Жакан 13
13
Кичи пейилдиктин үлгүсү
1Куткарылуу майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына барар саатынын жакындап калганын билди. Ал бул дүйнөдөгү Өз адамдарын дайыма жакшы көрчү, азыр да аларга болгон чексиз мээримин көрсөттү.
2Кечинде Ыйса шакирттери менен бирге тамактанууга отурду. Буга чейин ибилис Ысман Искариоттун уулу Жүйүттүн ниетине Ыйсага чыккынчылык кылууну салып койгон эле. 3Бирок Ыйса Атасы бүткүл бийликти Анын колуна берип койгонун жана Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билген.
4Ыйса дасторкондон туруп, үстүнкү кийимин чечти да, белине сүлгүнү байланды. 5Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин буттарын жууп, сүлгү менен аарчый баштады. 6Ысман-Петирдин маңдайына келгенде, ал Ыйсадан:
– Эгем, сен менин бутумду жууганы турасыңбы? – деп сурады.
– 7Эмне кылып жатканымды сен азыр эмес, кийинчерээк түшүнөсүң, – деди Ыйса.
– 8Мен сага бутумду эч убакта жуудурбайм!
– Эгер жуубасам, анда Мени менен энчилеш болбойсуң.
– 9Эгем, андай болсо, бутумду гана эмес, колу-башымды да жуугун.
– 10Жуунган киши таптаза, ал бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес.
11Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан «бирок баарыңар эмес», деди.
12Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, кийимин кийип ордуна отургандан кийин:
– Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? – деди. – 13Мени «Устат», «Эгем» дейсиңер, мунуңар туура, себеби Мен чындап эле дал Ошонун Өзүмүн. 14Демек, Мен Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, кул сыяктуу бутуңарды жуусам, анда дал ошентип силер да бири бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. 15Мен силерге кандай кызмат кылсам, силерди да ошондой кылсын деп, үлгү көрсөттүм. 16Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кул ээсинен өйдө эмес, элчи да аны жибергенден жогору эмес. 17Эми силер бул чындыкты билесиңер, ушуну иш жүзүнө ашырсаңар, анда абдан бактылуусуңар.
Ыйсанын саткындын ким экенин айтышы
18«Силер тазасыңар» деп баарыңарды айтканым жок, тандаган адамдарымды билем, бирок Ыйык Жазуудагы: «Табакташ болуп жүргөн кишим, Мага каршы чыкты»#13:18 Забур 40:10. деген сөз аткарылышы керек. 19Мен муну бул сөз аткарылардан мурда айтып жатам, кийин, аткарылган соң, Менин дал ошонун Өзү экениме ишенесиңер. 20Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мен жиберген адамды кабыл алса, Мени да кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы.
21Ушул сөздөн кийин Ыйса катуу үшкүрүнүп алды да:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: араңардан бирөө Мени сатып кетет, – деди.
22Шакирттери Ыйсанын кимди айтып жатканын түшүнбөй, аң-таң болушуп, бири бирин карашты. 23Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти Анын жанында жамбаштап жаткан. 24Ысман-Петир кимди айтып жатканын сурап билчи деп жанагы шакиртке ымдап белги берди. 25Тигил Ыйсага бурулуп:
– Эгем, ал ким? – деп сурады.
26Ыйса:
– Бир үзүм нанды табакка малып, кимдин оозуна салсам, ал ошол, – деди.
Андан соң, бир үзүм нанды табакка малып, Ысман Искариоттун уулу Жүйүткө сунду. 27Жүйүт нанды алары менен шайтан анын жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ыйса Жүйүткө:
– Кылайын дегениңди бачымыраак кыл! – деди.
28Отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн мындай дегенин түшүнгөн жок. 29Акча баштыгы Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү Ыйса ага «майрамга керектүү нерселерди алып кой» же «жакырларга бир деме берип кой», деп жатат го деген ойдо калышты. 30Жүйүт болсо нанды жеген соң, дароо сыртка чыгып кетти. Ошол убакта түн кирип калган эле.
Ыйсанын жаңы осуяты
31Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди:
– Эми Адам Уулу улуулукка бөлөнөт. Ал аркылуу Кудайдын да улуулугу көрүнөт. 32Ал Кудайдын улуулугун көрсөтсө, Кудай да Аны улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат. 33Балдарым, эми араңарда аз гана убакыт болом, кийин Мени издейсиңер. Иудей башчыларына айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: Мен бара турган жерге силер азыр бара албайсыңар.
34Силерге жаңы осуят калтырам: бири бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири бириңерди сүйгүлө! 35Бири бириңерге болгон сүйүүдөн улам, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.
Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат
36Ысман-Петир Ыйсадан:
– Эгем, кайда бара жатасың? – деп сурады.
Ыйса ага:
– Мен бара жаткан жакка сен азыр ээрчип бара албайсың, кийинчерээк артымдан келесиң, – деди.
37Петир:
– Эгем, азыр эмне үчүн ээрчий албайм? Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын, – деди.
38Ыйса ага мындай деди:
– «Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын» дейсиңби? Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, «Аны тааныбайм» деп үч жолу айтасың.
Currently Selected:
Жакан 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018