YouVersion Logo
Search Icon

Эстер 8

8
Иудалар жөнүндөгү расмий жарлык
1Ошол күнү Ахашверош падыша иудалардын душманы Хамандын мүлкүн Эстер ханышага тартуу кылып берди. Мордохай болсо падышанын алдына чакыртылды, анткени падышага Эстер Мордохайдын өзүнө ким болорун айтып берген болчу. 2Падыша Хамандан кайтарып алган мөөр шакегин колунан чыгарып, Мордохайдын колуна салды. Эстер болсо Мордохайды Хамандын мүлкүнө башчы кылып дайындады.
3Эстер кайрадан падышанын алдына барып, анын бут алдына ыйлап жыгылып, агактык Хамандын кыянат ишин, иудаларга каршы арам ниетин болтурбай коюуну жалынып-жалбарып суранды. 4Падыша алтын таягын Эстерге сунду. Ошондо Эстер ордунан өйдө турду. 5Анан мындай деп айтты:
– Эгерде өкүмдарым макул көрүп, мага ырайым кылса, бул ишти туура деп эсептесе, өзүм да падышамдын көңүлүнө толгон болсом, анда агактык Амадаттын уулу Хаман кара ниеттик кылып, падышамдын бардык дубандарындагы иудаларды кырып салуу жөнүндө жазган каттардын күчүн жоё турган буйрук жазса экен. 6Анткени элим апаатка учурап жатканда кантип карап тура аламын, боордошторум кырылып жатса, кантип чыдай аламын? 7Ошондо Ахашверош падыша Эстер ханыша менен иуда Мордохайга мындай деди:
– Мына, Хамандын мүлкүн Эстерге бердим, өзүн болсо иудаларга каршы кол көтөргөндүгү үчүн дарга астырып салдым го. 8Эми силер иудаларды коргоо үчүн падышанын атынан буйрук жазып, өкүмдардын мөөрүн басып, өзүңөр туура көргөндөй кыла бергиле. Анын атынан жазылып, анын мөөрү менен бекитилген катты эч ким жокко чыгара албайт.
9Үчүнчү ай – сибан айынын жыйырма үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Мордохай кандай буйруса, ошондой кылып, иудаларга, хандарга, төрөлөргө, ар бир дубандагы төбөлдөргө, Индустандан Кушка чейинки жүз жыйырма жети дубандагы ар бир элдин өз арибинде, өз тилинде, иудаларга да өз ариби жана өз тилинде каттарды жазышты. 10Мордохай каттарды Ахашверош падышанын атынан жаздырып, падышанын мөөрүн басып, өкүмдардын асыл тукум күлүк аттарына минген чабармандардан жөнөттү. 11Ал катта бардык шаарларда жашаган иудалар биригип, өз өмүрүн коргоого уруксат берилгени жазылган эле. Өздөрүнө кол салган ар бир элдин же дубандын аскерлерин, алардын балдарын, аялдарын өлтүрүүгө, кырып салууга, мал-мүлкүн олжолоп алууга укук берилди. 12Муну ишке ашырыш үчүн Ахашверош падышанын бардык дубандарында бир күн: он экинчи айдын – адар айынын он үчүнчү күнү белгиленди. 13Буйрук жазылган ушул каттын көчүрмөлөрү бардык дубандарда мыйзам катары жарыяланып, бардык элдерге жар салынсын деп айтылды. Иудалар болсо ошол күнү душмандарынан өч алууга даяр турушу керек эле. 14Чабармандар падышанын буудандарына минип, падышанын буйругун шашылыш алып жөнөштү. Буйрук Шушан шаарында да жарыяланды.
15Мордохай үстүнө көгүлтүр жана ак түстөгү падышаныкындай кийим, башына чоң алтын таажы кийип, баалуу зыгыр чапан жамынып, падыша сарайынан чыкканда, Шушан шаары кубанычка жана шаттыкка бөлөндү. 16Кубаныч-шаттыкка, салтанатка толгон ушул күндөрү иудалар айга колу жеткендей эле болушту. 17Падышанын буйругу менен токтому жеткен бардык дубан, калаа, чөлкөмдөрдө иудалар абдан кубанышып, той өткөрүп, майрамдап жатышты. Өлкөдөгү башка элдердин арасынан көп адамдар корккондуктан, биз да иуда болобуз деп, аларга кошулуп кетишти.

Currently Selected:

Эстер 8: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in