YouVersion Logo
Search Icon

Эстер 7

7
Эстердин ажал чакырган зыяпаты
1Ошентип, падыша менен Хаман кайрадан ханыша Эстердин сый тамагына келишти. 2Зыяпаттын экинчи күнү, алар шарап ичип олтурган кезде, падыша кайрадан Эстерден:
– Эмне каалайсың, Эстер ханыша? Каалаганың сага берилет. Эмне өтүнүчүң бар? Падышалыктын жарымы болсо да берилет – деп сурады. 3Эстер мындай деп жооп берди:
– Оо, падышам, эгерде сиз мага ырайым этсеңиз, өкүмдарым, сиз туура көрсөңүз, анда менин каалоом – жанымды аман калтырсаңыз экен. Менин өтүнүчүм – элим да аман калса экен! 4Элимди, анын арасында өзүмдү да, өлүмгө – кырылып-жоюлуп, жок кылууга сатып жиберишти. Эгерде душманга кул-күң катары эле сатылып кетсек, мен ошол арзыбаган нерсе үчүн тынчыңызды алып, унчукпас элем.
5Ошондо Ахашверош падыша Эстер ханышага:
– Аны кылган ким? Мындай иш кылууга батынган ошол адам кайда?! – деп сурады. 6Эстер:
– Ошол кас душманыбыз мына ушул зулум Хаман! – деп жооп берди. Ошондо Хаман падыша менен ханышанын алдында коркконунан дене боюн калтырак басты.
7Падыша каарданып ордунан турду да, дасторконду калтырып, ак сарайдын багына чыгып кетти. Хаман болсо өзүнө катуу өкүм чыгарыларын билип, өмүрүн сактап калууну ханыша Эстерден суранып, ошол жерден жалбара баштады.
8Ак сарайдын багынан зыяпат өтүп жаткан жерге падыша кайтып келгенде, секичеде жамбаштап жаткан Эстердин алдында чөгөлөй жыгылган Хаманды көрүп калып:
– Бул эмнең, эми сен өз үйүмдө ханышамды зордуктаганы жатасыңбы?! – деп кыйкырып жиберди.
Падыша ушинтип айтары менен, кызматчылар Хамандын жүзүн чүмкөй салышты. 9Ошол убакта падышанын евнухтарынын бири Харбон:
– Улуу урматтуу падышам, сизге жакшылык кылган Мордохайды асуу үчүн Хаман даярдап койгон бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач дар Хамандын үйүндө орнотулуп турат, – деп айтты.
Падыша:
– Ошол дарга өзүн асып салгыла! – деп буйруду.
10Ошентип, Мордохай үчүн Хаман даярдап койгон ошол дарга анын өзүн асып салышты. Ошондон кийин гана падышанын каары басылды.

Currently Selected:

Эстер 7: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in