Башталыш 5
5
Адамдын тукуму
1Адамдын санжырасы мындай: Кудай адамды жаратканда, аны Өзүнө окшош кылып жаратты. 2Аларды эркек менен аял кылып жаратып, ошол күнү батасын берип, аларды «адам» деп атады.
3Адам 130 жашка келгенде, өзүнө окшош, өз бейнесиндей уулдуу болуп, ага Шет деп ат койду. 4Шет туулгандан кийин Адам 800 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 5Адам бардыгы болуп 930 жыл жашап, дүйнө салды.
6Шет 105 жашка келгенде, уулу Энош туулду. 7Андан кийин Шет 807 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 8Шет бардыгы болуп 912 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты.
9Энош токсон жашка келгенде, Кейнан туулду. 10Кейнан туулгандан кийин, Энош 815 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 11Энош бардыгы болуп 905 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты. 12Кейнан жетимиш жашка келгенде, Махалалел туулду. 13Андан кийин Кейнан 840 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 14Кейнан бардыгы болуп 910 жыл өмүр сүрүп, көз жумду. 15Махалалел алтымыш беш жашка келгенде, Жерет туулду. 16Жерет туулгандан кийин, Махалалел 830 жыл өмүр сүрүп, башка уул-кыздарды көрдү. 17Махалалел бардыгы болуп 895 жыл өмүр сүрүп, көз жумду. 18Жерет 162 жашка келгенде, Энох туулду. 19Андан кийин Жерет 800 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 20Жерет бардыгы болуп 962 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты. 21Энох алтымыш бешке келгенде, Метушелах туулду. 22Метушелах туулган соң, Энох 300 жыл бою Кудай менен жакын алакада жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 23Ал бардыгы болуп 365 жыл өмүр сүрдү. 24Энох Кудай менен жакын алакада жашап, анан жер бетинен кайып болду, себеби Кудай аны Өзүнө алып кеткен эле. 25Метушелах 187 жашка келгенде, Лемек туулду. 26Лемек туулган соң, Метушелах 782 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 27Метушелах бардыгы болуп 969 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн өттү. 28Лемек 182 жашка келгенде, уулдуу болду. 29«Жараткан Эгенин каргышына калган жердин азабы үчүн тарткан мээнетибизди бул бала жеңилдетет» деп, ага Нух#5:29 … Нух … – Нух деген ысымдын уңгусу эврей тилиндеги «нихам» деген этиштен алынган. Мааниси – «сооронуу». деген ат койду. 30Нух туулгандан кийин, Лемек 595 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 31Ал бардыгы болуп 777 жыл өмүр сүрүп, дүйнө салды. 32Нух 500 жашка чыкканда, уулдары Шем, Хам жана Жепет туулду.
Айни замон обунашуда:
Башталыш 5: КЫРИ
Лаҳзаҳои махсус
Паҳн кунед
Нусха
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018