Башталыш 12
12
Кудайдын Ыбрамга берген батасы
1Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди: «Тур да, элиңден, туугандарыңдан жана атаңдын үйүнөн чыгып, Мен сага көрсөтө турган жерге көч!
2Чыгарып сенден улуу эл,
Батамды берем сага Мен.
Даңаза кылып атыңды,
Башкага да төгөмүн,
Сен аркылуу батамды.
3Ким сага бата тилесе,
Батамды берем Мен ага,
Ким сага айтса каргышты,
Каргышым тиет ошого.
Дүйнөдөгү элдердин
Бардыгы ак батаны
Сен аркылуу алышат».
4Жараткан Эге айткандай, Ыбрам жолго чыкты. Лот да аны менен бирге кетти. Харандан чыккан кезде Ыбрам жетимиш беш жашта эле. 5Ошентип Ыбрам аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту ээрчитип, Харанда жыйган мал-мүлкүнүн баарын жана кишилерин алып, Канаан жерине жол тартып, акыры ал жерге жетти.
6Ыбрам ошол жерди аралап, Шекемдин жанындагы касиеттүү Море дарагына чейин жетти. Ошол кезде ал жерде канаандыктар жашачу. 7Жараткан Эге Ыбрамга көрүнүп: «Ушул жерди мен сенин укум-тукумуңа берем», – деди. Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жараткан Эгеге арнап ошол жерге курмандык жай курду. 8Анан Бейтел шаарынын чыгыш жак тарабындагы тоого барып, батыштагы Бейтел шаары менен чыгыштагы Ай шаарынын ортосуна чатырын тикти. Ошол жерге курмандык жай куруп, Жараткан Эгеге ийбадат кылды. 9Анан ал Негевге – түштүктү карай жолун улантты.
Ыбрамдын Мисирге көчүп барышы
10Анан Канаанга катуу ачарчылык келди, ал катуулагандыктан Ыбрам убактылуу жашап туруу үчүн Мисирге жол алды. 11Мисирге жакындап калганда, ал аялы Сарага мындай деди:
– Мен сенин ажарлуу аял экениңди билем. 12Мисирликтер сени көргөндө «бул анын аялы» деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат. 13Андыктан аларга: «Мен бул кишинин карындашымын», – деп айт. Ошондо сен үчүн мага жакшы мамиле кылышып, мен аман каламын.
14Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу экенин көрүштү. 15Фараон сарайындагы кызматчылар да көрүп, анын сулуулугун фараонго мактап барышты. Ошондо ал фараондун сарайына алынды. 16Фараон Сара үчүн Ыбрамга жакшы мамиле кылды. Ыбрам майда жандык менен кара малга, кул менен күңдөргө жана эшектер менен төөлөргө ээ болду.
17Бирок Ыбрамдын аялы Сара үчүн Жараткан Эге фараон менен анын үй ичине катуу мүшкүл салды. 18Ошондо фараон Ыбрамды чакыртып алып, ага:
– Эмнеге мага мындай кылдың? Эмнеге аны аялым деп айтпадың? 19Эмнеге аны карындашым дедиң? Ошол үчүн мен аны аял кылып алмакчы болгом да! Аялыңды ал да кеткин! – деди.
20Фараон адамдарына Ыбрамды аялы, колундагы мал-мүлкү менен чогуу Мисирден чыгарып салууга буйрук берди.
Айни замон обунашуда:
Башталыш 12: КЫРИ
Лаҳзаҳои махсус
Паҳн кунед
Нусха
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018