Жакан 12
12
Ыйсага көрсөтүлгөн урмат
1Куткарылуу майрамынан алты күн мурун Ыйса Бейтаниге келди. Бул айылда Ал өлүмдөн кайра тирилтип алган Лазар турчу. 2Ошол жерде Аны конокко чакырышты. Марта кызмат кылып жүрдү. Ыйса менен бирге отурган коноктордун арасында Лазар да отурган эле. 3Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу майдан жарым литрдей алып, Ыйсанын бутуна куйду да, анан аны чачы менен сыйпады. Үй ичи майдын аңкыган жыпар жытына толуп чыкты. 4Анда Ыйсанын шакирттеринин бири, кийинчерээк Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот мындай деди:
– 5Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок? 6Ал муну кембагалдардын камын ойлогондуктан эмес, ууру болгондугунан айтты: ортого түшкөн акчаны сала турган баштыкты асынып жүргөн ал түшкөн акчадан өзүнө кытып алып коюп турчу.
7Ыйса ага:
– Бул аялды жайына кой! Ал май куюу салтын аткарып, денемди көргө коё турган күнгө даярдады. 8Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайым эле боло бербейм, – деп тыйып койду.
9Ыйсанын Бейтаниде экенин көп адамдар угушуп, Ыйса үчүн гана эмес, Ал өлгөндөн тирилткен Лазарды көрүү үчүн да келишти. 10Жогорку динкызматчылар аны да өлтүрмөкчү болушту. 11Минткен себеби, Лазар башынан өткөргөн кереметтен улам, көп адамдар аларды таштап, Ыйсага ишенип кетишти.
Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши
12Кийинки күнү майрамга чогулган эл Ыйсанын Иерусалимге келерин угушту. 13Алар колдоруна пальма бутактарын кармап, шаардын сыртына чыгып: «Осанна!#12:13 Бул «бизди куткарагөр» деген сөз. Эгебиздин атынан келе жатканды Кудай жалгасын!#12:13 Забур 117:25 – 26. Ысрайылдын падышасын Кудай жалгасын!» – деген үндөр менен Ыйсаны тосуп алышты.
14Ыйса бир такайды таптыртып, ошого минип алган эле. Ыйык Жазууларда бул тууралуу алдын ала мындай айтылган: 15«Эй, Иерусалим, коркпогун! Карачы, сенин падышаң такай минип келатат!»#12:15 Закир 9:9.
16Ыйсанын шакирттери муну убагында түшүнүшкөн эмес. Ыйса кайра тирилгенден кийин, элдин ушундайча тосуп алганын эстешип, бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылганын билишти. 17Ыйса Лазарды көрдөн сыртка чакырып алып, өлүмдөн кайра тирилткен кезде бирге болгон көп кишилер бул ишти көргөнүн айтып жатышты. 18Мындай керемет кылганын уккан эл ушул себептен да Анын алдынан тосуп чыкты. 19Ал эми фарисейлер өз ара:
– Көрдүңөрбү, эч нерсе колуңардан келбей калды! Элдин баары анын артынан ээрчип кетти! – дешти.
Бир нече гректин Ыйсаны издеши
20Майрам убагында Иерусалимде Кудайга ийбадат кылууга келгендердин арасында бир нече грек да бар эле. 21Алар Галилеянын Бейтсайда шаарынан чыккан Филипке барышып:
– Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле, – дешти.
22Филип муну Идриске барып айтып, анан экөө Ыйсага жеткизишти. 23Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Адам Уулунун улуулукка жетер убакыт-сааты келип калды. 24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгер буудайдын даны жерге эгилип, анан өлбөсө, анда ал жалгыз бойдон калат. Эгер ал жерге эгилип, өнүп, өзү өлсө, ошондо гана мол түшүм берет. 25Ким өз жанын баарынан артык көрсө, ал андан айрылат. Ал эми кимде-ким бул дүйнөдө өз жанын аябаса, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. 26Ким Мага кызмат кылгысы келсе, Мени ээрчисин. Мен кай жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ал эми Мага кызмат кылган ар кимди асмандагы Атабыз урматтайт.
Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат
27Азыр абдан кыйналып турам. Эмне дейин? «Ата, Мени ушул азаптуу сааттан куткар» дейинби? Жок! Мен бул күнгө атайын дал ушуну баштан кечирүү үчүн жеттим да. 28Ата, Өз атыңды улуулукка бөлөйгөр!
Ошондо көктөн: «Мен Аны улуулукка бөлөдүм жана мындан ары да бөлөй берем» деген үн угулду.
29Ошол жерде турган элдин арасынан бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү» дешсе, башкалары: «Ага периште сүйлөдү», – дешти. 30Ыйса аларга:
– Бул үн Мен үчүн эмес, силер үчүн. 31Эми бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусу#12:31 Бул дүйнөнүн башкаруучусу деп шайтанды айтып жатат. куулат. 32Мен жерден өйдө көтөрүлүп, улуулукка бөлөнгөнүмдөн кийин, адамдардын баарын Өзүмө чакырам, – деди.
33Бул сөздү Ал Өзүнүн кантип өлөрүн билдирүү үчүн айтты.
34Ошондо жыйылган эл:
– Биз Ыйык Жазуудан «Машаяк түбөлүк жашайт» деп окуган элек. Анан кандайча сен Адам Уулу көтөрүлөт дейсиң? «Адам Уулу» дегениң ким? – дешти.
35Ыйса аларга мындай деди:
– Жарык дагы бир аз убакыт силер менен бирге болот. Силерди кара түн басып калбоо үчүн жарык барда жүрө тургула. Анткени түндө жүргөндөр кайда бара жатканын билишпейт. 36Араңарда жарык барында ага ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар.
Ыйса ушундай деди да, алардан узап, элдин көзүнөн жашырынды.
Элдин Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы
37Ыйса алардын көз алдында көп эле керемет-жышаандарды көрсөтсө да, көпчүлүк Ага ишенбеди. 38Ошону менен Ышая пайгамбардын мындай сөзү ордунан чыкты:
«Оо, Эгебиз, айткан кабарыбызга ким ишенди?
Оо, Эгебиз, кудуретиң кимге ачылды?»#12:38 Ышая 53:1.
39Ышая дагы бир жерде көпчүлүктүн эмне себептен ишене албагандыгы жөнүндө мындай деген:
40«Кудай байлап көздөрүн,
Көкүрөгүн көр кылган.
Көзү көрбөйт алардын,
Туйбайт дагы жүрөгү.
Айыктырам десем да,
Терс жолдорун таштабайт,
Мага кайтып келишпейт».#12:40 Ышая 6:9 – 10.
41Ышая пайгамбар Ыйсанын улуулугун алдын ала көрүп, Ал туралуу ушундай деп айткан эле.
42Ошентсе да, иудей башчыларынын көбү Ыйсага ишеништи, бирок фарисейлер синагогадан чыгарып жибербесин деп, Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок. 43Себеби алар Кудай берүүчү урматты эмес, адамдан көрсөтүлө турган урматты артыгыраак сүйүшчү.
Ишенбестиктин аягы
44Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди:
– Мага ишенген киши Мага эле эмес, Мени жибергенге да ишенет. 45Мени көргөн киши Мени жибергенди да көрөт. 46Мен – Мага ишенген ар ким караңгы түндө калбасын деп, дүйнөгө келген Кудайдын жарыгымын. 47Сөзүмдү угуп, аны карманбаган ар кимди айыптай турган Мен эмесмин. Мен адамзатты айыптоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим. 48Бирок Мени четке кагып, сөзүмдү кабыл албагандардын соту белен: Менин сөзүм аларды кыямат күнү соттойт. 49Себеби Мен аларды Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун, эмнени жана кандай айтышым керектигин Атам буйруган. 50Анын сөздөрү ишенгендерге түбөлүк өмүр тартууларын билем. Менин оозумдан чыккан сөздөрдүн баары – асмандагы Атабыздыкы.
Currently Selected:
Жакан 12: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018