Марк 16

16
Ыйсанын тирилиши
1Дем алыш өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломия болушуп, Ыйсанын сөөгүн майлап келүү үчүн жыттуу майларды сатып алышты. 2Анан жуманын биринчи күнү таң азанда мүрзөгө жөнөштү. 3Жолдо өз ара:
– Көр оозундагы ташты бизге ким жылдырып берер экен? – деп келишти.
4Бирок карашса, таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу. 5Көргө кирип, оң тарапта отурган ак кийимчен бир уланды көрүп, үрөйлөрү учту.
6Улан болсо:
– Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына. 7Эми болсо баргыла да, шакирттерине жана Петирге муну айткыла: Ал силерден мурун Галилеяга барат. Өзү айткандай, силер Аны ошол жактан көрөсүңөр, – деди.
8Айран таң калып, коркунучтан калтыраган аялдар көрдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Бул окуядан жүрөктөрү түшүп, эч кимге эч нерсе айтышпады.
Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү
9Жуманын биринчи күнү таң азанда тирилген соң, Ыйса ичинен жети жинди кубалап чыгарган магдалалык Мариямга биринчи көрүндү. 10Мариям Анын боздоп ыйлап олтурушкан шериктерине барып, көргөнүн айтып берди. 11Бирок алар Ыйсанын тирүү экенин жана Мариямдын Аны көргөндүгүн угушса да, ишенишкен жок.
Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү
12Мындан соң, Ыйса айылга бара жатышкан эки шакиртине башкача кейипте көрүндү. 13Эки шакирт кайтып келип, калгандарына көргөндөрүн айтып беришти, бирок аларга да ишенишпеди.
Ыйсанын он бир шакиртине көрүнүшү
14Мындан кийин Ыйса тамактанып олтурушкан он бир шакиртине көрүндү. Шакирттеринин өздөрү да ишенбей, Өзүнүн тирилгенин көргөндөргө да кежирленип ишенбей коюшканы үчүн аларды урушту. 15Анан Ыйса аларга мындай деди:
– Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла. 16Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат. 17Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар Менин атым менен жиндерди кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт, 18жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса, зыян тартышпайт, оорулууларга кол коюшса, алар айыгып кетишет.
Ыйсанын көккө көтөрүлүшү
19Ушул сөздөрдү айтып бүткөн соң, Эгебиз Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына – ардактуу орунга олтурду. 20Шакирттер болсо, бардык жерлерде ушул Жакшы Кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, айтылган сөздү кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты.
Аялдар Петир менен Анын шериктерине барып, өздөрүнө айтылган сөздүн баарын кыскача айтып беришти. Ушундан соң, Ыйса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын таратты.

موجودہ انتخاب:

Марк 16: КЫРИ

سرخی

شئیر

کاپی

None

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in