YouVersion Logo
Search Icon

Эстер 4

4
Мордохайдын Эстерди өз эли үчүн күрөшүүгө көндүрүшү
1Мордохай эмне болгондугу жөнүндө кабардар болгондо, кийимин айрып, зумбал кийип, башына күл чачып, боздоп ыйлап, шаардын борборуна чыкты. 2Ал падыша сарайынын дарбазасынын алдына чейин келди. Анткени зумбал кийип, ак сарайга кирүүгө тыюу салынган эле.
3Өкүмдардын жарлыгы менен буйругу жеткен бардык дубандарда иудалар катуу аза тартып, уу-чуу түшүп, боздоп ыйлап, орозо кармап жатышты. Алардын кийгени зумбал, жаткан жери күл болду.
4Эстерге кызматчы кыздары менен евнухтары келип, Мордохай тууралуу айтып беришкенде, ханышанын абдан тынчы кетти. Ал зумбалдын ордуна муну кийип алсын деп, Мордохайга башка кийим берип жиберди, бирок Мордохай аны албай койду.
5Ошондо Эстер евнух Атахты чакыртты. Аны Эстерге кызмат кылуу үчүн падыша дайындаган эле. Эстер аны Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ал мындай иш кылып жатканын билиш үчүн жөнөттү.
6Атах падыша дарбазасынын маңдайындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды. 7Мордохай ага эмне болгонунун баарын, Хамандын иуда элин кырып салыш үчүн төлөнүүчү канча күмүштү таразага тартып, падышанын казынасына беремин деп убада кылганын да айтып берди. 8Анан Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн Атахтын колуна берип:
– Эстерге муну көрсөткүн, ага баарын айтып бер. Ал падышага кирип, андан жалынып-жалбарып, өз эли үчүн өтүнүп ырайым сурасын, – деп катуу дайындады.
9Атах кайтып келип, Мордохайдын айткандарын Эстерге айтып берди.
10Эстер Атахты Мордохайга кайра жиберип жатып, мындай деп айттырды:
11«Эркек болобу, аял болобу, ким чакыртылбай туруп, ак сарайдын ички короосуна кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын кызматчылары да, дубандардагы элдер да билет. Падыша алтын таягын кирген адамга сунса гана, ал аман калат. Менин болсо падышанын алдына чакырылбаганыма отуз күн болду».
12Эстердин сөздөрүн Мордохай угуп, 13Эстерге:
«Падыша сарайында жашагандыктан, иудалардын арасында жалгыз өзүм эле аман каламын деп ойлобо. 14Эгерде бүгүн унчукпай койсоң, иудаларга боштондук башка жактан келип, алар азаттыкка чыгышат. Ал эми сен да, атаңдын урпактары да аман калбайсыңар. Ким билсин, балким сен мына ушул күндөр үчүн ханышалык даражага жеткендирсиң? – деп жоо жөнөттү.
15Ошондо Эстер ага мындай деп жооп айттырып жиберди:
16«Барып, Шушанда жашаган бардык иудаларды чогултуп, мен үчүн орозо кармагыла, үч күн, үч түн ичип-жебегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм. Андан соң, мыйзамга каршы келсе да, падышанын алдына барамын. Эгерде өлсөм, анда өлөйүн». 17Ошондо Мордохай барып, Эстердин айткандарынын баарын аткарды.

Currently Selected:

Эстер 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in