Жакан 15
15
Жүзүм сабагы жана бутактары тууралуу ибарат
1Мен – чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо – багбан. 2Мендеги жемиш бербеген ар бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш бергендерин дагы көбүрөөк берсин деп тазалап, бутайт. 3Ошол сыяктуу силерге айткан сөзүм аркылуу силер тазардыңар. 4Мени менен тыгыз байланышта болгула, Мен да силер менен тыгыз байланышта болом. Бутак сабакта болбосо, өзүнөн өзү жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу силер да Мени менен тыгыз байланышта болмоюн, жемиш бере албайсыңар. 5Мен сабакмын, силер болсо бутактарымсыңар. Ким Мени менен тыгыз байланышта болуп, Мен да аны менен тыгыз байланышта болсом, ал мол түшүм берет. Менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар. 6Ким Мени менен байланышта турбаса, ал кесилген бутак сымал сыртка ыргытылат да куурап калат. Анан чогултулуп, отко ташталып, күйүп кетет. 7Эгер Мени менен тыгыз байланышта болуп, сөздөрүм көкүрөгүңөрдө болсо, эмне кааласаңар да сурасаңар, аласыңар. 8Силер мол жемиш берсеңер, Атамдын зоболосу көтөрүлөт. Ошондой эле чыныгы шакирттерим болосуңар.
9Атабыз Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйдүм. Менин сүйүүмдү көкүрөгүңөргө түйүп жашагыла! 10Мен Атамдын буйруктарына баш ийип, Анын сүйүүсүн көкүрөгүмө түйүп жашаганымдай, силер да Менин буйруктарыма баш ийсеңер, Менин сүйүүм да силердин ичиңерде жашайт. 11Бул сөздөрдү Менин кубанычым силердин жүрөгүңөрдө жашасын жана кубанычыңар толук болсун деп айттым. 12Силерге айтар осуятым бул: бири бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө! 13Өзүн достору үчүн курман кылуудан өткөн улуу сүйүү жок. 14Эгер Менин айткан сөзүмдү аткарсаңар, Мага доссуңар. 15Силерди мындан ары кул дебейм, кул ээсинин иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени Атамдан уккандарымдын баарын силерге айтып бердим. 16Силер Мени эмес, Мен силерди тандап алдым да, барып, жемиш берсин деп, ошол жемишиңер түбөлүктүү болсун деп дайындадым. Ошондо Менин атымдан эмне сурасаңар да Атабыз берет. 17Силерге калтыра турган осуятым бул: бири бириңерди сүйгүлө!
Күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы
18Эгер дүйнө силерди жек көрсө, анын силерден мурда Мени жек көргөнүн эстегиле. 19Эгер силер да ушул дүйнөгө таандык болсоңор, силерди өз адамдары катары жакшы көрмөк. Бирок Мен силерди бул дүйнөнүн ичинен тандап, бөлүп алдым, эми бул дүйнөлүк эмессиңер, ошондуктан ал силерди жек көрөт. 20«Кул ээсинен өйдө эмес» дегенимди эстегилечи. Алар Мени кодулап, куугунтукташса, демек, силерди да кодулап, куугунтукташат. Менин сөздөрүмдү угушса, анда силердикин да угушат. 21Мунун баарын Мени ээрчигениңер үчүн кылышат, себеби алар Мени жибергенди түшүнүшпөйт. 22Мен бул дүйнөгө келип, сүйлөбөсөм, бул дүйнө айыптуу болбос эле. Эми болсо, күнөөсүнөн актанууга эч шылтоосу жок. 23Мени жек көргөндөр Атамды да жек көрүшөт. 24Эгер Мен башка эч ким кылбаган кереметтеримди алардын арасында көрсөтпөгөн болсом, айыптуу болушмак эмес. Бирок Алар кереметтеримди көрүшкөн менен, Мени да, Атамды жек көрүшөт. 25Алардын мыйзамындагы «себепсиз жек көрүндү болдум»#15:25 Забур 34:19, 68:5. деген сөз ушундайча ишке ашат.
26Мен силерге Атабыздан Колдоочу жиберем: акыйкатты билдирүүчү ошол Ыйык Рух Атабыздан келип, Мен жөнүндө ачык айтып берет. 27Силер да Мен жөнүндө айтып бересиңер, себеби кызматымдын башынан баштап эле жанымдасыңар.
Currently Selected:
Жакан 15: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018