YouVersion Logo
Search Icon

Эстер 5

5
Эстердин падыша менен сүйлөшүүгө батынышы
1Орозонун үчүнчү күнү Эстер ханышалык кийимин кийип, падыша сарайынын ички короосундагы зор бөлмөнүн босогосуна келди. Төрдө, падыша өз тактысында олтурган. 2Ал улагада турган Эстер ханышаны көрүп, ага ырайым кылып, колундагы алтын таягын Эстерди көздөй сунду. Эстер жакындап келип, таяктын учуна колун тийгизди. 3Өкүмдар ага:
– Эстер ханыша, эмне каалайсың? Кандай өтүнүчүң бар? Керек болсо падышалыктын жарымын сурасаң да сага берилет – деп айтты.
4– Эгерде падышам макул көрсө, – деп жооп берди Эстер, – бүгүн Хаман мырза менен чогуу сый тамакка келсе экен. Мен сиз үчүн дасторкон даярдап койдум. 5Падыша:
– Хаманды тез алып келгиле, Эстердин өтүнүчүн аткаралы! – деп буйруду. Ошентип, падыша Эстер даярдап койгон тойго Хаман менен чогуу келди.
6Шарап ичип жатышканда, өкүмдар Эстерге:
– Эмне каалайсың? Каалаганың берилет. Кандай өтүнүчүң бар? Ал тургай падышалыктын жарымын сурасаң да берилет, – деди.
7Эстер мындай деп жооп берди:
– Менин каалоом, өтүнүчүм… 8Эгерде өкүмдарым, мага ырайым этсеңиз, падышам, каалаганымды аткарып, өтүнүчүмдү орундатууну макул көрсөңүз, анда Хаман мырза менен чогуу эртең да сиздер үчүн даярдай турган зыяпатыма келсеңиздер экен. Падышамдын сөзүн ошондо орундатайын.
9Ошол күнү Хаман коноктон көтөрүңкү маанайда, көңүлдүү чыкты. Бирок ал падыша дарбазасынын жанында өз милдетин аткарып жаткан Мордохайдын ордунан туруп да, сестенип да койбогонун көргөндө, анын каары кайнап чыкты. 10Хаман өзүн өзү араң карманды. Үйүнө келгенде, достору менен аялы Зуурашты чакыртты. 11Хаман аларга өзүнүн атак-даңкы жана зор байлыгы, уулдарынын көптүгү жөнүндө, падыша да аны канчалык сыйлап, кызматчылары менен төрөлөрүнүн алдында анын зоболосун жогору көтөргөндүгү жөнүндө мактанып айтып берди. 12Анан дагы Хаман мындай деди:
– Ханыша Эстер да өзүнүн зыяпатына падышага кошуп менден бөлөк эч кимди чакырбаптыр. Эртең да конокко падыша менен чогуу мени гана чакырды! 13Бирок мен иуда Мордохайдын падыша дарбазасынын алдында ордунан турбай олтурганын көрүп турганымда, ушунун баарына көңүлүм толбойт. 14Муну укканда аялы Зуураш менен достору Хаманга:
– Анда сен бийиктигин элүү чыканак кылып жыгачтан дар орноттур. Таң азанда болсо, өкүмдарга айтып, Мордохайды ага астырып сал да, андан соң падыша менен тойго көңүлүң ток бара бер – деп кеңеш беришти. Бул сөз Хаманга жагып, жыгачтан бийик дар орноттуруп койду.

Currently Selected:

Эстер 5: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in