Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула! Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.