YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 7

7
Топон суу
1Андан кийин Жараткан Эге Нухка мындай деди: «Үй ичиң менен кемеге кир! Себеби Мен замандаштарыңдын ичинен сенин гана Менин алдымда такыбаа экениңди көрдүм. 2-3Жер бетинде тукуму сакталып калсын үчүн, өзүң менен адал жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып жети жуптан, арам жаныбарлардын эркеги менен ургаачысынан бир-бирден, асмандагы куштардын ар бир түрүнөн – эркек менен ургаачысынан жети жуптан ал. 4Анткени жети күн өткөн соң, Мен жер бетине кырк күн, кырк түн бою жаан жаадырам. Өзүм жараткан ар бир тирүү жанды жер бетинен жок кылам».
5Нух бардыгын Жараткан Эге буюргандай кылды.
6Жер бетин топон суу басканда, Нух 600 жашта эле. 7Нух уулдары, аялы жана келиндери менен топон суудан аман калуу үчүн кемеге кирди. 8Адал жана арам жаныбарлардын, куштардын, майда жаныбарлардын ар бири 9– эркек-ургаачы болуп, жуп-жубу менен Нухка келип кемеге кирди. Нух бардыгын Кудай буюргандай кылды. 10Жети күн өтүп, жер бетин топон суу каптай баштады.
11Нух 600 жашка келгенде, экинчи айдын он жетисинде – дал ошол күнү терең тунгуюктагы бардык булактар атылып, асман тосмолору ачылды да, 12жерге кырк күн, кырк түн жаан куюп турду.
13Дал ошол күнү Нух, анын уулдары Шем, Хам жана Жепет, Нухтун аялы менен келиндери кемеге киришти. 14Алар менен бирге бардык жапайы айбандардын, малдын, майда жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрү 15жуп-жубу менен Нухка келип, кемеге кирди. 16Ошентип, Кудай Нухка буйрук кылгандай, бардык айбандардан бир эркек, бир ургаачы кирди. Анан Жараткан Эге кеменин эшигин жапты.
17Жер бетин кырк күн топон суу каптады да, ашып-ташып, кемени жерден көтөрдү. 18Жер бетинде суу абдан көбөйүп ашып-ташыгандан, кеме суу үстүндө сүзө баштады. 19Жер үстүндө суу дагы көбөйүп, көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, асман алдындагы бийик тоолордун баарын басып калды. 20Суу тоолордон он беш чыканак жогору көтөрүлүп, аларды көөмп калды. 21Ошондо жер бетиндеги бардык тирүү макулуктар – куштар, мал, жапайы айбандар, жер үстүндөгү майда жаныбарлардын баары, бүт адамзат набыт болду. 22Кургактагы жан бүткөндүн мүлдөсү кырылды. 23Жер жүзүндөгүнүн баары жок болду – адамдан тартып, малга чейин, майда жаныбарлардан баштап, асмандагы куштарга чейин – баары тең жер бетинен жок болду. Нух менен бирге кеме ичинде болгондор гана аман калды. 24Топон суу жер жүзүн 150 күн каптап турду.

Currently Selected:

Башталыш 7: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in