыр түрдө сүйлөбөй, Атабыз тууралуу ачык айта турган кез келет. 26Ошол кезде Менин атымдан сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атабыздан Менин өтүнүшүмдүн зарылчылыгы болбой калат. 27Себеп дегенде, силер Мени жакшы көрүп, Кудайдан келгениме ишенгениңер үчүн Атабыз да силерди жакшы көрөт. 28Мен дүйнөгө Атабыздан келгем, эми бул дүйнөнү таштап, кайрадан Атабызга баратам.
29Ошондо шакирттери:
– Азыр кыйыр түрдө эмес, ачык сүйлөдүң. 30Сен баарын билериңе көзүбүз жетти. Эми бир нерсе сураштын кереги да жок. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз, – дешти.
31Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Эми ишенесиңерби? 32Силер туш-тарапка чачырап, ар кимиң үйлөрүңөргө качып кете турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, себеби Атабыз Менин жанымда. 33Мен буларды силер Мени менен тыгыз байланышта болуп, жаныңар тынчтыкка бөлөнсүн деп айттым. Бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула: Мен бул дүйнөнү жеңдим.
Currently Selected:
Жакан 16: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018