Марк 14
14
Ыйсага каршы бүтүм
1Куткарылуу жана Калама майрамына эки күн калган эле. Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери Ыйсаны куулук менен кармап өлтүрүүнүн жолун издешти. Бирок алар:
– 2Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, – дешти.
Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат
3Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да, идишти сындырып, атырды Ыйсанын башына куйду. 4Ошондо үйдө отургандардын кээ биринин кыжыры кайнап, бири бирине:
– Атырды эмне мынч а бекер ысырап кылды? 5Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок, – дешти.
Ошентип алар аялды катуу сынга алышты.
6Ыйса болсо мындай деди:
– Бул аялды жайына койгула! Эмнеге аны кыжалат кылып атасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш жасады. 7Жакырлар ар дайым жаныңарда болот. Каалаган убагыңарда аларга жакшылык кыла бересиңер. А Мен дайыма эле жаныңарда болбойм. 8Бул аял колунан келгенин жасады: май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады. 9Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.
Жүйүттүн чыккынчылыгы
10«Он экинин» бири – Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү ниети менен жогорку динкызматчыларга барды. 11Алар болсо анын айтканын укканда сүйүнүп кетишип, акча убада кылышты. Ошентип ал Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.
Куткарылуу майрамына арналган тамак
12Калама майрамынын биринчи күнү – Куткарылуу майрамына карата бир козуну курмандыкка чалышчу. Ошондо шакирттери Ыйсага:
– Сага Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерге барып даярдашыбызды каалайсың? – дешти.
13Ошондо Ыйса эки шакиртин жиберип жатып, аларга мындай деди:
– Шаарга баргыла, анан алдыңардан бир кумара суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип баскыла да, 14ал кирген үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле. 15Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.
16Шакирттери шаарга келгенде, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.
17Кеч киргенде, он эки шакиртин ээрчитип Ыйса да келди. 18Анан жамбаштай жатып, тамак ичип жатышканда, Ыйса:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мени сатып кетет; ал азыр Мени менен бирге тамактанып жатат, – деди.
19Шакирттери бу сөзгө капа болуп, биринин артынан бири:
– Мен эмеспи? – дей башташты.
– 20Ал Мени менен чогуу бир табакка колун салган он эки шакиртимдин бири, – деди Ыйса аларга. – 21Не болсо да, Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок!
Акыркы кечки тамак
22Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:
– Алгыла, жегиле, бул Менин денем, – деди.
23Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, аларга берди. Баары андан ичишти. 24Анан Ыйса аларга мындай деди:
– Бул көп адамдар үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным. 25Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарап ичпейм.
26Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.
Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат
27Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
– Баарыңар Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун уруп өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет»#14:27 Закир 13:7. деп айтылган. 28А бирок Мен кайра тирилген соң, силерден мурун Галилеяга барам.
29Ошондо Петир Ыйсага:
– Сени баары таштап кетсе да, мен таштабайм! – деди.
30Ыйса ага:
– Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, – деди.
31Петир болсо айтканынан кайтпай:
– Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, – деди.
Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.
Гетсеман багындагы сыйынуу
32Ушундан соң, алар Гетсеман деген жерге келишти. Анан Ыйса шакирттерине:
– Мен сыйынып келгенче, ушул жерде олтура тургула, – деди.
33Анан Өзү менен кошо Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.
– 34Жаным өлгүдөй кыйналып турат, – деди Ал, – ушул жерде калып, уктабай тура тургулачы.
35Анан бир аз ары жакка басып барып, жерге жыгылды да, эгер мүмкүн болсо, ушу алдыда турган азаптын Ага тийбей өтүп кетишин суранып сыйынды.
– 36Ата, оо, Атаке, – деди Ал, – Сенин колуңдан баары келет. Ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок... Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!
37Кайра келип, үч шакиртинин уктап жатканын көрдү да, Петирге:
– Ысман! Уктап жатасыңбы! Бир саат уктабай олтура албадыңбы? 38Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, – деди.
39Анан кайра ары барып, дагы баягы сөздөрдү айтып сыйынды. 40Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. Ошондуктан эмне деп жооп беришти билишпеди. 41Анан үчүнчү жолу келгенде, мындай деди:
– Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы! Болду! Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып берилчү убакыт келди! 42Тургула, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.
Ыйсанын кармалышы
43Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири – Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 44Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши ошол. Кармагыла да, өтө сактык менен алып кеткиле», – деп белги берген болчу. 45Анан дароо Ыйсага басып келип:
– Устат! – деди да, бетинен өптү.
46Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты. 47Ошерде тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты. 48Ошондо Ыйса:
– Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. 49Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда болуп, таалим берип жүргөнүмдө кармаган жок элеңер. Бирок эмне болсо да Ыйык Жазуулардагы сөз аткарылсын, – деди.
50Ошондо шакирттеринин баары Аны таштап, качып кетишти. 51Жылаңач этине кездеме оронгон бир жаш улан Ыйсанын артынан баратты. Жоокерлер аны шап кармай калганда, 52ал оронгон кездемесин таштай салып, качып кетти.
Жогорку кеңештин алдында
53Ошентип Ыйсаны башкы динкызматчынын алдына алып келишти. Бардык жогорку динкызматчылар, эл башчылары жана дин мугалимдери ошол жерге чогулушту. 54Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Ал жерден сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды. 55Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү болсо Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн жалган күбө издеп, бирок таба алышпады. 56Жалган күбөгө өткөндөр көп болсо да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. 57Ошондо бир нече киши орундарынан туруп, Ыйсага мындай деген жалаа жабышты:
– 58Биз мунун: «Мен мынабул адам жасаган ийбадаткананы бузуп, үч күндөн кийин адам жасабаган башкасын тургузамын» дегенин укканбыз.
59Алардын мындай дегени да бири бириникине дал келбеди.
60Ошондо башкы динкызматчы ортого чыгып, Ыйсага:
– Булардын сен жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? – деди.
61Ыйса болсо үндөгөн да, бир нерсе деп жооп берген да жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан:
– Ыйык Кудайдын уулу Машаяк сенсиңби? – деп сурады.
– 62Менмин, – деди Ыйса ага жооп берип, – Силер Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр.
63Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип:
– Бизге дагы кандай күбөлөр керек? 64Мунун Кудайга акарат айтканын баарыңар уктуңар! Буга эмне дейсиңер? – деди.
Жыйналгандардын баары бир ооздон Аны өлүмгө татыктуу деп чечим чыгарышты. 65Кээ бири Ыйсанын бетине түкүрүшүп, көзүн жаап, жаакка чаап:
– Кана, ким урду, айтчы! – дей башташты.
Сакчылар да Аны бетке койгулашты.
Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы
66Петир төмөн жакта, короодо турганда, башкы динкызматчынын малай кыздарынын бири келип, 67оттун жанында жылынып турган Петирди көрдү да, ага тигиле тиктеп:
– Сен да назареттик Ыйса менен бирге жүрчүсүң! – деди.
68Петир болсо:
– Эмне деп жатканыңды билбейм да, түшүнбөйм да! – деп макул болбоду. Анан жолдун жанындагы короого чыкканда, короз кыйкырды.
69Малай кыз аны кайрадан көрүп, ошол жерде тургандарга:
– Бул ошолордун бирөөсү, – деп айта баштады.
70Петир дагы макул болгон жок.
Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирге:
– Сен чын эле ошолордун бирисиң, анткени галилеялыксың, – дей башташты.
71Петир болсо:
– Кудай урсун, силер айтып жаткан ал кишини тааныбайм, – деп карганып-шиленип кирди.
72Ошол замат короз экинчи ирет кыйкырды. Ошондо Петир Ыйсанын: «Короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың», – деген сөзүн эстеди, да өксүп ыйлай баштады.
موجودہ انتخاب:
Марк 14: КЫРИ
سرخی
شئیر
کاپی

کیا آپ جاہتے ہیں کہ آپ کی سرکیاں آپ کی devices پر محفوظ ہوں؟ Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018